Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков Жети-Өгүздөгү жана Жалал-Абаддагы кырдаал боюнча "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Жети-Өгүздөгү окуялардын мынчалык тез тутанып кетишине эмне себеп болду жана кырдаалды курчутпай калуунун кандай чаралары бар эле?

Келдибеков: Бүгүн премьер-министрдин Жети-Өгүзгө барып, эл менен жолугушуу учурунда бардык маселеңерди чечем дегени элдин социалдык-экономикалык талаптар менен гана чыкканын айгинелеп турат. Премьер-министр ушул кырдаалга жеткирбей 4-5 күн мурун барганда, маселе тынч эле чечилмек. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү – губернаторду кызматтан алганы да туура. Анткени губернатордун премьерге туура эмес маалымат жеткирип, баары жакшы, баары көзөмөлдө, он беш эле адам чыгып атат дегенинин негизинде ушул нерсе келип чыкты.

"Азаттык": 4-5 күндөн бери митингге чыккандарды ыкка көндүрүп, алар менен тил табышып сүйлөшө турган адамдын болбогондугу, бул - азыркы бийликтин кадр саясатын туура эмес жүргүзгөнүнүн кесепети деп айтылып жатпайбы, бул орундуу сынбы?

Келдибеков: Бул - ак сөз. Мен айтып эле жүрөм, кадр тандоодо “биздин адам” деген принциптен кетүү керек. Анын ордуна профессионал, кадыр- барктуу, колунан иш келген чечкиндүү кадрларды кызматка койсо, иш алдыга жылат. “Бул баланча партиядан, тигил түкүнчө партиядан” деп кыргыздын кыйын жарандарын бөлүп-жаруу кесепети ушуга алып келди.

Азыр бийлик бутактарында коалициялык көпчүлүктүн өкүлдөрү отурат. Ошол эле Көлдүн губернатору, Жети-Өгүздүн акими, өкмөт башчысы, прокуратура, сот системасынын жетекчилери - баары бир партия өкүлдөрү. Укук коргоо органдары да бир гана партиядан. Мындай болгон соң, жоопкерчиликти да алыш керек. Айыл өкмөттүн үчүнчү орун басары болууга деңгээли жетпеген акимдер бар. Ошондой деңгээлдеги өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бар. Алар маселени чечип, кырдаалды так жеткирүүгө жөндөмсүз.

Жалал-Абадда болуп аткан кырдаал деле ушундай. 8 айдан бери эл митингге чыгууда. Ошону чечиш керек болчу. Жергиликтүү бийликте тургандан кийин президенттин, премьердин алдына келип, “жоопкерчиликти башым менен алам” деп чечип кетиши керек болчу. Анын ордуна креслосун кайтарып олтурушат. Ошол кадр саясаты туура эмес жүргөндүктөн ушундай кырдаал түзүлдү.

"Азаттык": Маалымат каражаттары - ушул митингди уюштурганга катышы бар деп бир нече кишинин атын жарыялады. Анын арасында сиздин да атыңыз аталып жүрөт, Бекназаровду айтып жатышат. Сиздердин буга канчалык катышыңыздар бар?

Келдибеков: Биринчиден, социалдык-экономикалык маселени көтөрүп, аны бийликке жеткирип чыккандыгы үчүн Жети-Өгүздүн элин колдойм. Экинчиден, эл өзү уюштуруп, өзү чыгып, жада калса башка жактан баргандарды аралаштырбай жатканы бул – эл көтөргөн ошол маселенин бышып жеткенинин белгиси. Мен дайыма айтам: элдин митингге чыгышына эмне себеп болду, эмнеге чыгышты деген суроого жооп издеш керек. Ал эми бизде 20 жылдан бери адат болуп калган – ким уюштурду деген гана суроого жооп издешет. Маселе бышып, көкөйгө тиймейин, ким уюштурбасын эл митингге чыкпайт. Мен 26-майдан бери сырт жакта жүрүп калдым, кечээ гана учуп келдим. Анан тигил же бул уюштурду деген дооматтарды токтотуп, андагы жаралган көйгөйлүү маселелерди чечүү керек.

"Азаттык": Жети-Өгүз жана Жалал-Абаддагы окуялардын шартында күч органдары, бийлик катуу чара көрүшү керек деп демилге көтөргөндөр болуп жатат коомчулукта. Бийлик чындап эле ошого барыш керекпи же ал тескери натыйжа береби?

Келдибеков: Кандай гана күч колдонулбасын ал тескери натыйжага алып келет. Анын арты эмне менен бүтөрү башыбыздан өттү го. 2005-жылдагы 24-март, 2010-жылдагы 7-апрелди кантип унутабыз? Эл шайлаган бийлик, элдин сөзүн укпай – күч менен басам дегени туура эмес.

"Азаттык": Анан ошол эле кезде - Жети-Өгүз, Жалал-Абадда митингге чыккандар мамлекет тагдыры менен ойноп жатат, өз жоопкерчиликтерин сезбей, Кыргызстанды орго тартышууда деген пикирлер да айтылды. Кумтөргө кеткен жарыкты өчүрүү менен кыргыз экономикасына зыян келтиришти, Жалал-Абаддагы администрацияны басып алуу мамлекеттүүлүккө доо кетирет деп айтып жатышат...

Келдибеков: Албетте мамлекеттин туруктуулугу менен экономика тыгыз байланышта. Жети-Өгүздө болгон окуя быйылкы туристтик сезонду үзгүлтүккө учуратат деген кооптонуу жаратты. Ошол эле Кумтөрдүн иштебей, токтоп калышы да жакшы эмес. Бирок кен иштегени менен кыргызга пайдасы тийбесе, Жети-Өгүздө аргасы түгөнгөн эл акыры ушундай кадамга барды да. Беш күн бою үнү эч кимге жетпесе.

Андан тышкары парламент да күнөөлүү. Эл Конституциядагы өзүнүн укугунан пайдаланып, Жогорку Кеңешке биринчи жолу мыйзам киргизсе, аны карабаган биз да күнөөлүүбүз. Эгер эл киргизген мыйзамды карап атканда өкмөт мүчөлөрү келип, "Центерра голд" менен келишимди денонсация кылуу туура эмес, бирок ага альтернатива түзө турган сүйлөшүү жүргүзүп атабыз” десе эл деле түшүнмөк. Анын ордуна сүйлөшүп атабыз, минтип атабыз эле дешет. Эмне үчүн ал сүйлөшүүлөрдун маани-мазмунун эл билбеши керек? Эл кандай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билбегени үчүн көтөрүлдү да.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG