Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:07

Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар Конституциялык палатага өз чечимдерин кайра кароого мүмкүнчүлүк берүү демилгесин көтөрүп, мыйзам долбоорун сунушташууда.

Конституциялык палата өзү чыгарган чечимдерин кайра карап, өзгөртө алат деген бул мыйзам долбоору бүгүнкү күнү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, парламенттеги депутаттар менен жарандык коом өкүлдөрүнүн каршылыгына кабылууда.

Конституциялык палатага бийлик кийлигише баштадыбы?

11-март күнү бул маселе Жогорку Кеңештин Адам укуктары, Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде каралып, ал жерде айрым депутаттардын каршы пикирин жараткан. “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Эристина Кочкарова Конституциялык палата чыгарган чечимдерди кайра анын өзүнө өзгөрттүрүү – Башмыйзамга каршы келет деп билдирди. Башмыйзам демекчи, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, 97-беренесинин 8-пунктунда “Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт” деп жазылып турат.

ЖК депутаты Өмүрбек Абдрахманов бул мыйзам долбоору бийликтин Конституциялык палатага түздөн-түз кийлигишүүсүн шарттайт деп эсептейт:

- Конституциялык палатанын чечими туура көрсөк да, көрбөсөк да кайтарылбашы керек, ал аткарылууга тийиш. Бирок биздин бийлик сотторду, Конституциялык сотту да башкаргысы келет, бүгүнкү күндө башкарып деле жатышат. Ошондуктан бул бийликтин авторитаризмге бара жатканынын белгиси. Бул бийлик да баягы эле бакиевдик жолдо дыңгырап бара жатышат.

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн чечими менен жоюлган Конституциялык соттун ордуна түзүлгөн. Айрым байкоочулар анын жоюлушуна дал ошол мурунку президенттердин бийликти бир колго топтоо аракеттери Конституциялык сот тарабынан жокко чыгарылбай, тескерисинче колдоого алынып келгени себеп болгонун белгилешет.

Конституциялык палатанын ишине мындай жолдор менен кийлигишүү – бул бийлик да мурункулардын жолоюна түшкөнүн далилдейт деген пикирин Сотторду көзөмөлдөө кеңешинин төрайымы Рита Карасартова “Азаттык” менен бөлүштү:

- Менин оюмча, мунун артында саясий кызыкчылык турат. Эгер бул норма киргизиле турган болсо, Конституциялык палата баягы Баекованын учурундагы Конституциялык соттун кейпин киет. Бийликке жаккан чечим болсо калтырып коёт, жакпаса кайра каратып, өзгөрттүрөт. Ырас, ушундай кийлигишүүлөр болуп жаткан соң, азыркы биздин Конституциялык палата бийликтин кысымына карабай жакшы иштеп жатканы.

Рита Карасартова Конституциялык палата мүчөлөрүнүн санын кыскартуу демилгеси да көтөрүлүп жатканын кошумчалап, азыркы көз карандысыз иштеп жаткан Конституциялык палатага бийлик тарабынан кысым башталды деп белгилейт.

Башмыйзам бузулбайбы?

Ал эми Конституциялык палатага өз чечимдерин кайра карап чыгуусуна мүмкүнчүлүк берүү керек деген демилге ээлери муну зарыл чара деп белгилешүүдө. Президенттин парламенттеги өкүлүнүн орун басары Анарбек Исмаилов бул мыйзам долбоору боюнча өзүнүн түшүндүрмөсүн “Азаттыкка” айтып берди. Ал “жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароо” деген түшүнүккө негиздеп, Конституциялык палата өзү чыгарган чечимди кайра карап, өзгөртүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү Башмыйзамды бузууга жатпайт деп эсептейт:

- Бул мыйзам долбоорунун концепциясы туура. Анткени ар бир институт, өзгөчө ал мамлекеттик институт болсо, өзүнүн чечимин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк болушу керек. Себеби көп учурда туура эмес же ката чечимдер деле чыгып калат. Аларга ошону кайра оңдоп, карап чыга ала турган болушу керек. Азыр таптакыр мүмкүнчүлүк жок. Башмыйзамдын 97-беренеси таптакыр башка мааниде, аны туура түшүнүү зарыл. Ал жерде “Даттанууга жатпайт” деп турат. Азыркы мыйзамдын долбоору болсо Конституциялык палатага өзүнүн демилгеси менен, кайра окуп чыгып, кайра кароого шарт түзүп берет. Биз мына ушул концепциясын колдоп жатабыз.

Айрым байкоочулар сунушталып жаткан бул мыйзам долбоорун Конституциялык палатанын 15-январдагы чуулуу чечимине да байланыштырып жатышат. Анткени Конституциялык палата ал чечиминде мамлекеттик кызматкерлерге каршы кылмыш ишин прокуратура кызматы гана козгойт жана тергейт деп так кесе белгилеп, муну менен бийликтин кескин нааразылыгын пайда кылган. Көп узабай Конституциялык палата өзүнүн чечимин өзгөртүүгө, жумшартууга барууга аргасыз болгон эле.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG