Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

Жураев: Оппозициянын көздөгөнү – бийлик


Бүгүн оппозициялык күчтөр Бишкекте митинг өткөрүп жатат. Оппозициянын көздөгөнү эмне? Бийлик менен оппозиция диалог кура алабы? “Азаттыктын” суроолоруна саясат таануучу Шайырбек Жураев жооп берди.

"Азаттык": Оппозициянын бул митинги тууралуу кандай пикирдесиз? Ага кандай баа берип жатасыз?

Шайырбек Жураев: Демократиялык өлкөдө каалаган саясий күчтөр нааразылыгын билдирип, митинг өткөрүүгө укугу бар. Мындай болуш керек, бизде болуп келген. Бул жерден эч кандай маселени көргөн жокмун.

Бирок коомубуздун жаман адаты – ар бир нааразылык акциясы сөзсүз түрдө ыңкылапка, бийликти алмаштырууга алып келет деген түшүнүк калыптанып калган. Бул такыр туура эмес жана коркунуч туудурган көрүнүш.

"Азаттык": Оппозиция коюп жаткан талаптар канчалык жүйөлүү?

Шайырбек Жураев: Оппозициянын талаптарын экиге бөлсө болот. Биринчиси – оппозиция айткан талаптар: Кумтөр маселеси, “Манас” аба майданы, Батукаев маселеси. Экинчиси – өздөрүнүн түпкү максаты. Чынын айтыш керек, бизде оппозициялык лидерлердин көргөн түшү – бийликке келүү. Бул ачык эле көрүнүп турат.

Алар койгон талаптардын жүйөсү бар. Кыргызстан экономикалык жактан оор абалда турат. Мисалы, Кумтөр чындыгында эле көйгөйлүү маселе. Бирок нааразылык акциясында миңдеген адамдарды чогултуп алып, кандай талаптарды койот, кайсы маселелерди чечет – бул башка маселе.

Менимче бул көчөдө чечилчү маселе эмес. Бул боюнча талкуулар жүрүп, дебаттар өтүш керек. Бирок бизде талкуулар өтпөй эле, көчөдө чечебиз деген түшүнүк басымдуулук кылууда.

"Азаттык": Айрымдар ушул тапта оппозиция менен бийлик бетме-бет отуруп сүйлөшүш керек, диалог зарыл дешет. Сиз кандай деп ойлойсуз?

Шайырбек Жураев: Диалог дайыма зарыл. Бирок бүгүнкү күндө бийлик менен оппозиция лидерлери гана чече турган маселе деп айтпайт элем. Болбосо Кыргызстанда эки гана күч бар, бул – саясат жана оппозиция дегенди билдирип калат. Бул – саясий жакырчылыктын белгиси.

Бизде партиялар көп. Ар кандай саясий күчтөрдүн башын бириктирип, радио, телевидение аркылуу коомчулук менен талкуулаш керек эле. Бирок саясий күчтөр бийликти гана көздөп турса, анда диалогдон эч качан майнап чыкпайт. Бирок диалог жүрө бериш керек, элге маалымат жеткирүүнүн бир механизми катары колдонулса болот.

"Азаттык": Оппозициянын курамын карап көрсөк, ашынган улутчулдар менен либерал-демократтардын биригүүсүндө кандай логиканы көрүп турасыз?

Шайырбек Жураев: Муну биз 2005-жылы да, 2010-жылы да көргөнбүз. Бири-бири менен тил табыша албаган адамдар биригип калса, бул бир гана нерсени билдирет – алардын максаты бир нерсеге жетүү эмес, бир нерсени жок кылуу. Аларды азыркы бийликке болгон нааразылык, таарыныч жана кызматка умтулуу гана бириктирип турат. Эгерде бир нерсе болуп, булар бийликке келип калса, булар бир апта да чогуу иштеше алышмак эмес.

XS
SM
MD
LG