Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Табып Зайналиевге каршы кылмыш иши ачылды


Ашым Зайналиев
Ашым Зайналиев

Милиция өз алдынча медициналык борбор ачып, онкологиялык илдеттерден жабыркагандарды дарылаган табып Ашым Зайналиевге Кылмыш кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз дарылоо) боюнча кылмыш иш ачты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалымат каражаттарында өтүшүп кеткен эмчек рагы менен ооруган 56 жаштагы аял менчик медициналык борбордо көз жумгандан кийин анын кызы дарылоо жүргүзгөн адамды айыптап чыккан. Зайналов бейтаптарды дарылоого лицензиясы жана медициналык билими жоктугун мойнуна алган.

Саламаттык сактоо министрлиги болсо Зайналов дарылаган 56 жаштагы аялдын өлүмү боюнча иликтөө башталганын билдирет. Министр Талант Батыралиев табыптар менен эмчи-домчуларды министрлик көзөмөлгө ала албай турганын айтты.

XS
SM
MD
LG