Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Чаткалда азык-түлүк жетиштүү


Чаткалдагы дүкөн, 23-февраль, 2017-жыл.
Чаткалдагы дүкөн, 23-февраль, 2017-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калың кар түшкөн Чаткал районунда азык-түлүк жетиштүү экенин билдирди.

Маалыматка караганда, мекеменин Жалал-Абад облустук башкармалыгы жана Чаткал айыл аймагынын кызматкерлери 23-февралда дүкөндөрдү кыдырып, азык-түлүк көлөмүнө байкоо салышты.

Аталган аймактагы үч айылда 5657 адам жашайт. Район борборунан 25-50 чакырым алыс. Жалпысынан 47 соода түйүнүндө тамак-аш азыктары жетиштүү өлчөмдө экени такталды. Жол каттамдары ачык.

Чаткалда 11-февралда эки апта мурун кардын калыңдыгы эки метрге жеткен. Жолдор жабылып, бир жумада толук тазаланган. Жергиликтүү тургундар азык-түлүк түгөнүп баратканын билдиришкен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймакка гуманитардык жардам жөнөткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG