Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

А.Мадумаров: Ээр-токумду тескери токуп алып чаппай, эл менен түз сүйлөшүү керек


“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттык” менен маек куруп, бүгүнкү абал, алдыдагы саясий өнөктүктөр жана Конституция боюнча пикирлерин бирдирди.

-Адахан мырза, кечээ күндөрү өлкөдө бир топ курч окуялар болду. Сиз аларга кандай баа бересиз?

А.Мадумаров: Кечээки окуяларга бир тараптуу баа бериш кыйын. Мунун бир канча жүйөлүү, жүйөсүз себептери бар.Жүйөлүү себептери - Убактылуу өкмөт күнөөлүүлөрдү кармайбыз деп айтпадыбы. Мына ошолордун кармалбагандарына нааразы болгондор да бар.

Жер-жердеги кадр саясатын мурдагы бийликтер кандай жүргүзсө, андан да өтүп кеттиңер деген нааразычылык чыгууда. Ишти, чарбаны мыкты билген, көкүрөгү таза жигиттерди, кыздарды айылдык деңгээлде да башаламандык менен алмаштырып жаткандыгына нааразычылык айтып жатышат.

Көпчүлүк жерлерде күйүүчү майлардын жоктугу да терс роль ойноп жатат. Себеби Убактылуу өкмөт мүчөлөрү баары жайында болот, бир тыйынга да кымбаттабайт дешкен. Азыр бир тыйын эмес, күйүүчү майдын кээ бир түрлөрү төрт сомго чейин көтөрүлдү. Солярка болсо облустарда 50 сомго чейин чапчып баратат. Мына ошол нааразычылыктар кечээ күнкүдөй талаптар менен чыгууга алып келүүдө.

Биздин элибиз көнүп калды да нааразычылык болсо сөзсүз түрдө ошол маселелерди чечүүчү кишилердин алдына келет. Ошол талаптарды саясий өңүткө буруп жиберүүчү күчтөр да жок эмес. Ошондуктан биздин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы кайрылуу менен чыкты. Өзгөчө жаштарга кайрылдык. Алар да жеке беш күндүк кызыкчылык үчүн ар кандай күчтөрдү колдоп кетүүгө даяр экенин көрсөтүп койду. Кимдин чөнтөгү калың болсо, ошолор көп маселени чечет деген саясат жүрүп жатат. Менимче, ушул маселелер жер-жерлерде нааразылык акцияларынын чыгышына себепкер болууда.

- Түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн, ошол эле кошуналар менен мамилени түзөш үчүн Убактылуу өкмөт кандай кадамдарга барыш керек? Кээ бир өкмөт жетекчилери башка кошуналарыбыз да көп, башка жактан да сыртка чыга алабыз деп жатат. Бул эми кыял болуп калышы да ыктымал?

А.Мадумаров: Айтып коюш оңой. Ачуу менен эмоцияга берилип кетип жатышат. Мен тышкы саясатта абдан кылдат болуш керек дейм. Айрыкча коңшу мамлекеттерге тийишкенди токтотуш керек. Өзгөчө алардын жетекчиликтерине сөз айтканда абдан абайлаш керек. Бул эл аралык мамиле деген өтө кылдаттыкты талап кылган назик нерсе. Болгондо да Кыргызстан ушундай абалда турганда “кызы бардын назы бар” дегендей ар кандай жагдайларга ийкемдүүлүк менен келишимдерге барышыбыз керек. Анын үстүнө алар, тескерисинче, козутуп жатышпайбы. “Мына ошолор бизди тааныбай жатат. Саботаж жасоодо. Тааныбаса кажети жок. Биздин дагы башка достор, кошуналарыбыз бар” дегендей сөздөр айтылууда. Башка достор, кошуналар кимдер?

Эч качан башка жактан келген кишилер биздин элдин муктаждыгы тез эле чечилип кетүүсүнө кызыкдар болбойт. Ошондуктан “алыскы туугандан жакынкы кошуна” дейт. Ошолор менен мамилени түзүш керек. Анан ич ара келишпестиктер болуп жаткан шартта, алардын деле чек араны ачып жиберүүсүнө менен шегим бар. Ачылбай турган болсо, "11де ачылат, 8де ачылат деп" сүт эмизбеш керек эле да. Жөн эле сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, маселелер оң жагына чечилиш үчүн бардык күчүбүздү жумшап жатабыз деп койсо болот да. Анын ордуна күнү, саатына чейин айтып, келүүчү күйүүчү майлардын тоннасына чейин айтып жатышпайбы. Бул деген жоопкерчиликсиз мамиле.

- 19-майда Конституциялык кеңешменин долбоорун талкуу соңуна чыгып жатат. Сиз буга байкоо салып турсаңыз керек. Сиздин долбоорго жана коюлган мөөнөттөргө карата пикириңиз?

А.Мадумаров: Мөөнөтү өтө чукул коюлган. Эмнегедир бир шайтандан качып бараткандай эле көрүнөт. Өтө ойлонулбаган нерсе катары мага элес калтырат. Себеби ушул жүзгө жакын беренеге “ооба” же “жок” деп кантип жооп берет? Эгер ушунчалык эле шашылыш түрдө референдумга чыгыш керек болсо, анда анын таяныч булактарын тактап алышыбыз керек. Анын мыйзамсыз экендигинде менин шегим жок.

Ыңкылапчыл жол дейби, кырдаал ушуга мажбурлап жатат дейби, ал жооп болбой калат. Анткени кийин мыйзамдуу бийлик орногондон кийин алар кабыл алган чечимдердин баары четке кагылып калышы мүмкүн. Ошого жол берилбеш керек эле. Биз экөөбүз 8-апрелде маек курганда мыйзамдуулук жолуна түшүш керек дегенден баштаганбыз. Жайлоолоп кокту-колотко кирип, кайсы саясий партия күчтүүрөөк болсо, ошонун кыйкырыгы катуурак чыгып, ошонун айтканы айткандай боло турган болсо, бул да ээрди кыйшык токуп алып бараткандай деп айтканбыз.

Мына эми парламенттик башкаруу деп жатышат. Биз айлана-чөйрөбүзгө карап жашашыбыз керек да. Сиз элестетсеңиз, парламент ички-тышкы саясатты аныктайт дейт. Президент жөн эле калыс болгон аксакал болот дейт. Биздин өкмөт башчы менен КМШ өлкөлөрүнүн президенттери отурбайт. Анан ушуга байланыштуу бир мисалды кечээ күнү келтирдим. 1943-жылы Тегеранда жолугушканда дүйнө өтө оор кырдаалда калып, экинчи фронтту ачабызбы, ачпайбызбы деп Сталин, Рузвельт, Черчилль, СССР, АКШ жана Англиянын жетекчилери жолугушкан. Ошондо Черчилль Сталинге айткан, биз бул маселени башкы штаб менен акылдашып чечишибиз керек деп. Ошондо Сталин "эмне үчүн өзүбүз чече албайбыз?" деп катуу айткан.

Эгер КМШ, ШКУ, ЖККУнун жыйындарына биздин президент катышып, өтө опурталдуу маселе боюнча ааламдашуу мезгилинде жагдай күн сайын өзгөрүүдө, өтө ыкчам аракеттерди жасаш керек болуп калса, биздин президент "сиздер отуруп туруңуздар, мен Жогорку Кеңеш менен макулдашып келейин" деп айтабы?

Бул өч алуу сезими менен мамлекеттин түзүлүшүн бирдей коюп, керек болсо төмөн коюп жаткан учур да болууда. Андай нерсе жарабайт. Бизде күчтүү президенттик башкаруу болуш керек. Мен Коопсуздук кеңештин катчысы болуп турган кезде Курманбек Бакиевге сунуш киргизгем, "сиз реформага барамын десеңиз анда аткаруу бийлигинин башчылыгына келип, жоопкерчиликти алыңыз" дегем. Себеби бизде өкмөт футбол тобундай эле болуп калган. Жаман болуп кетсе өкмөт күнөөлүү. Өкмөт азабын тарта берет. Жакшы иштер болуп кетсе, "мен тапшырма бергем, менин буйругум менен болуп жатат" дегендей болуп келген. Мындай ач көздүктү токтотуш керек. Мына, бизден үч эсе калкы көп Москваны Лужков эле башкарып жатпайбы.

- Июнь айына коюлган референдумга Конституциянын үч түрдүү долбоору коюлуш керек деген пикир айтылууда. 1993-жылкы Конституция, азыр даярдалган долбоор жана үчүнчүсү Исмаил Исаков тарабынан даярдалган, президент аткаруу бийлигин жетектеген, ошол эле мезгилде Жогорку Кеңеш абдан күчтүү болушун караган долбоор коюлуш керектиги айтылууда. Эгерде ушундай үч долбоор коюлса, эл тарабынан башкаруу системасын да тандап, Конституцияны да тандоосуна мүмкүнчүлүк берилбейби?

А.Мадумаров:
Эл бийликтин булагы болуп тургандан кийин биз биринчи кезекте эл менен кеңешүүбүз керек. Референдумга коюлганда кыска, түшүнүктүү суроолор коюлуш керек. "Сиз президенттик башкаруугабы, парламенттик башкаруугабы же аралаш башкарууга" деген суроо коюлуш керек. Ошонун бирин Кыргызстандын калкы тандап алса, ошого жараша Конституция жазылыш керек. Мен жана башында айтпадымбы, булар ээр токумду тескери токуп алып чаап баратат. Булар элге таңуулап жатышпайбы, мына ушул Конституцияны алсаң ал, албасаң жок дегендей кылып. Албай койсо эмне болот?

Ошондуктан буларда Конституцияны алуу кызыкчылыгы эмес, ошол Конституциялык кеңешме деген шылтоо менен күн сайын теледен чыгып, булар менимче шайлоо кампаниясын башташты. Эртеден кечке чейин түшпөйт. Үч эле кишинин жүзү көрүнөт. Башкалардыкы жок. Ошол эле Конституциялык кеңешмеде карама-каршы пикирлерди кыркып коюшууда. Бул жерде жашынмак ойногондун кереги жок. Эл баарын байкап турат.

Бул үч партия - “Ата мекен” болобу, Социал-демократы болобу, “Ак шумкарбы” - булар саясий өнөктүктү башташты. Өздөрүнө өтө чоң артыкчылыкты жаратып алышты. Күндө өздөрүнүн көз караштарын айтып жатат. Башка саясий партияларга эмнеге мүмкүнчүлүк берилбейт? Ошол Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаковго эмне үчүн мүмкүнчүлүк берилбейт? Теледен чыгып, менин башкача пикирим бар, биз президенттик башкарууга барышыбыз керек, парламент баарын көзөмөлгө алыш керек, мамлекеттин капчыгынан кеткен бир тыйынга чейин президент парламентке отчет берип туруш керек деген абдан туура ой. Муну айтып чыкканга Исмаил Исаковго эмнеге мүмкүнчүлүк берилбейт? Же Исмаил Исакович саясий пассивдүүлүктү көрсөтүп жатат, же “макул, макул” деп макулчулук саясатын менен баратат.

- “Бүтүн Кыргызстан” партиясы келаткан шайлоолорго катышабы?

А.Мадумаров: Муну де-факто деп коет, шайлоолор быйыл болот. Де-юре жагынан ал канчалык мыйзамдуу жарыяланат, канчалык мыйзамдуу өтөт? Бул башка маселе. Биз де-фактого жараша иш кылышыбыз керек. Тарых, кырдаал ушул алып келди. Шайлоо боло турган болгондуктан мекенди сүйгөн азаматтар катары шайлоого даярдык көрөбүз. Президенттигине да, парламенттигине да. Анан турмуш көрсөтөт.

Эгерде бизден чыгаан саясатчылар бизден мыкты программалар менен чыга турган болсо, дагы бир жолу айтам, алар менен барсак болчудай дегенге келсек, жол берүүгө даярбыз. Элдин каргышына калгыча бийликке жетпей эле кой. Эгер алардын айткан жолу Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына каршы келе турган болсо, биз саясий күрөшкө бүгүн да даярбыз.

- Түштүктө түзүлгөн абалдан кантип чыгуу керек?

А.Мадумаров: Бул окуялар мурдатан айтылган сөздөр чындык экенин айкындалып жатат. Кадрдык туура эмес саясаттан ушундай абал түзүлдү. Менин кайрыларым, элдин баары биримдикте, тынчтыкта болуп, бардык күчтү келечек үчүн жумшаш керек. Акылдашып, макулдашуубуз керек. Бүгүнкү күндө заманыбызда эч болбогондой биримдик талап кылынууда.

Мен уктум, кээ бир кишилер сүйлөшкөнү кетиптир. Мына ошоло кишилер кайсы бир күчтөрдүн таасирине берилип кетпей, мамлекеттин биримдиги, бүтүндүгү, элдин келечеги үчүн аракеттениш керек. Ыйман, биримдик, инсап мына ушулардын негизинде аракет болуш керек.

- Ушул аракеттердин артында Бакиевдин адамдары турат дегенге кандай карайсыз?

А.Мадумаров: Эгерде чындап алардын адамдары турган болсо, мен аны Кыргыз мамлекетине карата чыккынчылык катары баалайм. Бирок кетирген кемчиликтерди Убактылуу өкмөт кеткен адамга шылтап, өздөрүнүн кемчилигин сезбей калат деген да коркунуч бар. Биз мамлекеттин келечегин колубузга алдык деген азаматтарыбыз эл менен түзмө-түз сүйлөшүп, койгон маселени чечиш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG