Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

«Русгидро» Кыргызстанды эл аралык сотко берүүгө камынууда


Орусиянын РусГидро ишканасы курган Нарындагы курулуштар.
Орусиянын РусГидро ишканасы курган Нарындагы курулуштар.

Орусиянын “Русгидро” энергохолдинги Жогорку Нарын каскадына жумшалган каражаттарга байланыштуу Кыргызстандын үстүнөн эл аралык арбитражга кайрылышы ыктымал. Бул тууралуу аталган компаниянын башчысы Николай Шульгинов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан аталган уюм короткон 37 миллион доллардын тегерегиндеги акчаны кайтарып бербесе, сотко арыз жолдонот.

Быйыл январда президент Алмазбек Атамбаев ГЭСтерди куруу боюнча Орусия менен мурда кол коюлган макулдашууларды жокко чыгарган. Келишим 2012-жылдын 20-октябрында түзүлгөн эле. Бирок ишке ашыруу созулуп жаткандыктан, аны токтотуу чечими кабыл алынган.

Орус тарап макулдашууга кол коюлгандан кийин алгачы жумуштарга 37 миллиондун тегерегинде акча сарпталганын айтып, Бишкек компенсация төлөшү керектигин билдирген. Маселени иликтөөгө депутаттык комиссия да түзүлгөн.

Улуттук энергохолдинг бул жаатта эл аралык көз карандысыз аудиттин жыйынтыгы чыккандан кийин “Кыргызстан кеткен акчаны төлөп берүүгө даяр” экенин өзүнүн расмий сайтына жарыялаган.

XS
SM
MD
LG