Линктер

“Салык төлөөчүлөр парламентаризм үчүн” кыймылынын мүчөсү Рита Карасартова “Азаттыкка” маек куруп, Бишкек шаар мэри Албек Ибраимовдун киреше декларациясы ынандырбай турганын, андагы маалыматтар атайын комиссия тарабынан иликтенүүгө тийиш экенин айтты.

"Азаттык": Бишкек мэринин киреше декларациясы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бирок башка жетекчилерде деле мындай байлык толтура деген пикирлер да айтылып жатат. Албек Ибраимовдун кирешеси боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

Рита Карасартова: Ибраимовдун бай экенин баары эле билет, анткени кедей адам мэр боло албайт. Бирок Мамлекеттик кадр кызматынын сайтындагы киреше декларациясы, Каржы министрлигиндеги, Мамлекеттик салык кызматынын сайтындагы салыктар тууралуу маалыматтар ачык болушун биз, жарандык коом бир нече жылдан бери күрөшүп келатып ишке киргизгенбиз. Ачык-айкындуулук болуп, бай кишилерге да көлөкө түшпөсүн дегенбиз. Анткени, Кыргызстанда “таза иштеген киши байыбайт” деген түшүнүк бар да.

Бакиевдин майлуу-сүттүү мүлктөрүнүн баары Атамбаевге өткөн турбайбы деген пикир коомчулукта кала берет.

Мамлекеттик кызматкерлер туугандарынын кирешеси тууралуу да маалымат берүүгө тийиш. Бирок азыр андай жок. Мисалы, ал акчаны Албек Ибраимовдун аялы таап жаткандыр, жер тилкени күйөөсү алып жаткандыр. Азыр эми мамлекеттик кызматкерлердин туугандарынын кирешесин жеке инсан болгону үчүн жабык маалымат деп жаап салган.

Эгер Албек Ибраимов жерлердин баарын өз мээнети менен тапкан болсо, аялынын, балдарынын, башка туугандарынын тапкан кирешелерин ачып, коомчулукка жарыялашы керек. Ошондо гана ал демократияга, ачык-айкындуулукка даяр экенин көрсөтөт.

"Азаттык": Мэрдин декларациясында туугандарынын кирешеси тууралуу маалымат жок. Ошондой эле үйү, автоунаасы жоктугун белгилептир. Коомчулукта кызуу талкууланып жатканы – мурда Максимге тиешелүү болуп, кайра мамлекетке кайтарылган жер мэрге кантип тийип калган деген суроо ачык турат окшойт.

Рита Карасартова: Мына ушул маселе азыр дагы өлкөдө мыйзамсыздык өкүм сүрүп турганын көрсөтөт. Бул жер кантип, кимдин чечими менен тийгенин, улутташтырылган тизмеден кантип чыгып калганын, ушулардын баарын маалымат каражаттарына берип, коомдук комиссия түздүрүп, иликтемейинче, бул президент Атамбаевдин бетиндеги чиркөө болуп кала берет. Анткени, Акаевдин байлыгын Бакиев өзүнө тартып алган, Бакиевдин байлыгын азыр Атамбаев өзүнө тартып алды деп айтууга биз укуктуубуз. Маалымат элге ачык жарыяламайынча биздин мындай укугубуз бар болот.

"Азаттык": Ушул тапта социалдык тармактарда Ибраимов жерди Атамбаевге саткандан кийин борбор калаа башчылыгына келгени айтылып, бул экөөнүн ортосундагы байланышка көбүрөөк басым жасалып жатат. Ибраимов сатканбы же тартуу кылганбы деген суроолор да жок эмес.

Акаевдин байлыгын Бакиев өзүнө тартып алган, Бакиевдин байлыгын азыр Атамбаев өзүнө тартып алды деп айтууга биз укуктуубуз.

Рита Карасартова: Сатылса да, тартуу кылынса да документтерди караш керек. Эгер сатылса, беш күндүн ичинде 33 млн сом киреше тапкан Албек Ибраимов ошол жылы, жерин саткан жылы 10% киреше салыгын төлөөгө тийиш болчу. Бүгүн Албек Ибраимов салыкты убагында төлөгөнүн тастыктап берсин. Бул дагы мыйзамдуулуктун жарым-жартылайы.

Экинчиден, ага чейинки кадамы тууралуу сөз болот. Ал Атамбаевге саткан жерди кантип алган? Улутташтырылган тизмеден “Дастан” ишканасына таандык, Бакиевдер тартып алган жер кантип кайра Албек Ибраимовго тийип калды? Эмне үчүн улутташтырылган жер сатылган болсо, анда пайда мамлекеттик бюджетке түшпөйт? Бул суроолор толук иликтенип, ачыкка чыгарылмайынча эл ишенбейт. Мыйзамдуу деп миң айтса да ишенбейт. Бакиевдин майлуу-сүттүү мүлктөрүнүн баары Атамбаевге өткөн турбайбы деген пикир коомчулукта кала берет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG