Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Македонияда парламенттик шайлоо өтүүдө


Македониянын Тетово шаарындагы бюллетень салуучу үкөк.
Македониянын Тетово шаарындагы бюллетень салуучу үкөк.

Македонияда эки жылга созулган саясий кризистен кийин 11-декабрда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өтүп жатат. 123 орундуу парламентке жетүү үчүн беш коалиция жана алты партия салышууда. Эртең мененки саат ондо шайлоочулардын 10% добуш бергени маалым болгон. Ал эми эки миллиондой калкы бар Македониянын 1,8 миллион жараны добуш берүүгө укуктуу.

Македонияда кырдаал 2015-жылы мыйзамсыз “тыңшоонун” айынан курчуган. Оппозиция мурдагы премьер-министр Николай Груевский башында турган бир катар мамлекеттик кызматкерлерди 20 миңден ашуун адамдын, анын ичинде полиция кызматкерлерин, сотторду, журналисттерди жана дипломаттарды тыңшаган деп айыптаган.

Европалык дипломаттардын кийлигишүүсү менен кырдаал жөнгө салынып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү макулдашылган. Апрелде президенттин тыңшоого шектүү делгендерге кечирим бергени кырдаалды кайра курчуткан болчу.

XS
SM
MD
LG