Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековго козголгон кылмыш иштер боюнча сот өкүмү чыкты.

Сот Келдибековго карата козголгон иштердин бири боюнча актап, экинчисине байланыштуу аны 3 млн. сомго айыпка жыкты.

Келдибеков соттун чечимин акыйкат болду деп айтып, ошентсе да адвокаттары менен жогорку инстанцияга кайрылуу же өкүмгө макул болуу жагын кеңешерин билдирди. Башкы прокуратура да мындан аркы турумун сот чечимин колго алгандан кийин аныктаарын айтууда.

Мамлекеттик айыптоочулар Келдибековго эки айып тагышкан. Прокуратуранын оюнча, Келдибеков 2010-2011-жылдары парламент төрагасы болуп турган учурунда Жогорку Кеңештин Москвада өкүлчүлүгүн ачуу токтомуна депутаттарды адаштыруу менен добуш бердирткен, анын натыйжасында мамлекетке 9 млн. сом зыян келген деп тапкан.

Ал эми экинчи иш боюнча, атап айтканда, Акматбек Келдибеков Салык кызматында жетекчи болуп турганда “Бизнес партнер” деген компания аркылуу “Аламүдүн базары" жана “Дордой плаза” ишканаларынын 1 300 000 сом салыгы өлкө бюджетине түшпөй калган деп айыптаган.

Натыйжада прокурорлор Акматбек Келдибековду он жылга кесип, үй-мүлкүн конфискациялоону соттон суранышкан эле.

Сотто төрагалык кылуучу Абдразак Боронбаев өкүмдү окуп жатып, Келдибековдун Салык кызматында жетекчи болуп турганда “Бизнес партнер” компаниясы аркылуу мамлекеттин акчасын кымырган деген иш далилденген жок деп, ал боюнча толук актады.

Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн ачылышында чындап эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп 3 млн. сом айыпка жыкты.

- Келдибековго карата баш коргоо чарасы өкүм күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылсын. Башкы прокуратура тарабынан мүлкүн камакка алуу боюнча чечимдер күчүн жоготсун. Сот өкүмүнө каршы болгондор он күндүн аралыгында Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылса болот, - деди судья Боронбаев.

Экс-спикер буга чейинки соттун чечими менен үй камагында болчу.

Акматбек Келдибеков журналисттерге соттун чечимине канааттанганын билдирди. Ал эми анын адвокаты Азимбек Бекназаров экс-спикердин толук акталышына мыйзамдык негиздер бар болчу деген ойдо:

- Бүгүн-эртең башка жактоочулар менен сүйлөшүп, бир чечимге келебиз. Бирок менин жеке пикиримде, сөзсүз түрдө апелляциялык арыз болот. Себеби Москвадагы ЖКнын өкүлчүлүгүн ачуу боюнча токтом депутаттарга таратылган эмес деп айтып койду. Бирок, сотко келген бир катар депутаттар документ менен тааныш болгонун айтып беришкен. Судья аны эске албады.

Мамлекеттик айыптоочу болсо сот чечимине өз көз карашын азырынча билдире элек. Мунун себебин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматкери Алманбет Абдраманов “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:

- Өкүм жаңы эле чыкты. Биз мамлекеттик айыптоочулар менен сүйлөшөбүз. Мындан ары кандай кылаарыбызды айтуу эрте, себеби өкүм биздин колго азырынча келе элек.

Саясий чечим болдубу?

Анткен менен коррупцияга байланышкан чуулгандуу кылмыш иштердин бири катары эки жылдан бери коомчулуктун назарында келаткан бул иштин жыйынтыгы түрдүү суроолорго жем таштады. Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев сот акыйкат чечим чыгарганынан күмөн санап тургандардын бири экен:

- Анда жанагынча байлыкты кайдан тапты деген суроого ким жооп берет? Бул жакшы өнөкөт эмес, биз жаман прецендентти түзүп атпайбызбы. Демек, элдин эсебинен жашагандар, акчаны кандай тапса да бийликтен пайдаланып, уурдай берсе болот турбайбы деген суроо туулат. Бул коррупцияга малынган соттордун иши, же билбейм, муну эмне деп түшүнүүгө болот?

Келдибековго карата сот өкүмү саясий чечим болду дегендер арбын. Маселен, укук коргоочу Качкын Булатовдун пикиринде, сот Келдибековду толук актап жибербесе да, ал ыраазы болгон чечим чыгарып берди. Экинчи жагынан бул чечим коомдук-сясий кырдаалды эске алуу менен чыгарылгандай. Таанымал саясатчынын саясий айдыңдан четтеши үчүн бул жетиштүү, ал эми катаал өкүм чыгаруу коомдук пикирди курчутуп, оппозицияны козголушуна кандайдыр бир шарт түзүп бермек дейт Булатов.

Сот учурунда Келдибековду мурдагы депутаттар, учурда көчө оппозициясынын катарында саналып турган саясатчылардын кыйла бөлүгү коштоп жүрдү. Алардын арасында жактоочусу Азимбек Бекназаровдон тышкары, экс-депутаттар Исмаил Исаков, Камчыбек Ташиев, ошондой эле азыркы депутат Талант Мамытов жана башкалар болду.

Келдибековго карата кылмыш иши 2013-жылы күзүндө козголгон болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG