Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Салих: Текебаевдин камалышын куугунтук деп айтууга негиз бар


Мухаммад Салих.
Мухаммад Салих.

Өзбекстандык белгилүү саясий бозгун, “Эрк” оппозициячыл партиясынын лидери Мухаммад Салих Кыргызстанда паракорчулукка шектелип жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышын саясий куугунтук деп айтууга негиз бар экенин “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Оппозициялык партиянын үч мүчөсүнө кылмыш ишинин козголуп жатышы, бийлик каршылаштарына карата басым жасап жатат деген ойду күчөтүүдө. Албетте, анын күнөөсүн сот далилдейт. Бирок, соттор кимден көз каранды? Ошол жагы чоң маселе. Кыргызстанда эгемендүүлүктү алган жылдардан бери сакталып келаткан демократиянын духу бар. Мен ишенем, кыргызстандыктар чындык үчүн күрөшөт.

Башкы прокуратура орус жаранынын арызынын негизинде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кылмыш иш козгоп, кечээ Биринчи Май райондук соту аны эки айга камады.Текебаевдин тарапкерлери муну бийликтин өз атаандаштарына карата саясий куугунтугу деп атап жатат.

XS
SM
MD
LG