Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, мурдагы депутат Исмаил Исаков Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өкөрүү демилгесине карата өз оюн билдирди.

Бүгүн биз 2005-жана 2010-жылдардагы авторитардык, криминалдык үй-бүлөлүк бийликке каршы күрөштүн максаттарын ишке ашырууну улантып, демократиялык принциптердин негизинде мыйзам үстөмдүгүн орнотуу жолунда өнүгүүгө баратабызбы?

Же мурункудай эле эки ирет баскан «тырмоочту» дагы басып, мыйзамдардын талаптарын так аткарбай, алдыга жылгандын ордунда кырманды айлангандай тегеренип жүрө беребизби?

Ушу тапта бийлик билермандары 2010-жылы жарандарыбыздын төккөн канын эсинен чыгарып, биргелешип таап алган багытыбыздан айнытып, башка жолду көрсөтүп турушкан мезгил. Депутаттардын демилгеси, президенттин тикелей көрсөтмө - колдоосу менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду дайындоо мыйзамы коомдук талкууга чыгарылды.

Албетте, депутаттардын жеке тажрыйба, деңгээл, саясий көз карашынан чыгып, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча иш-аракеттеринен кынтык табыш кыйын. Долбоорду элдин талкуусуна алып чыгып ар кандай ой-пикирлерди, мактоо-сын сөздөрдү жагар-жакпасына карабай чыдап угалы дегендери да колдоого татыктуу.

«Талаштан тактык жаралат», деп бекеринен айтылган эмес. Тилекке каршы, саясий-моралдык жагын айтпай эле коёлу. Бирок депутаттардын демилгесине карама-каршы келген, алардын сунуш кылып аткан мыйзам долбооруна бөгөт койгон укуктук нормалар азыркы Конституцияда жана башка мыйзамдарда толтура. Эмнегедир эл өкүлдөрү аларды эске албастан, мыйзам долбоорун референдум аркылуу өткөрүү аракети жасалып аткан иштин легитимдүүлүгүнө сөзсүз шек келтирет. Анын үстүнө ал нормалар президент менен депутаттар үчүн мыйзамдык бөгөт, жалпак тил менен айтсак, чоң «тосмо».

Нечен жолу мурунку президенттердин шашылыш, апыл-тапыл элге таңуулап өткөргөн референдумдарынан көңүлүбүз калып, оозубуз сүткө күйгөн экен, азыркы демилгечи депутаттардын референдум өткөрүүгө бюджет кабыл алып жатканда атайын каражат каралбаганына, мыйзамдарда көрсөтүлгөн «тосмолорду» билип-билбей «аттап өткөндөрүнө» караганда, чын эле мунун артында дагы бир «мандем» бардыгы жана «бирөөлөрдүн» кызыкчылыктарына көбүр-ө-ө-к басым жасагандары жыландын башындай эле көрүнүп калды.

Эми укуктук нормалардын талаптарына токтолсок. Азыркы депутаттарга Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам жазганга, жогоруда белгилегендей, Конституциянын жана кээ бир мыйзамдардын нормаларынын талаптары боюнча мүмкүн эмес.

Президент дагы депутаттардын демилгесин колдоп-сүрөөрдө Конституциянын жана кээ бир мыйзамдардын нормаларынын чегинде иш кылышы керек эле. Эгерде Конституциялык палата ар кандай «басымдарга» туруштук берип, Конституциянын нормаларын так сактаса, депутаттардын бул демилгеси четке кагылышы керек эле. Себеби, бардыгы иштеп жаткан Конституцияга колдорун коюп, анын талаптарын так аткарабыз, мыйзамдарды бузбайбыз, дешип эл алдында ант беришкен. Баш мыйзамга кол коюп ант берип укуктук жоопкерчиликтерин бекитишкен.

Берген анттарынын негизинде чек ара жоокерлери чек аранын тилкесин кандай кайтарышса, алар дагы Конституциянын жана мыйзамдардын ар бир беренелерин башкача божомолдобой, буздурбай так аткарууга милдеттүү. Бул деген депутаттык мандат үчүн эгерде мынча добуш ала албасам сөзсүз мандатымды өткөрүп беремин, болбосо тигиниси же мунусу «урсун», деп ант беришип, анттарын видео тасмага тартып, мандат алгандан кийин бири-бири менен тытышып анттарынан баш тарткандай эмес. Айрымасы бар.

Ошондуктан мен мыйзам долбоорунун мазмуну боюнча ой-пикиримди, сунушумду кийинкиге калтырып, жогоруда айтылган «тосмолорго» гана токтоло кетейин. Бул жерде баса белгилеп кетчү нерсе, Конституция биздин эң чоң негизги мыйзам, баарыбызга тиешеси бар, эң жогорку юридикалык күчкө ээ мыйзам, өлкөдө ал тикелей, түздөн-түз колдонулат.

Ошого байланыштуу буга өзгөртүүлөрдү киргизүү процесстери дагы оорлоштурулган. Биз Конституцияга кайдыгер мамиле кылып жүрүп, эки төңкөрүштү өткөрдүк, канчалаган жарандарыбыздан айрылдык. Негизги мыйзамдардын талаптарын аткарбай Конституцияны тез-тез өзгөртүүгө ыкташкан эки президентибиз ушу күнгө чейин качып жүрүшөт. Мындай жолду кайталабаш үчүн кайдыгер мамилени токтотушубуз зарыл.

Анын үстүнө бүгүн жарандык позициябызды ачык айта турган учурду бийлик өзү Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү референдум аркылуу өткөрүү аркылуу жаратты. Ал эми багытыбызды эч кимге таңуулатпай, башка жакка бурдурбай ар бирибиз бийликтин бирден бир булагы болгон элибиз менен бирге өзүбүз тандашыбыз керек. Биздин баатыр элибиз эң жакшы заманда, мыйзамдардын үстөмдүгү орногон, өнүккөн өлкөдө, бакубат жашоого татыктуу.

Эмне үчүн депутаттарга жана ошону менен бирге 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси менен Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө азыркы учурда мүмкүн эмес жана бөгөт коюлган?

Себеби, Конституциянын 114-беренесинин 2-бөлүгүндөгү Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү депутаттардын укуктары Убактылуу өкмөттүн «Өткөөл мезгилдеги президенти» жөнүндө Декретинин 4-беренесинин талабы боюнча (ага Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары президент А. Атамбаев дагы колун койгон) 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып гана күчүнө кирет.

Бул норма Конституцияга киргизилип, референдум менен бекитилген. Демек, азыркы депутаттардын Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгелөөгө укуктары жок, мыйзам аркылуу референдум өткөрүп өзгөртүү киргизе алышпайт.

Ушул эле Конституциянын 5-беренесинин 3-бөлүгүндөгү «Мамлекет органдарынын адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт», деген норманын талабы боюнча Конституциялык палатаны бул жакка эле коелу, президент дагы, депутаттар дагы 2020-жылдын 1-сентябрына чейин бул норманы аттап өтө албайт, ыйгарым укуктарынын чегинен чыга алышпайт. Бул норма алар үчүн ч-о-о-ң«тосмо», жөн эле чо-о-ң «тосмо» эмес, Баш мыйзамдын жоопкерчиликке тарта турган «тосмосу».

«Жогорку Кеңештин регламенти» жөнүндө мыйзамдын 8-беренесинин талабынын негизинде депутаттар «Мен... Конституциянын жана мыйзамдардын нормаларынын талаптарын так аткарам…» - деп ант беришкен. Ал эми колдорун коюшуп ант берген Конституцияда депутаттардын өзгөртүү укуктары, жогоруда белгиленгендей, 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып гана иштей баштайт. Демек, депутаттар үчүн ушул маселе боюнча мыйзам жазуу укуктары 2020-жылдын 1-сентябрына чейин ж-а-бы-к. Жазгандары укуктук нормаларга туура келбейт. Бул берген анттарынан баш тарткандык…

«КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 58-беренесине ылайык президент «Мен… Кудайдын жана элимдин алдында… Конституциянын нормаларын так аткарууга ант берем», - деп берген антынын негизинде президенттин дагы 2020-жылга чейин өзгөртүү жөнүндө мыйзамды ачык колдоосу укуктук нормаларга дал келбейт.

Ушундай жагдайлардын негизинде элибиздин активдүү катмарлары демилгени кооптонуу менен кабыл алып, кээ бирлери ачык каршылыктарын айтып чыккандары негиздүү жана эң туура. Эгерде мындан кийин мыйзам бузууларга жол бербөөнү кааласак, биз 2010-жылы кан жолунда кабыл алынган, кыргыз тарыхында биринчи жолу туруктуулугу 6 жылга созулуп келе жаткан Конституцияны жамандыгына-жакшылыгына карабай көрсөтүлгөн мөөнөтү келгенге чейин коргоого баарыбыз милдеттүүбүз.

Мейли, бийлик аткаминерлери элибиздин ой-пикирин эске албай, анттарын дагы аткарбай, кандайдыр бир «таасирдүү күчтөрдүн» түрткүсү менен мурунку качкын президенттердин ыкмаларын колдонуп, күчкө салып, бийликтерин, каражаттарын жана башка мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, Конституциянын жана мыйзамдардын нормаларын четке кагуу жолдору менен референдумду өткөргөн күндө дагы кайрадан тез аранын ичинде Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы оркоюп чыгып калат. Себеби азыркы киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө кардиналдуу эч нерсе жок, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылбайт жана башка карама-каршылыктары өтө көп.

Референдум болгон күндө дагы бийлик үчүн көпчүлүктүн добушунун жарымынан көбүн алуу өзүнчө проблема болуп калат. Анда өткөрүү жолу бир гана - фальсификация. Эгерде, бурмалоо жолу менен өткөрүлсө анда:

Биринчиден,бүгүнкү бийликке нааразы болгондор, сот жана башка укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыр тарткандар, качкын президенттердин жакындары менен алардын жактоочулары биригишип, бир фронтто мыйзамдын талаптарын так аткарбаган бийликке каршы чыгышы реалдуу фактор болуп өлкөнүн стабилдүлүүгүнө чоң залалы тиет;

Экинчиден, 22,5 млрд. сомдук дефицити менен жыртык бюджет мындан катуу тытылып, бийликке каршы чыккандардын эле эмес, жалпы элдин нааразылыгын күчөтүүгө алып барат;

Үчүнчүдөн, Түркиянын тышкы иштер министри айткан күчтөрдөй тышкы тараптар өз максаттарына жетишүү үчүн ушундай абалдан сөзсүз пайдаланып, саясий кырдаалды күчөтүү үчүн бийлик менен элдин ортосуна «от» ыргытышына ыңгайлуу шарт түзүлөт;

Төртүнчүдөн, президентке мамлекеттик бийликти узурпациялап алды деп Конституциянын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, доомат коюлушуна жана коомчулуктун арасында Жогорку Кеңешти таратуу маселесинин көтөрүлүшүнө негиздүү шарт түзүлөт;

Бешинчиден, өлкөдө мыйзамдуулуктун үстөмдүгүнүн жоктугунан элибиз адилеттүүлүк жакка ыктап, шариат нормаларына көбүрөөк көңүл буруп, азыркы коом арасында ар кандай пикирлерди жараткан баннердеги жолго кээ бир диний уюмдар тарабынан үгүт иштери ачык дагы, тымызын дагы жүргүзүлүп, ал тарапка аскердик кадам менен түздөн-түз багыт алууга жол ачылат.

Ушундай кырдаалды жарата турган иш-аракеттер, президенттик шайлоого бир жыл калганда, анын мөөнөтү бүтөрдө кереги барбы? Менин оюмча кереги таптакыр жок.

Чындап эле А. Атамбаев өзү айткандай, кийинки президент ажыдаар болбосун десе анда ал, Конституцияны өзгөртүү эмес, башка мыйзамдарды Конституциянын нормаларына шайкеш келтирүү менен саясий эркти көрсөтүп, болочок президенттерге үлгү болуп кетиши керек. Эгерде ошого барам деп чын дили менен ниеттенип киришсе, шайлоого чейин бир нече маанилүү чараларды көрүшү керек. Алар:

1. Азыркы Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракетин токтотуп, референдум жөнүндө мыйзамды кабыл алып, андан кийин башка маселелер боюнча референдум өткөрүү 2020-жылдан кийин парламенттик же президенттик башкаруу системасынын керектиги, сот системасы менен бирге мүмкүн аймактарды ирилештирүү боюнча ж.б. стратегиялык маанидеги маселелер.

2.Конституциянын талаптарына чыгып президенттин кээ бир ыйгарым укуктарын кеңейткен, мисалы, тышкы жана ички саясатты аныктоо боюнча мыйзамын жокко чыгаруу менен мамлекеттик кызмат жана дин иштери боюнча мамлекеттик коммиссияны өкмөттүн карамагына өткөрүп берүү ж.б. указдарын мыйзамдар менен шайкеш келтирүү.

3. Өзүнүн аппаратындагы президенттин ыйгарым укуктарына кирбей өкмөттүн функциясына кирген маселелерди тейлеген, көзөмөлгө алган бөлүм жана бөлүкчөлөрүн толугу менен кыскартуу жана күзөт кызматынын санын азайтуу.

4. Батукаевдин өлкөдөн чыгарылышына түз жана кыйыр тиешеси бар мамлекеттик органдарынын адамдарынын жоопкерчиликтерин карап чыгуу.

5. Президенттик шайлоодо калыс болуп, шайлоону адилеттүү өткөрүүгө көмөк көрсөтүү.

Эгерде А. Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин жогорудагыдай ж.б. маанилүү маселелерди ишке ашырса, анда:

- болочок президенттин "ажыдаар болуусуна" бөгөт коюлуп, премьер-министрдин конституциялык кээ бир ыйгарым укуктары өз ордуна келип, бюджетке дагы кыйла жеңилдик болмок;

- өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылууга жетишкен мамлекет башчысы катары бааланмак;

- президент катары Конституциянын жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн сактап калуу аракеттери коомдо оң кабыл алынып, алдыдагы саясаттагы орду бекемделип, тегерегиндеги «шылуундардан» тазаланмак;

- Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары өзү катышып кабыл алган мораторий боюнча декретти коргоп, сөзүнө бекем турган жетекчи катары калмак;

- келечекте кандай башкаруу системасы болорун кыргыз тарыхында биринчи жолу жалпы эл аркылуу аныктап, ошого жараша Конституциянын долбоорун шашылбай даярдоого коомго мүмкүнчүлүк берилмек жана аны менен бирге мамлекеттин өнүгүү программасынын негизги багыттары аныкталмак;

- бийлик жетекчилеринин тынчтык, мыйзамдуу жолу менен алмашуусунун Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана Өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаева түзгөн пайдубалын бекитип, кемчиликтерге карабастан кызмат өткөрүп берүү маданиятын бир тепкичке жогорулатмак.

Исмаил ИСАКОВ, 2016-жылдын 22-августу

P/S. "Өзгөчө пикир" рубрикасына чыккан макалалар "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG