Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:38

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Асылбек Жээнбековго үч бөлмө бириктирилип, бир кабинет даярдалып берилди. Парламенттин маалымат кызматы ага коноктор отура турган жай жана өзүнчө дааратканасы менен эс алуучу бөлмө да даярдалды деген маалыматты четке кагууда.

Биз барган маалда Жогорку Кеңештин үчүнчү кабатындагы 324-бөлмөнү беш адамдан турган усталар тобу шымаланып оңдоп-түзөп жаткан экен. Тактап айтканда, ичи толугу менен акталып-сырдалып бүтүп, кире беришиндеги бурчу тосулуп, чакан даараткана өңдүү жай даярдалып жатыптыр. Капталында коңшу бөлмөгө түз кире турган кошумча жаңы эшик дагы салынганын байкадык.

Үчпү же төрт бөлмөбү?

Иштеп жаткандар берген суроолорго жооп бербей, сүйлөшүүдөн караманча баш тартты. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, Жээнбековго ремонт болуп жаткан кабинеттин катарындагы үч бөлмө берилди. Ал Жээнбеков төрт кабинетти бириктирип алды деген маалыматты четке какты:

- Асылбек Жээнбековдун үчүнчү кабатка көчкөнү чын. Ал жерде үч бөлмө бириктирилип, ага кабинет даярдалганы да чын. Ал депутаттардын кабинетиндей эле кабинет. Мен барып өз көзүм менен көрүп келдим. Бир бөлмө кабылдамасы, ал эми калган эки бөлмө бириктирилип, бир бөлмө болгон, ал жерге өзү отурат жана келген меймандарга делген, төрт-беш киши чогулуп отура турган стол турат. Ошентип үч бөлмө бириктирилип, мурдагы төрагага эки бөлмөлүү иш бөлмө даярдалды. Анан өзүнчө конок тосуучу бөлмөсү, дааратканасы бар деген бул жалган маалымат.

Асылбек Жээнбековдун кабинети ушул жерде

Асылбек Жээнбековдун кабинети ушул жерде

Ибраим Нуракун уулунун маалыматы боюнча, Асылбек Жээнбековго берилген үч бөлмөдө буга чейин Жогорку Кеңештин аппаратынын Мамлекеттик кызмат жана кадрдык иштер боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери отурчу:

- Алар биринчи кабатка, иш башкармалыгынын жетекчисинин эки бөлмөлүү кабинетине көчүрүлдү. Мурдагы отурган жеринен кенен болуп калды. Ал эми иш башкармалыгынын жетекчиси болсо ошол эле биринчи кабаттагы орун басарынын ордуна барды. Орун басарынын болсо бул иш бөлмөсүнөн сырткары, Жогорку Кеңештин гаражында да кабинети бар экен. Аны ошол жакка котордук.

Эми мындан кийинки экс-спикерлер да Жээнбековдон эмнем кем деп алар дагы төрттөн кабинет ала баштаса эмне болот? Алардын баарына эс алуучу жайы менен үч-төрт бөлмөнү кайдан таап беребиз?

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Асылбек Жээнбековго даярдалган кабинетти көрсөтүп чыгууну убада кылган эле. Бирок Жээнбеков бөлмөсүнөн такыр чыкпай, атүгүл түшкү тамакка да барбагандыктан жана коноктор менен отурат дегендиктен кирип кыдыра алган жокпуз.

Ошондо Асылбек Жээнбековго үчүнчү кабаттан 321, 322 жана 323-кабинеттер берилген болуп чыгууда. Ал эми ушул тушта оңдолуп, даараткана салынып жаткан 324-бөлмөнүн сыртында иш башкармалыктын жетекчисинин орун басары Нурбек Кадыров деп жазылып турат. Бирок Кадыров парламенттин гаражындагы кошумча иш бөлмөсүнө көчүп кетсе, анда бул бөлмө кимге даярдалып жатат деген сурообузга жооп ала алган жокпуз.

Жээнбеков катардагы кабинетти чанганбы?

Жогорку Кеңештеги "Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын билдиришинче, Асылбек Жээнбеков спикерликтен түшкөндөн кийин 7-кабаттагы бөлмөсүн Чыныбай Турсунбековго бошотуп берип, өзү анын ошол эле кабаттагы кабинетине көчкөн. Бирок фракция лидери болуп дароо эле Иса Өмүркулов шайланып калгандыктан кайра эле кабинетти бошотуп берүүгө аргасыз болгон жана Өмүркуловдун 6-кабаттагы кабинетине барбай койгон.

Асылбек Жээнбеков менен президент Алмазбек Атамбаев

Асылбек Жээнбеков менен президент Алмазбек Атамбаев

Жээнбеков Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынан кенен, даарат алып намаз окуй турган өзүнчө жайы бар кабинет даярдап берүүнү талап кылган. Мурунку төраганын өзүнөн иш бөлмөсүнө байланыштуу жагдай боюнча комментарий ала алган жокпуз.

Асылбек Жээнбековго өзгөчө иш бөлмөнүн даярдалышы коомчулукта талкуу жаратты. Укук коргоочу жана коомдук активист Рита Карасартова парламентте ансыз деле орун тар экенин айтып, бир канча бөлмөнүн берилишин сынга алды:

- Өзүңөр билесиңер да “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен соттошуп, утуп алган депутатына бир канча убакыт кабинет жок деп, бошураак бөлмө табылбай жатпады беле. Анан ушундай кээ бирине кабинет табылбай жаткан кезде, башка бирөөлөргө бир эмес, үч-төрт кабинет табылып, бириктирилип, оңдолуп-түзөлүп жатат. Азыр эми төрт кабинетти бириктирип, эс алуучу, иштечү бөлмө деп жатыптыр. Эртең ал кетсе, бул бөлмө эмне болот? Ал ошол төрт бөлмөнү ээлеп отургудай, кайсы ишти кыйратты деген да суроо турат. Эми мындан кийинки экс-спикерлер да Жээнбековдон эмнем кем деп алар дагы төрттөн кабинет ала баштаса эмне болот? Алардын баарына эс алуучу жайы менен үч-төрт бөлмөнү кайдан таап беребиз?

Партиянын атына шек келет

Жээнбековдун парламенттеги кабинетине байланыштуу жоругун өзүнүн айрым партиялаштары да айыптап чыкты. Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Ренат Самудинов кимдир бирөөгө ашыкча шарттын түзүлүп берилишин орунсуз деп эсептейт:

- Парламентте эч кимге артыкчылык болбошу керек. Муну негизи Этика комитети карашы зарыл. Мен Жээнбековдун иш бөлмөсү тууралуу социалдык тармактардан окуп калдым. Чын, же чын эмес экенин так билбейт экем. Эгер чындап эле ошондой болуп атса, бул туура эмес. Шарт баарына бирдей болушу керек. Коомчулукка чыгып жаткандан кийин партиянын ичинде деле бул маселе каралат болушу керек. Жок дегенде партиянын аброюна шек келтирбегиле дегендей эскертүү ирээтинде айтабыз.

Жогорку Кеңеште адатта депутаттар чакан бөлмөлөрдө отурат, көп учурда эки адамдын кабылдамалары бир, кабылдамасы жоктору да бар.

Мурунку спикер Акматбек Келдибеков да иш бөлмөгө байланыштуу чыр чыгарган. Ал төрагалыктан кеткенден кийин 7-кабаттагы чоң залдардын бирин тосуп, ээлеп алган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG