Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Куловдун токтомуна козголгон кылмыш иши ара жолдо


Феликс Кулов
Феликс Кулов

Феликс Кулов өкмөт башчы болуп турганда Улуттук гвардияга таандык жердин жана ал жердеги имараттардын жеке курулуш компаниясына берилиши боюнча козголгон кылмыш иш токтоп турат.

Башкы прокуратура бул факт боюнча эч кимге айып тага электиги белгилүү болду. 2006-жылы Улуттук гвардиянын 1,6 гектар жерин "ЮНИС-Курулуш" фирмасына берүү тууралуу токтомго ошол кезде премьер-министр болуп турган Кулов кол койгон. Ал мындай кылмыш иштин козголушун саясий басым деп айтып чыккан.

Башкы прокуратура Улуттук гвардиянын жеринин берилиши боюнча 2013-жылы октябрда “коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон эле. Анда аскер объекттерди жана алардын жерин менчиктештирүүгө тыюу салган мыйзам бузулганын айтып чыккан. Ошондой эле ал жердеги 1917-жылы курулган аскердик казарманын тарыхый-маданий эстеликтердин катарынан чыгарылышы жана бузулушу мыйзамсыз болгонун билдирген.

Андан сырткары прокуратура Мамлекеттик мүлк фондун Улуттук гваридиянын “ЮНИС-Курулуш” фирмасына берилген жеринин жана имараттарынын анык баасы 79 миллион сомдон ашса да, 46 миллион сомго гана сатып жиберген деп айыптаган.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

​Бул фактыны иликтөө үчүн прокуратурада атайын тергөө тобу түзүлгөн. Кылмыш иш козголгондон 1,5 жылга жакын убакыт өтсө да айып тага турган адамдар аныкталбагандыктан кылмыш иш токтоп калганы маалым болду.

Коомчулукта талкуу жараткан бул фактыны Жогорку Кеңештеги Коргоо жана коопсуздук комитети да караган эле. Аталган комитеттин төрагасы, “Республика” фракциясынын депутаты Алмазбек Батырбеков комитеттин башка мүчөсү, “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курмантай Абдиевге шылтап маалымат берүүдөн баш тартты:

- Бул маселени кароо тууралуу Курмантай Абдиев демилге көтөргөн. Ошол кишиден сурасаңар туура болот го.

Курмантай Абдиев менен байланышканыбызды ал дагы жооп берген жок.

- Мен эч нерсе айта албайм. Азыр башка иш менен алек болуп жаттым эле.

Коргоо жана коопсуздук комитеттин дагы бир өкүлү Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков да пикирин билдирген жок.

- Азыр силерге толук комментарий бере албайм. Бул маселени толук изилдеп көрүш керек. Биз муну комитетте карап, тапшырма бергенбиз. Бирок ал тапшырмалардын аткарылышы боюнча бизге маалымат берише элек. Балким кийинчерээк комментарий берербиз.

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов болсо өзү өкмөт башчы болуп турганда кол койгон токтому боюнча кылмыш иштин козголушун негизсиз жана саясий басым деп атаган.

Улуттук гвардиянын жерин алган “ЮНИС-Курулуштун” ээси - парламенттин мурунку депутаты Рахатбек Ирсалиев. Ирсалиев жердин берилишинде мыйзам бузулган деген дооматты жокко чыгарып келет. Жер тууралуу өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөн милдеттенмелердин баары аткарылганын билдирген. Ага ылайык, 300 орундуу беш кабаттуу казарма, 200 орундуу ашкана, клубу, медициналык-санитардык бөлүк жана чакан чайкана куруп бергенин айтып чыккан.

Байтемир Ибраев
Байтемир Ибраев

Мурунку башкы прокурор Байтемир Ибраев кылмыш иштин козголушу, тергелиши тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ага ылайык, кылмыш иш токтоду деген тергөө аяктады дегенди түшүндүрбөйт:

- Кылмыш иш козголду, демек сөзсүз бирөө камакка алынып, иш сотко жетет деп түшүнбөшүбүз керек. Коомдо резонанс жараткан, кайсы бир салмактуу саясатчы аралашкан фактылар коомчулукка билинип калса, эгер кылмыш иш козголбосо анда прокуратуранын, же дагы башка кызматтын өкүлдөрү алардан түшүнүк гана ала алышат. Эгер кылмыш иш козголсо, анда суракка ала алат, эгер көрсөтмөлөрүндө карама-каршылык чыкса беттештире алат, андан сырткары экспертизаларды дайындай алат. Эгер козголгон кылмыш иш токтоп калса анда булар дагы деле тергөө жүргүзүп жаткан болушу керек. Себеби мындай кылганга мыйзам жол берет.

2013-жылы Куловго ал премьер кезиндеги токтому боюнча кылмыш иштин козголушу бир топ күдүк ойду жараткан. Бийлик саясий соодалашууда Куловду ийге келтирүү үчүн ушундай кадамга барып жатат деген пикирлер айтылган. Эми минтип бул кылмыш иштин ары же бери болбой ара жолдо калышын айрым серепчилер саясий негизде эле козголгону анык болуп калды деп баалап жатышат.

XS
SM
MD
LG