Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Ташиев: Үчөөбүздүн бирибиз президенттикке аттанат


Солдон оңго: Келдибеков, Мадумаров, Ташиев.
Солдон оңго: Келдибеков, Мадумаров, Ташиев.

Бул тууралуу “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 30-ноябрда маалымат жыйынында билдирди. Ал Ташиев да, Келдибеков да, Мадумаров да президент болуп, мамлекет башкарууга толук жарачу саясатчылар экенин белгилеп, бирок үчөө кеңешип, үчөөнүн бирөөнү келерки жылы президенттик шайлоого алып чыгышарын маалымдады.

Камчыбек Ташиев ошондой эле “Республика – Ата Журт” партиясы бөлүнгөнүн, ушундай аталышта мындан ары шайлоого катышпастыгын ырастады. “Ата Журт” партиясы өз алдынча кийинки шайлоого барат. Ташиев “Республика” партиясы менен чогулуп, бирге болуудан зыян тартышпаганын кошумчалады.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясын лидери Адахан Мадумаров, “Ата Журт” партиясын жетектеген Камчыбек Ташиев жана мурдагы спикер Акматбек Келдибеков расмий биригишкенин, саясатта мындан ары чогуу иш алып барарын билдирип, ушул тапта маалымат жыйынын өткөрүүдө.(SJ/ZKo)

XS
SM
MD
LG