Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

Тагдыры тайкы коалиция


Парламент
Парламент

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция тарады. КСДП фракциясы коалициядан чыгуусунун себебин “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестик болгонуна байланыштырды. Алар өз кезегинде КСДП чечимин өзүмбилемдик деп атап, Баш мыйзам коалицияны таратууга шылтоо гана болгонун белгилеп жатышат.

Бийликчил партиянын саясий альянсты бузушунун негизги себептери кайсылар? Жаңы коалициянын курамына кимдер кирет жана сыртта калгандар парламенттеги оппозицияны күчтөндүрөбү? Коалициянын кайрадан түзүлүшү Конституцияны өзгөртүү демилгесине кандай таасирин тийгизет?

"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн бул чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкууга Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков жана "Ата Мекен" фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов катышты.

Жаңы коалицияда кимдер болот?

Жаңы коалицияда кимдер болот?

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция тарап, учурда жаңы курамга кирчү фракциялар, парламенттик оппозиция, өкмөт, премьер-министр боюнча түрдүү жоромолдор айтылууда.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, коалиция тарагандан кийин “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс", “Бир Бол” фракциялары оппозицияда калса, мунун оң жагы да бар деп айтып жатышат. Күчтүү оппозициялык блок коомдогу саясий жараяндардын жүрүшүнө оң таасирин тийгизет дешет. Бирок "Ата Мекен", "Бир Бол" жана "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик оппозиция болуп бириге алабы?

Алмамбет Шыкмаматов: Биз оппозициялык маанайда, өзүбүздүн оппозициялык саясий ишмердүүлүгүбүздү толук кандуу аткара алабыз деп көзүм жетет. Анткени коалиция болуп биригүү балким кыйын, бирок оппозиция болуп биригүүгө эч кандай тоскоолдук жок. Анткени биз "Конституцияга өзгөртүү киргизүү бир партиянын авторитардык режимине алып келет, сот системасын көз карандысыздыктан ажыратат" деп жатабыз. Идея дегенде ошол коалиция түзүлгөндөн кийин коалицияга кирбегендин баары оппозициялык партиялар болуп калат. Бул Конституцияда бадырайып жазылып калган.

Биз оппозицияга барганда айла жоктон эмес, мына “Өнүгүү-Прогресс” менен Конституция боюнча пикирибиз бир, “Бир Бол” партиясында өз пикиринен тайбаган Мыктыбек Юсупович, Чолпон Жакупова деген саясатчылар менен оюбуз бир. Эгерде биз кээ бир маселелер боюнча керек болсо коалиция сунуш кылган долбоорлорун да колдоп беребиз. Оппозиция болдук, силер айткан сөздүн баарына караманча каршыбыз деген нерсе саясаттын эрежесинде жок.

Кээ бир маселелер боюнча керек болсо коалиция сунуш кылган долбоорлорун да колдоп беребиз. Оппозиция болдук, силер айткан сөздүн баарына караманча каршыбыз деген нерсе саясаттын эрежесинде жок.
Алмамбет Шыкмаматов

“Азаттык”: Рыскелди мырза, ошол эле учурда мародерчулук, Бакиев, Акаевдердин кызыкчылыгын коргоо деген айыптар айтыла баштады. Эмне үчүн президентке сын айтылган соң ушундай дооматтарга жол берилип жатат? Акаев менен Бакиевдин учурунда иштеп жүргөндөр азыркы бийлик сересинде жок деп сиз өзүңүз так кесе айта албасаңыз керек?

Рыскелди Момбеков: Туура, бар. Андайлар бар. Бул пикирге кошулам. Бирок бул мародерчулук боюнча маселе коалиция ыдыраганга чейин эле козголуп калган. Мына Алмамбет мырза экөөбүз ошол комиссиянын мүчөсүбүз.

Чын-чынына келгенде мен башында эле айткам, бул оюман бүгүн да кайтпайм, Баш мыйзам бул жөн эле бир шылтоо болгон. Баш мыйзам бул бир жылдан кийинки президенттин таймашка карата шылтоо болуп берген. Ошол бүгүн ачыкталып жатпайбы. Баш мыйзамдын эч кимге кереги жок экени көрүнүп калбадыбы. Баш мыйзам жөнүндө каршы чыккан партиялар сунушун бердиби?

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Тагдыры тайкы коалиция
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:05 0:00

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG