Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Президенттин мурдагы жансакчысы коррупцияны ооздуктайт


Улан Исраилов
Улан Исраилов

Убагында Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон Улан Исраилов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын башчысы болуп дайындалды.

Президент Алмазбек Атамбаев 10-мартта Улан Исраиловду Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрага орун басары даражасындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси кылып дайындоо жөнүндө жардыкка кол койду.

Исраилов буга чейин атайын кызматта такыр иштеген эмес. Азыркы кызматка дайындалганга чейин Ички иштер министрлигинин 7-Башкармалыгын жетектеп жаткан. Президенттин соңку кадрдык дайындоосу коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Улан Исраиловдин Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси болуп дайындалышы эң ириде чекисттер, милиция кызматкерлери үчүн күтүүсүз болгондой. Ички иштер органдарынын атын атагысы келбеген, Исраиловду жакындан билген кызматкери анын эмгек жолу тууралуу айтып берди:

- Милицияга киргенден кийин Кылмыш иликтөө бөлүмүндө иштей албай, улам-улам эле жаза ала берип кызматтан кеткен. Кийин кайра келип, күзөттө иштеп жүргөн. Ал жактан да кетип калып, Мамлекеттик күзөт кызматына кирген. Анан ошол жакта жүрүп, капитан наамы менен келип, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүн жетектеген. Бирок аны жамаат жакшы кабыл албай, ызы-чуу болгон. Ал жактан ИИМдин 7-Башкармалыгына чоңоюп кеткен. Ал ага чейин эч кимге белгисиз, милицияда кыйратып деле иштебеген адам болчу. УКМКда өмүрүндө бир күн да иштеген эмес. Оперативдүү кызматты түшүнбөйт, түшүнгөн да эмес.

Улан Исраилов (оңдо) кызматынан кеткен Бөкөнбай Казаковдун ордуна келди.
Улан Исраилов (оңдо) кызматынан кеткен Бөкөнбай Казаковдун ордуна келди.

Исраилов Бишкектеги Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө жетекчи болуп 2013-жылы дайындалып, бир жылдай гана иштеген. Жетекчилик иш тажрыйбасы жок, наамы кызматына туура келбеген адамдын дайындалышы жамааттын нааразылыгын жараткан.

2014-жылдан бери Ички иштер министрлигинин 7-Башкармалыгын жетектеп жаткан. Бул жашыруун башкармалык негизинен тымызын иштеп, оперативдүү кызыгууну, кандайдыр бир шек жараткан жарандардын артынан сая түшүп аңдып, алар тууралуу маалымат чогултуу менен алектенет.

“Прогресс” коомдук бирикменин жетекчиси Адил Турдукуловдун баамында, Алмазбек Атамбаевдин жанында жүргөндөрдү, ишеничтүү деп эсептегендерди жооптуу саясий кызматтарга өзүн сактоо максатында дайындап жатат:

- Бул дайындоо Атамбаевдин адистик кадрларга ишенбей турганын дагы бир жолу көрсөттү. Ал жансакчыларын, мисалы Болот Сүйүнбаевди Мамлекеттик күзөт кызматына жетекчи кылып дайындады. Ошол эле Икрам Илмиянов шоопур эле эмес, жансакчы да болгон, ал азыр кеңешчи болуп отурат. Атамбаев кадрларды дайындоодо биринчи орунга адистигин, тажрыйбасын эмес, өзүнө берилгенин, ишенгендерин коюп жатат. Бирок бул көрүнүш акыркы учурда өтө эле жайылып кетти. Экинчиден, бул дайындоолор түздөн түз келерки президенттик шайлоого байланыштуу. Ал эң биринчиден өзүн сактоону ойлоп жатат.

Былтыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп президент Атамбаевдин кеңешчиси Абдил Сегизбаев дайындалган эле. Анда да атайын кызматта жетиштүү тажрыйбасы жок адамдын дайындалышы боюнча сын-пикирлер айтылган.

Атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков улуттук коопсуздукка жооп берген башкы органга буга чейин деле четтен келген адамдар дайындалып келгенин эскерип, анын кесепети оор болгонун белгиледи:

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

- Убагында мурдагы президенттер деле УКМКга ага чейин бул системада иштебеген, башка мекемелерден келгендерди жогорку кызматтарга дайындап жатып биздин кызматтын кадыр-баркын кетирди. Экинчиден, анын арты эмне менен бүткөнү белгилүү. Кандай гана болбосун ар бир системада адистер иштеши керек. Коррупциягы каршы күрөш кызматтын башчысы адис элес эмес, тажрыйбасы мыкты кадр болушу керек. Бирок азыркы бийлик башчылары ушул жагын ойлобой, саясий кызыкчылыкты гана көздөп калды.

“Азаттык” президент Атамбаевдин соңку дайындоосу тууралуу президенттин аппаратынан комментарий ала алган жок. Коомдо жаралган доомат тууралуу президенттин бир катар санаалаш-пикирлештери комментарий берүүдөн жылуу-жумшак баш тартып коюшту. Башкаруучу Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Ринат Самудинов муну кадрларды жаңылоо саясаты менен түшүндүрдү:

- Кадр саясатындагы ушундай дайындоолор жаш кадрлары алып келүү деген максатта жасалып жатат. Мисалы, баш прокурорлукка Индира Жолдубаеваны дайындаганда деле кадрларды жаңылоо максаты болгон. Ким ишти алып кете алат, кимдин жөндөмү кандай деп өзү карап, өзү чечип жатышы мүмкүн. Себеби өзү тааныбаган, анын жөндөмүн билбеген адамдарды жумушка коё албайт да. Эми жаңыртуу-жаңылоо саясатын жүргүзүп жатат, колунан келгенин жасап жатат. Бирок Кыргызстанда кадр таңкыстыгы деген чоң көйгөй да бар.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин дагы бир жансакчысы Эркин Мамбеталиевге байланыштуу талкуу жаралган эле. Уюшма кылмыш топтун анабашы деп айтылган Мамбеталиев буйрутма киши өлтүрүүлөр боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Атамбаев бийликте турганда, алгач 2005-жылы, андан кийин 2010-жылы эки ирет абактан бошоп чыккан.

Мамбеталиевдин аты былтыр “Вечерний Бишкек” гезитине байланыштуу ызы-чууда айтылган. Басылманын ошол кездеги жамааты рейдерлик басып алуу болуп жатканын жана анын артында тургандардын арасында Мамбеталиев да бар экенин ачык эле жарыялаган. Бул чырга байланыштуу президенттин дагы бир ишенимдүү адамы, ошол кезде президенттик аппараттын жетекчи орун басары кызматында турган, убагында Атамбаевдин айдоочусу болуп иштеген Икрам Илмияновдун да аты аталган. Ушул чырдан кийин ал өз арызы менен кызматтан кеткен. Илмиянов былтыр парламенттик шайлоого Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен барган, бирок депутаттык мандат алгандардын катарына илинген эмес. Азыр ал президенттин кеңешчиси болуп иштейт.

XS
SM
MD
LG