Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:11

Курултай институту коомдук милдеттерди аркалашы керекпи, же мамлекеттик структура катары жашоосу зарылбы?

Курултай институтун киргизүү кош бийлик түзүү аракетинен келип чыгууда деген көз караш сизди ынандырабы?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов менен Улуттук улуу курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев жана талдоочу, саясат таануучу Жолборс Жоробеков катышты.

"Азаттык": Жогорку Кеңеш "Элдик курултайлар жөнүндөгү" мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Бул долбоор депутаттар Кенжебек Бокоев менен Каныбек Иманалиевдин долбоорлорунун негизинде бириктирилип, биринчи окуудан өткөн экен. Жалпыга маалым элдик курултайлар темасы көптөгөн талаштарды жаратып келатат.

Ушундан улам адегенде долбоордун курултай деген жобосун окуп койсом. "Курултай жергиликтүү жамааттын жашоо турмушунун мамлекеттик жана коомдук турмуштун иштерин талкуулоо жолу менен башкарууга республикалык жана жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана ал боюнча чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусунун өкүлчүлүк түрү" деп айтылып атат. Сиз чечмелеп берсеңиз, жөнөкөй эл муну кантип түшүнүш керек?

Өмүрбек Абдрахманов: Курултай институту бул коомдо жаңы нерсе эмес. Мындан эки жарым жыл мурунку Грецияда демократиялык система орногон. Ошондо шаардагы, аймактагы бир дагы маселе адамдардын катышуусуз чечилчү эмес. Ошентип адамдар канчалык көп катышкан сайын, мамлекет ошончо өркүндөгөн. Адамдардын демилгесин көтөрүп, коомдук ишке баарын катыштыруу жакшы нерсе болуп эсептелет.

"Азаттык": Бул коомдук уюм катары эсептелеби, же мамлекеттик расмий түзүлүш болуш керекпи?

Өмүрбек Абдрахманов: Расмий түзүлүш болбош керек. Бул комдук демилге гана болуш керек. Анткени курултайдан башталган. Азыр эң чоң курултай бар, азыркы тил менен айтканда парламент деп койот.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Кадыр Кошалиев: Элдик демилге менен даярдалган биздин вариантта курултайга мындай аныктама берилген: курултай - эл бийликтин ээси экенин аныктап турган байыркы ата-бабалардан калган асыл-мурас, жамааттык эл башкаруу институту. Республикалык жана жергиликтүү маанидеги көйгөйлүү маселелерди талкуулап, алар боюнча чечим кабыл алуу үчүн эл өкүлдөрү катышкан жыйын деп аталат.

"Азаттык": Жолборс мырза, бүгүнкү курултайдын максаты жана орду кандай болуш керек, бул керекпи?

Жолборс Жоробеков: Курултай деген институтка көптөн бери өзүмдүн көз карашымды билдирип келатам. Жакында эле Көлдө, Таласта, Ошто болуп келдим. Ушул курултайды жөн эле койсок. Анткен себеби Жогорку Кеңешти шайладык, ушунун өзү курултай да. Булар мыйзамды да чыгарат, көзөмөлдөйт жана курултайга тиешелүү маселелер ошондо каралат.

Айыл, район, облустук кайсы бир маселелер боюнча, же Манастын 1000 жылдыгын чечели дегенде чогулса. Булар айтып атпайбы, биз президенттин ишин көзөмөлдөйбүз, Жогорку Кеңештен, өкмөттөн отчет алабыз деп. Азыр айылда бири-бирибизге баш ийбейбиз. Мына ошондо чатак болот.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG