Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри, “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов өлкөдөгү кырдаал жана андан чыгуунун жолдору тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Жети-Өгүздө, Жалал-Абадда жаңжалдар басылды. Бирок сиз кырдаал толук турукташа элек дейсиз. Сиздин мындай пикириңизге эмне негиз болууда?

Жекшенкулов: Ошол эле Жети-Өгүздүн тургундары президентке, премьер-министрге, спикерге кайрылуу жасап, 17-июнда сүйлөшөлү деди. Нарындык туугандар да 8-июнда чогулуп, жыйын өткөрүп, өкмөткө кайрылды. Жалалабаддыктар да бүгүнкү күндө... Абал кыйын азыр.

“Азаттык”: Кырдаалды толук турукташтыруу үчүн кандай чечимдер керек?

Жекшенкулов: Биздин мамлекетте кызыктай абал түзүлүп калды. Биз парламенттик өлкөбүз дейбиз. Бирок парламент эч нерсе чечпейт. Өкмөт эч нерсе чечпейт. Ошол эле кезде алар жасаган катачылыктарына, кемчиликтерине да жооп бербейт. Бүгүнкү күндө жоопкерчиликтин баары президенттин моюнуна илинди.

Менимче мамлекетти башкаруу системасында өтө одоно катачылыктарга жол берилүүдө. Президентти түшүнсө болот. Ал өзүнүн мөөнөтүндө кандайдыр бир аракеттерди жасап, муну салайын, тигини салайын деп жатпайбы. Бирок президенттен кийинки өкмөттүн мүчөлөрү, премьер-министр баш болуп, губернатор, акимдер эч нерсеге жооп бербейт.

Мына Жалал-Абадда окуя болду. Эмне үчүн ошол губернатор дейбизби, өкмөттүн өкүлү дейбизби, кайра алпарып отургузуп койду. Эгер элди башкара албаса, башка татыктуу жигиттер бар эле да. Ошол эле Жалал-Абадда эл баш ийип, сөзүн уккан. Же болбосо эмне үчүн Жети-Өгүздө болгон окуядан кийин облустук милициянын, райондук милициянын башчылары жоопкерчиликке тартылган жок?

“Азаттык”: Эми вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев башында турган комиссия түзүлдү. Мүмкүн ошол комиссиянын жыйынтыгы менен кадрдык чечимдер кабыл алынар?

Жекшенкулов: Эми Тайырбек Сарпашевге да, ушундай комиссияларга да эл ишенбей калган. Эмне себептен? Мына парламенттик системага өткөндөн бери бир канча убакыт өттү. Жогорку Кеңештин мөөнөтү аяктаганга бир жарым жылдай убакыт калды. Канча комиссиялар түзүлдү? Бирөө да бир иштин аягына чыккан жок. Мына Батукаевдин комиссиясы боюнча комиссиянын чечимдерин аткаруу үчүн бөлүнгөн он күн мөөнөт бүттү. Алардын чечимдеринин бири да ишке ашкан жок да.

“Азаттык”: Жети-Өгүздө кырдаалдын курчушуна криминалдык элементтер таасир эткени, аны басууга да ошондой лидерлер тартылганы айтылууда. Ал көрүнүп да калды. Бул коомдун криминалдашуусу, ак менен караны ажырата албай баратканыбы же саясий күчтөрдүн, анын ичинде бийлик, оппозициянын криминалды пайдалануусубу?

Жекшенкулов: Бул жерде көп маселе бар. Эң негизгиси - бийликтин алсыздыгы. Эл бийликке ишенбей калган. Экинчи жагынан, бийликте болобу, оппозицияда болобу, саясий топтор криминалды пайдаланууга аракеттенип жатат.

“Азаттык”: Азыркы бийлик криминалга каршы күрөштү күчөтөбүз, андан арылабыз деген ураанды чакырып, бийликке келген эле го...

Жекшенкулов: Азыр шахматта айтылгандай пат кырдаалы түзүлдү. Бир жагынан криминалга каршы күрөшөбүз дейт, экинчи жагынан аларды пайдаланышат.

“Азаттык”: Мындан биздин коом да моралдык жактан бузулуп баратпайбы?

Жекшенкулов: Ачык айтканда, саясий элита бузулуп бүттү. Эл жакшы. Кудайга шүгүр, пейли жакшы. Албетте эл ичинде да бузукулар бар. Бирок негизинен алганда, бүгүнкү күндө коом ойгонду. Мындай жашоого болбойт деп жатат. Кечээ жакында тегерек стол өткөрдүк, анда патриоттор бирикпесек болбойт, мамлекетти саздан алып чыгалы деген ойлор айтылды. Бул ойлор элден чыгууда. Ошон үчүн бийлик үстүрт саясатты жүргүзбөй, же бирөөгө күнөөнү жүктөбөй, ошол эле өкмөттүн мүчөлөрү жооп бериш керек.

Конституция боюнча премьер-министр бүгүнкү күндө ички, тышкы саясатка, экономика, коопсуздукка бүт жооп бериш керек. Премьер-министр болсо бүгүнкү күндө акырын жылма саясат кылып жатат, “мен эч нерсеге жооп бербейм, менин ыйгарым-укуктарым жетишпейт” дейт. Сиздин ыйгарым укуктарыңыз жетиштүү десем, акырын жогору жакты көрсөтүп коет, "менден көз каранды эмес" деп. Бул эмне деген сөз?

“Азаттык”: Чындыгында эле ошондой болуп жатпайбы. Азыркы өкмөт башчынын таяна турган фракциясы болбосо...

Жекшенкулов: Менимче фракциялардын лидерлери да саясатчылар. Эгер өкмөт башчы элдин таламын талашып, кайсы бир маселелерди принципиалдуу түрдө кабыргасынан коюп, элге чыкса, эл колдоп кетмек.

“Азаттык”: Анан эртеси күнү кызматтан алынып калмак...

Жекшенкулов: Анда ал чоң саясий фигурага айланып кетмек.

“Азаттык”: Тышкы саясатка келсек. Сиздин бул тармакта тажрыйбаңыз мол. Мына Кыргызстан менен Орусия жакындашууда. Бажы биримдигине баратабыз. Орусия менен тарыхый жана башка жактан жакындыгыбызда талаш жок. Бирок жакындашууда улуттук кызыкчылыктарды алдырып жиберип жаткан жокпузбу? Маселен, ошол эле ГЭСтерди курууда, ээлик кылууда...

Жекшенкулов: Эми бул жерде биздин экономикабыз, ички, тышкы саясий абалыбыз өтө кооптуу деңгээлге жеткенде, кандайдыр бир мамлекеттин этегин кармаганга мажбур болуп жатабыз. Мындай көрүнүштөр эл аралык саясаттын тарыхында арбын.

“Азаттык”: Өзүн-өзүн эптей албай калганда...

Жекшенкулов: Ооба, өзүн-өзү эптей албай калганда, кайсы бир күчтүү мамлекеттин этегин кармап, аракеттерди жасайт. Бүгүнкү күндө бизге башка инвесторлор келген жок да. “Кыргызгазды” иштетебиз, же болбосо Нарында ГЭС курабыз деп Орусиядан башка инвестор келген жок да.

Экинчиден, биздин мамлекеттик коопсуздугубуз абдан начар. Чек араларда эмне болуп жатканы белгилүү. Кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек аралары жарылуу алдында турат. Бул өтө кооптуу. Диний маселелер өтө курч. Ошон үчүн бүгүн кайдыгер эмес саясатчылар, коомдук ишмерлер биригип, элдин ишенимин кайтарып алышыбыз керек.

“Азаттык”: Регионалдык коопсуздукка байланыштуу оюңузга уланган суроо. 2014-жылдан кийин америкалыктар Ооганстандан чыга баштайт. Бирок америкалык дипломаттар Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч Ооганстандан эмес, ал өлкөлөрдүн ичинде деп айтып жатышат. Сиздин көз караш кандай?

Жекшенкулов: Мен ушуга кайсы бир деңгээлде кошулам. Ооганстандагы күчтөргө кайсы бир ири мамлекет акча берип, чоң саясат жасап, бул жакка баргыла дебесе, алар буякка келишпейт.

Экинчи жагынан, Борбордук Азиядагы саясий-экономикалык абалды келечектүү деп айтыш кыйын. Анткени кайсы мамлекетти караба көп туңгуюктар турат. Маселен, ошол эле Өзбекстанды алсак, ким келет? Кандай бийлик келет? Саясаты кандай болот? Экономикалык, коопсуздук саясатты кандай жүргүзөт? Казакстанды алсаң да ошондой эле көрүнүш. Түркмөнстан өзүнчө турат. Тажикстанда жакында шайлоо болгону жатат. Кайсы күчтөр жеңет? Кимге ким жардам берет? Рахмон бирде Орусияны карайт, бир Кытайды карайт, бир Иранды карайт. Региондо ушундай абал түзүлүп жатат.

Эң негизгиси, мамлекетибизди, коопсуздукту сактап калышыбыз ички саясатка байланыштуу. Ички саясат менен тышкы саясат өтө тыгыз байланышта.

“Азаттык”: Ички саясаттын уланышы тышкы саясат дегендей...

Жекшенкулов: Ооба, алар бири-бирине тыгыз байланышта. Ички саясатта көп нерсе туура эмес болсо, ал тышкы саясатка таасир этет. Мына тышкы саясатта канча аракет жасалса да эл аралык аброюбуз өскөн жок. Анткени ички саясатыбыз тынчыбай жатат.

Бийликтегилерге, өкмөткө, депутаттарга кайрылат элем, күнөөнү башка жактан издебегиле. Бийлик силердеби, элдин алдында силер жооп бересиңер. Ошон үчүн өзүңөр эмнени туура эмес жасап жатканыңарды талдап, колунан келбеген чиновниктерди кызматынан бошотуш керек.

Биздин трагедиябыз бийликтеги бүгүнкү чиновниктерде. Анткени алар элди, мамлекетти ойлобойт. Сөздү башкача айтат, ишке келгенде жеке кызыкчылыгын көздөп турат.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG