Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:30

Суу кодекси Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча Кыргызстан менен “Центерранын” ортосунда түзүлгөн кырдаалда саясатка айланды.

Суу кодексин өзгөртүүгө кимдер кызыкдар?

Суу кодексине негизинен мөңгүлүү тоолордо кен казуу ишине тиешеси бар өзгөртүүлөр сунушталган. Кыргыз өкмөтү мурдараак мыйзамга өзгөртүү киргизилбесе Кумтөр кенинин иши үзгүлтүккө учурарын билдирген. Ага ылайык, Суу кодексине өзгөртүү киргизүү менен Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсүн көчүрүү мыйзамдаштырылат. Анткени мөңгү буга чейин эле тоо тектери менен кошо башка жерге ташылып, ал эми көчүрүлгөн мөңгүлөр эрип, жок болуп жаткан.

Ушундан улам Суу кодексине өзгөртүү киргизүү сунушу коомчулукта “коррупциялык максатта жасалып жатат, бул мыйзам менен кыргыз өкмөтү “Центеррага” мөңгүлөрдү бузууга мыйзамдуу түрдө жол ачып берүүдө” деген пикирлерди жараткан. Жарандык активисттер, экологияны коргоочулар депутаттарды, жалпы коомчулукту Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө каршы турууга чакырык жасаган.

Суу кодексин өзгөртүү боюнча маселени мурдагы чакырылыштагы парламент бир нече жолу талкуулап, натыйжада долбоор кайра артка кайтарылган эле.

6-чакырылыштагы парламент кайра шайланып келгенден көп өтпөй Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке кайрадан сунушталды. 21-декабрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети бул маселени карамак. Бирок ошол эле күнү өкмөт депутаттардан Суу кодексин талкуулоону токтото турууну суранып, муну эксперттик топ долбоорду даярдап бүтө электигине негиздеди.

Давыдо мөңгүсү

Давыдо мөңгүсү

Парламенттин акыркы эки чыгарылышындагы депутаты, Суу кодексине өзгөртүү киргизүү, мөңгүлөр боюнча атайын комиссиянын курамында иштеген депутат, учурда Отун-энергетика жана тоо-кен тармактары комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө каршы чыгып келет. “Азаттыкка” курган маегинде депутат мындай пикирин төмөнкүчө негиздеди:

- Мен мөңгүлөрдүн бузулушуна каршымын. Ансыз деле Кумтөр алтын кениндеги Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү калган жок. Мен аны өз көзүм менен көрүп келгем. Аны алып, башка жакка ташып коюп жатабыз дешет. Андай деле болгон жок. Лысый менен Давыдовду талкалабаса, алтын алынмак эмес. Бул боюнча эксперттер да өз баасын берип жатышат. Азыр алар иштеп жатышат. Биздин комитет кышкы мезгилде барып, мөңгүнүн азыркы абалын көрүп келели деген оюбуз бар.

“Мөңгүлөрдү коргоо” боюнча жарандык демилгенин башчысы, эколог Динара Кутманова коомчулукту Суу кодексин өзгөртүүгө каршы турууга чакыргандардын бири. Ал аталган мыйзам долбоорунун артында коррупция жатат деп эсептейт:

- Азыр эми Суу кодексине эмнеге өзгөртүү киргизип жатышат? Анткени, мыйзамды өзгөртүп берип, “Центеррага” мөңгүлөрдү талкалоого жол ачып беришет. Жыйырма жылдан бери ансыз деле эч кандай жоопкерчилиги жок иштеп келатышат. Дагы он жыл иштейбиз деп жатышат. Жаңы мыйзам кабыл алынса, экологиялык зыяндарга “Центерра” эмес, Кыргызстан күнөөлүү болуп калат.

Динара Кутманова Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча жүргүзүлгөн бир катар мамлекеттик жана көз карандысыз комиссияларда эксперт катары катышкан.

15 жылда башка мөңгүлөр 10 метрге эрисе, Кумтөрдүн айланасындагы мөңгүлөр 30-40 метрге чейин эриген.

Белгилүү болгондой, 2013-жылы Кумтөр келишими боюнча мамлекеттик комиссия иликтөө жүргүзгөн. Курамына бир катар депутаттар, министрлер, коомдук уюм өкүлдөрү кирген комиссия Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой турганын, бир катар мыйзам бузуулар менен түзүлгөнүн аныктаган эле. Андыктан комиссия өкмөткө "Центерра Голд" менен Кумтөргө байланыштуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоону сунуштап, жаңы келишимде экологияга келтирген зыян үчүн компания жылына Кыргызстанга төлөп жаткан 310 миң доллар аздыгын, бул сумманы көтөрүш керектигин, рекультивация иштерин азыркыдай кыргыз тарап эмес, ишкана өзү жүргүзсүн деген талаптар камтылган корутунду чыгарган. Анда салык жана башка төлөмдөр да Кыргызстандын азыркы мыйзамдарынын негизинде жүрүшү керектиги белгиленген болчу.

Динара Кутманова ошол мамлекеттик комиссиянын корутундусу “Центерра” тарабынан аткарылбай, кыргыз өкмөтү аны бекем көзөмөлдөй албай жатканын кошумчалады:

- Ошол корутундуда көп нерсе жазылган. 500 беттен ашык болчу. Мен эксперт катары өзүм жазган корутундуда эле экологияга келтирилген зыяндар, алардын ордун толуктоо тууралуу “Центерраны” милдеттендирген беренелерди жазгам. Ошону өкмөт сайтына ачык жарыялап, анын "Центерра” тарабынан эмнеси аткарылды, кайсынысы аткарылбаганын коомчулукка маалымдап турууга тийиш эле. Бүгүнкү күнгө чейин мунун бирөө да жасалган жок. Албетте, өкмөт текшерип, талап кылбаса, “Центерра” милдеттенмелерин аткарбайт да.

Өкмөт "Центерра" менен башкача сүйлөшөт

22-декабрь күнү өкмөт Канаданын “Центерра Голд Инк” компаниясы менен Кумтөр долбоору боюнча 2014-жылдын 18-январында кабыл алынган келишимди аткаруу боюнча сүйлөшүү процессинен чыгарын жарыялады. 23-декабрда премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңешке келип, өкмөттүн чечими боюнча маалымат берди. Сариев сүйлөшүүдөн чыгууга сүйлөшүү быйыл апрелден бери жакшы жүрбөй, жыйынтыксыз келатканы себеп болгонун маалымдап, “Центерра” Кумтөрдү иштетүү боюнча алган милдеттенмелерин аткарбай жатканын белгиледи.

Темир Сариев

Темир Сариев

17-декабрда Торонтодо “Центерра Голд Инктин” директорлор кеңеши кезексиз жыйын өткөрүп, анда 4,6 миллион кошумча акция чыгаруу милдетин талкуулаган. Бул тууралуу баса белгилеген Темир Сариев кошумча акция чыгаруу Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшүн азайтарын да айтып кетти:

- 17-декабрда директорлор кеңеши чакырылган. Алдын ала маалыматтарда финансылык туруктуулук жөнүндө маселе каралышы керек болсо, жыйында 4,5 млн. акцияга кошумча эмиссия чыгаруу тууралуу чечим чыгарып койгон. Ал жердеги биздин үч мүчөбүз каршы чыккан. Бирок аларды укпай, көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алып койгон. Биз муну угарыбыз менен аларга дароо каршы кат жолдодук. “Кыргызалтын” ишканасы да акционер катары бул чечимге каршы кат жолдоду. Өкмөт дагы акционер катары буга каршы экенибизди билдирип, чечим кабыл алып, Торонтого кат жаздык.

Премьер-министр тез аранын ичинде кыргыз тарап өзгөртүүгө барбаса, “Центерранын” кылган иши Кыргызстандын кызыкчылыгына жатпай каларын кошумчалады:

- Булардын негизги максаты – Кумтөрдөгү биздин үлүшүбүздү азайтуу деп түшүндүм. Кошумча акция чыгаруунун кесепетинен биздин үлүшүбүз 0,6% азаят. Мурда 32,7% болсо, азыр 32,1% болуп калат. Биз ошол үчүн каршы чыктык.

23-декабрда болсо “Центерра Голд Инк” компаниясы Кыргызстандын бул чечимине жооп берип, Кумтөр долбооруна байланыштуу маселелердин баары эл аралык арбитраждык сотто каралып, чечилиши керектигин эскертти. Компания өз маалыматында 2009-жылкы инвестициялык макулдашуулардагы милдеттенмелерди да эске салган жана ошондой эле “Центерра” бул документти убагында Кыргызстандын бардык тийиштүү органдары жактырганын белгилеп кеткен.

Кумтөр кени

Кумтөр кени

“Центерранын” кошумча акция чыгаруу дымагынан соң Суу кодексин кароону өкмөт тарабынан убактылуу токтотуу аракети да канадалыктардын Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иштеп жатканынан улам болушу ыктымал деген пикирлер арбыды. Анткени, мурдараак өкмөт тескерисинче Суу кодексине өзгөртүү киргизилбесе, Кумтөрдө алтын казуу токтойт, бул мамлекеттин бюджетине түшүп жаткан каражаттын кескин кыскарышына алып келет деп бекемдеп келген.

Биз жогоруда белгилегендей, учурда Кумтөрдө кен казуу ачык түрүндө жүргүзүлөт, муздарды талкалап, башка жакка жылдыруу менен кен казууга “Центеррага” парламенттин макулдугу менен өкмөт 2015-жылдын аягына чейин уруксат берген. Саналуу күндөрдөн кийин бул мөөнөт аяктайт. Уруксат узартылбаса, 1-январдан тарта кен казуу токтойбу деген суроого “Кумтөр оперейтинг” ишканасынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Мирлан Кимсановдун жообу төмөнкүдөй болду:

- "Кумтөр" ишканасы кичинекей агрегат эмес, бир кнопканы басып эле токтотуп койгондой. Токтоткон күндө да, кайра аны ишке киргизүүгө бир топ чаралар, бир топ каражат кетет. Адистер муну жакшы билет. Анткени бул өтө татаал, орчундуу ишкана.

Кумтөрдүн айланасындагы мөңгүлөр бат эрүүдө

Жакынкы күндөрү парламент мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу маселени кеңири отурумунда карамакчы. Анткени Суу кодексине өзгөртүү киргизүү менен мөңгүлөрдү мыйзамдуу түрдө бузууга жол берилет деген пикирлер буга чейин да айтылып келген болчу.

Суу кодексине эмнеге өзгөртүү киргизип жатышат? Анткени, мыйзамды өзгөртүп берип, “Центеррага” мөңгүлөрдү талкалоого жол ачып беришет.

Мыйзам долбоорунун авторлору буга жол бербеш үчүн мыйзамга стратегиялык ишканаларга гана тиешелүү деп жазууга макул болушкан, алардын айтуусунда бул аныктама менен мыйзам Кумтөргө гана тиешелүү болуп чыкмакчы. Анткени стратегиялык ишканалардын тизмесинде азырынча Кыргызстанда мөңгүлүү тоолордо иштеген жалгыз гана Кумтөр бар. Мурдараак, Кумтөр алтын кенин иштетүүдөн мөңгүлөргө тийип жаткан зыянды аныктоо үчүн атайын эксперттерден, окумуштуулардан турган өкмөттүк комиссия түзүлүп, аталган комиссия Кумтөр алтын кенин иштетүүдөн өлкөдөгү мөңгүлөр 6% гана жабыркарын аныктаган.

Ал эми эколог Динара Кутманова бул корутунду менен макул эмес. Анын айтуусунда, Европадагы мөңгүлөрдү спутниктен иликтөөчү илимий институт 1998-жылдан 2013-жылга чейинки 15 жылда Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү ошол эле аймактагы башка мөңгүлөргө караганда тездик менен эрип жатканын маалымдаган:

- Баш кеңсеси Гренландияда турган илимий институт бизге бул тууралуу сүрөттөрдү да жиберген. Ошол жерден деле көрүнүп турат: Кумтөр кени иштетилген жердеги мөңгү менен андан алыс жайгашкан мөңгүлөрдүн абалы. 15 жылда башка мөңгүлөр 10 метрге эрисе, Кумтөрдүн айланасындагы мөңгүлөр 30-40 метрге чейин эриген. Алтын казуудан мөңгүлөргө зыян келген жок, деген маалыматтар таптакыр туура эмес.

Ошентип, азырынча Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кароо белгисиз мөөнөткө токтотулду. Айрым эксперттер Суу кодекси Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча Кыргызстан менен “Центерранын” сүйлөшүүсүндө белгилүү деңгээлде кайсы бир тараптын кызыкчылыгы үчүн курал болуп берүүсү ыктымалдыгын да айтышууда.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG