Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Кыргыз тили качан мыйзамдын тили болот?


2017-жылдан баштап кыргыз тилин эне тилим деп эсептегендер аны белгилүү бир деңгээлде билбесе мамлекеттик кызматка алынбайт.

2017-жылдан баштап кыргыз тилин эне тилим деп эсептегендер аны белгилүү бир деңгээлде билбесе мамлекеттик кызматка алынбайт.

10-мартта Жогорку Кеңеште өткөн «Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тил маселелери» конференциясында мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу жаатында бир топ талылуу маселелер козголду.

Мамлекеттик тил бийликтин жогорку тепкичтеринде эмне үчүн натыйжалуу иштей албай жатат, анын өнүгүшүнө кандай тоскоолдуктар болууда, келечеги эмне болот?

Катышуучулар: Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары Алмаз Кулматов жана философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшов.

"Азаттык": Каныбек мырза, мамлекеттик тилге байланышкан, анын ролун жогорулатуу боюнча буга чейин деле мамлекеттик деңгээлде чоң иш чаралар өтүп, бирок анын натыйжасы иш жүзүндө көрүнбөй келген. Бул конференциядан жыйынтык чыгат деп ойлойсузбу?

Каныбек Иманалиев: 1991-жылдан бери кыргыз тилинде мыйзам жазып келатабыз, бул канчалык денгээлде ишке ашты, ага эл өзү баа берсин. Бирок бул убакка чейин мыйзамдардын көпчүлүгү орус тилинде жазылып, анан кыргыз тилине которулуп келди. Эми биринчи кезекте мыйзамды мамлекеттик тилде жазып, кыргыз тилин толук кандуу иштешине шарт түзүү максаты болууда. Мамлекеттик тил боюнча али көп маселелер бар, ошолор айтылды. Бүгүнкү конференция тилди өнүктүрүү боюнча коомчулуктун көңүлүн бурууга арналды деп ойлойм. Тилди кайсы бир мамлекеттик орган же бийлик сактабайт, ал жалпы коомчулук менен бирдикте өнүгөөрүн билебиз. Мисалы, еврейлердин тили 300 жылдан бери мамлекеттин кийлигишүүсү жок эле өнүгүп жатат. Тилди өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчү – бул улуттук дух, мекенчил интеллигенция, улут жандуу инсандар болушат. Конференцияга ошондой адамдар чогулду, ар бири кайдыгер карабайт деп ойлойм, буйруса жакшы бир жыйынтыктар болот деп үмүттөнөм.

"Азаттык": Алмаз мырза, «2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы» кабыл алынганын билебиз. Бул документтин алкагында мыйзам чыгаруу бийлигинде мамлекеттик тилдин аткарылышын кандай баалайт элеңиз?

Алмаз Кулматов: Албетте, маселе болгону үчүн ушинтип конференция өтүп жатат. Маселе болгону үчүн улуттук программа кабыл алынууда. Биз талап эле кыла бербей, тилди окуу, үйрөнүү үчүн шарт түзүшүбүз керек. Талаптар коюлуп жатат. Мисалы, 2017-жылдан баштап кыргыз тилин эне тилим деп эсептегендер аны белгилүү бир деңгээлде билбесе мамлекеттик кызматка алынбайт. Кыргыз тилди эне тили болбогондор үчүн өзүнчө талап коюлууда, мунун баары “Кыргызтест” аркылуу ишке ашат...

"Азаттык": Жамгырбек мырза, сиз конференцияда «Кыргызстандын Конституциясынын лингво-герменевтикалык талдоо тажрыйбасы» деген доклад жасадыңыз, бул жагында кандай маселелерди байкадыныз?

Жамгырбек Бөкөшов: Ооба, мен Конституциянын текстин карап чыктым, ал жерде каталар, одоно дал келбеген жагдайлар көп экендигин байкадым. Конституция бул негизги мыйзам катары башка мыйзамдарга үлгү болуш керек. Кыргызча варианты менен орусча вариантында кескин айырмачылыктар бар экен. Ушундан улам укуктук жактан ар кандай чалкештиктер, талаш маселелер чыгып калышы да мүмкүн. Демек, мыйзамдардын жазылышын шайкештикке алып келүү милдети турат.

"Азаттык": Каныбек мырза, мамлекетти тил өз деңгээлинде иштеш үчүн мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр мамлекеттик тилде жүрүш керек деген да маселелер коюлуп келет. Биз ушул деңгээлге качан жетебиз?

Каныбек Иманалиев: Бизде эл аралык деңгээлдеги келишимдердин айрымдары кыргыз тилинде кол коюлуп жүрөт. Тилеке каршы, тексттердин которулуш сапаты начар болууда. Ал эми сүйлөшүүлөр азырынча эл аралык тилде жүргүзүлүп жүрөт, ал ар кандай шартка да байланыштуу болууда. Келечекте кыргыз тили дипломатиянын, эл аралык сүйлөшүүлөрдүн да тили болот деген ниет кылсак болот. Ошонтсе да азыркы Жогорку Кеңеш мурдагы парламентке караганда мамлекеттик тилди колдонуу боюнча бир топ сапаттык деңгээлге өсүп жатат...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG