Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:11

Кыргызстанда сот реформасы кыйынчылыктарга туш болду. Бир жагынан Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүн шайлоодо жаңжал чыкса, экинчи жактан Жогорку Соттун сотторун жаңылоодо укуктук жактан талаштуу жагдайлар пайда болууда.

Сот системасы буга чейин президенттин кол алдында болуп келген. Жаңы реформаларга ылайык, сот бийлигин түзүүгө президент, парламент, Сотторду тандоо кеңеши жана Соттордун кеңеши катышат. Бул жараянга Сотторду тандоо кеңешине мүчө болуу аркылуу жарандык коомдун өкүлдөрү да катыша алат.

Жаңы Конституцияга ылайык, жергиликтүү соттор президент жана Сотторду тандоо кеңеши аркылуу дайындалат. Ал эми Жогорку Сот жана Конституциялык палатанын сотторун дайындоо бир топ татаал.
Конституциянын талаптары бузулбаш керек. Бул жерде ар бир фракция өздөрүнүн өкүлдөрүн өткөрүп койду. Конституциянын мааниси боюнча аларды жарандык коом өзү көрсөтүш керек.
Курманбек Осмонов

Маселен, Жогорку Соттун судьясын шайлоо үчүн Сотторду тандоо кеңеши сынак өткөрүп, анда тандалып алынган талапкерди президентке сунуштайт. Президент өз кезегинде парламентке сунуштап, ал жерде шайланат.

Жогорку Соттун сотторун бошотуу андан да татаалыраак. Анткени Жогорку Соттун судьялары жашы келгенге чейин же Конституция белгилеген 70 жашка шайланат. Эгерде ал судьяларды бошотуу зарылчылыгы чыгып калса, анда Конституциянын 95-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ишке ашышы керек. Бул беренеге ылайык, сотторду бошотуу үчүн Сотторду тандоо кеңешинин президентке сунушу, андан кийин президенттин парламентке сунушу, соңунда депутаттардын 2/3 добушу менен чечим кабыл алыныш керек.

Пикирлер бирдей эмес

Азыркы мезгилде да ушул маселенин айланасында талаш-тартыш орун
алууда. Анткени коомчулуктун бир тарабы Жогорку Соттун азыр иштеп турган курамын бошотуу сот бийлигинин көз карандылыгына доо кетирет десе, экинчи тарап мурунку бийлик тушунда шайланган соттор кетип, сот бийлиги жаңыланууга тийиш деген пикирди карманууда.

7-апрель боюнча өтүп жаткан сот отурумунан бир көрүнүш.

7-апрель боюнча өтүп жаткан сот отурумунан бир көрүнүш.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев ушул маселе татаал болуп жатканын белгилейт:

- Мурда 70 жашка чыкканга чейин деп шайланып калган. Анан эми мыйзам кабыл алып, "жок, эми кайра шайлансын" деп жатат. Мындан кийин 5 жылдан кийин же 3 жылдан кийин кайра мыйзам кабыл алып, "болду, эми кайрадан шайлангыла" десе, мына ошол көз карандысыздыкка шек келтирип жатат. Ошон үчүн жакынкы күндөрү соттордун курултайы чакырылып жатат. Алар дагы ошол жерде оюн айтат да.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев бул татаал маселе Соттор жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу чечилгенин билдирет:

- Конституцияны күчкө киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын негизинде азыркы иштеп жаткан Жогорку Соттун соттору мөөнөтү бүткөнгө чейин эмес, алардын ордуна жаңы соттор шайланганга чейин гана иштешет. Ушул жобо мыйзамга кирди. Бул абдан чоң укуктук кыйынчылыкты түзгөн маселе болчу. Ошону менен бул чечилди.

Белгилүү болгондой Жогорку Сот 35 соттон турат.

Бир күндө чечилбейт

Данияр Нарынбаевдин айтымында, президенттин колунда учурда Жогорку Соттун соттугуна тандалып алынган 29 талапкер турат. Алар парламентке сунушталат. Парламентте алар шайланып ант бергенден кийин Жогорку Соттун азыркы сотторунун ыйгарым укуктары токтойт.

Курманбек Осмонов

Курманбек Осмонов

Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов Жогорку Соттун соттору Конституция жана мыйзамга ылайык кайра шайланыш керектигин белгилеп, ошол эле мезгилде Сотторду тандоо кеңеши да кайрадан түзүлүш керек дейт:

- Сотторду тандоо кеңешин кайрадан жаңыдан түзүп, шайлаш керек. Конституциянын талаптары бузулбаш керек. Бул жерде ар бир фракция өздөрүнүн өкүлдөрүн өткөрүп койду. Конституциянын мааниси боюнча аларды жарандык коом өзү көрсөтүш керек. Жарандык коомдун өкүлдөрү шайлаш керек.

Президент Роза Отунбаева сот реформасы капталдап кулап калганын айтып, аны жаңы президент шайланганга чейин жолго салууну сунуштап жатат. Бирок президент менен парламенттин ортосунда олуттуу жаңжал жана күрөштү жараткан бул маселенин оңой-олтоң жана тез арада чечилип калаары күмөндүүдөй.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG