Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

Кадыров: Беш жылда абал өзгөргөн жок


Улуттук оппозициялык кыймыл 11-апрелде Жалал-Абад шаарында курултай өткөргөнү жатат. Буга байланыштуу Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Кубанычбек Кадыров "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Кубанычбек мырза, апрель окуясына беш жыл болду. Мурдагы бийликтин кулашына да сиздин салымыңыз бар эле, бирок минтип кайра эле оппозицияда жүргөнүңүздүн себеби эмнеде?

Кадыров: Беш жыл мурун авторитардык, үй-бүлөлүк башкаруу системасына, коррупцияга, энергетиканын баасын көтөрүүгө каршы чыгып, жүздөн ашуун жигиттерибиз курман болушкан. Бирок ошол ыңкылап максатына жеткен жок, уурдалды.

Бүгүнкү атамбаевдик бийлик мурункулар жол салып кеткен коррупциялык схемага түшүп алды. 2010-жылы Ата-Бейитте ант беришти эле. Тилекке каршы, андагы айтылган сөздөр, берилген анттар унутулду. Мисалы, электр энергиясынын баасын эле айта турган болсок, тарифтер үч эселеп көтөрүлдү. Ал эми айлык, пенсия, пособиялар көбөйгөн жок. Коррупция күч алып жатат.

"Азаттык": Улуттук оппозициялык кыймыл курултай болот деп март айынын аягына белгилеген болчу. Эмне үчүн болбой калды?

Кадыров: Биз 31-мартта Жалал-Абадда Элдик курултай өткөрүүнү пландаган элек. Бирок 7-апрелде курман болгон азаматтардын арбагын сыйлап, курултайдын күнүн жылдырдык. Эми Элдик курултай 11-апрелде Жалал-Абадда болот. Анда мурда кабарлангандай эле төрт маселе каралат.

Биринчиси - эки ыңкылаптын максатына жетпегени, экинчиси - энергетиканын баасын мурунку калыбына алып келүү, тармактагы коррупцияны талкалоо. Үчүнчүсү - люстрация мыйзамын киргизүү, төртүнчү -Кумтөр алтын кенине байланыштуу маселе.

"Азаттык": Оппозициянын дарегине сын айтыла калып жүрөт. Мисалы, ички ынтымагы начар деген. Буга өткөндө УОКтун төрагасын шайлоо учурундагы пикир келишпестиктер да себеп болгонсуйт.

Кадыров: Ачык эле айтып коеюн, 23 жылдан бери оппозиция бир кичи автобуска толгон эмес. Ошондуктан оппозициянын ичиндеги пикир келишпестиктер - бул процесс, демократия. Мындай нерселер боло берет. Бирок бүгүнкү күнү биз бирдиктүүбүз. Кандай гана бийлик болбосун, оппозиция болушу керек. Антпесе бийлик өз билгенин кылат. Мурдагы президент Бакиевдин башкаруу режимине каршы чыгып жүргөм. Апрель окуясынан кийин мамлекеттик кызматта иштегениме карабай, Атамбаевдин бийлиги мурдагылардын жолуна түшүп алганына ачык каршы чыгып жүрүп, кайра оппозициядамын. Менин бир гана максатым: мамлекетибиз өнүксүн, элибиз өнүп-өссүн, жашоосу оңолсун, Кыргызстанда тынчтык болсун.

"Азаттык": Мына ушуга жетишүү үчүн оппозициянын бийликке кандай сунуштары бар?

Кадыров: Биз 12-мартта маалымат жыйынын өткөрүп, антикризистик программабызды элге алып чыгып жарыяладык. Андан кийин бийликтин бардык бутактарына жиберип, өзүбүздүн сайтыбызга да жайгаштырдык. Эми ошонун үстүндө иш алып барабыз.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG