Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

Элдик курултай институтун киргизүү демилгесин баштаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров “Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Сиз элдик курултай институтун киргизүү демилгесин баштадыңыз, бул сиздин ички ишенимден чыккан саамалыкпы?

Адахан Мадумаров: Кыргыз мамлекети мамлекет катарында өнүгүп, алга жылып кетиши үчүн биринчи кезекте тамырын табыш керек. Биз кыргыз баласы кайсы жактан азыктанып келгенбиз, кандай салттарга баш ийип келгенбиз? Биздин «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы артка кайталы деп баштадык. Артка кайталы, үйгө баралы. Маркум Чыңгыз агабыз айткандай, өткөндү билбей туруп келечекти куруу мүмкүн эмес. Бул - кылымдарды карыткан кыргыздын касиеттүү каада-салттары. Алардын барын четке кагып салып, же Европа боло албай, же башка мамлекеттерди туурап, алардын жолун басып өтө албай кыйналып келаткан кезибиз. “Биз кимбиз?” деген суроого жооп таба албайбыз.
Курултайда кыргыз өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин, кыргыз президентинин бир жылдык аткарган ишин угуп, же жактырып, же жактырбай коюучу, нукура айыл-кыштактардан келген өкүлдөр болуш керек.

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик башкаруу системасына башынан таптакыр каршы чыккан. Муну бүгүнкү турмуш далилдеп отурат. Бүгүнкү Жогорку Кеңеш элдин өкүлү эмес, партиянын өкүлү болуп калды. Экинчиден, аймактардын кызыкчылыгын коргой турган өкүлчүлүк жок десек болот. Саясий программаларын жактай турган, актай турган гана парламент куралып калды. Ушундан улам президент дагы, парламент дагы, өкмөт дагы эч кимдин алдында жооп бербейт. Биздин тарыхка кайрылсак, курултай деген кыргыз өкмөтүнүн, кыргыз Жогорку Кеңешинин, кыргыз президентинин бир жылдык аткарган ишин угуп, же жактырып, же жактырбай коюучу, нукура айыл-кыштактардан келген өкүлдөр болуш керек. Ар бир айылдык Кеңештен бирден өкүлдү шайлаш керек. 20 жылдын ичинде же президент, же өкмөт, же Жогорку Кеңеш элдин алдында өзүнүн отчетун бердиби? Берген жок. Отчетту алып туруучу нукура эл тарабынан келген курултай болушу керек, бул конституциялык орган болуш керек.

«Азаттык»: Сиздер сунуш кылып жаткан курултай президентти, же премьерди, же спикерди кызматтан алабы, кызматка коёбу?

Адахан Мадумаров: Бир жылда бир жолу Жогорку Кеңеш дагы, өкмөт дагы, президент дагы эл курултайынын алдында өзүнүн жасаган иштерин айтат. Иши канааттандырса ишеним көрсөтүлөт, канааттандырбаса ишеним көрсөтүлбөйт. Эл курултайы тарабынан ишенимге ээ болбогон өкмөт да, Жогорку Кеңеш да ошол замат кетиш керек. Керек болсо президентке дагы ишеним көрсөтпөй койсо, анда биргелешип туруп, чечим кабыл алып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдык көрүлүш керек.
Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы учуру, 2009-жылдын 6-февралы.

«Азаттык»: Мына сиз 2005-06-жылдары мамлекеттик катчы болуп турганда элдик курултайды киргизүүгө чоң мүмкүнчүлүк болду эле. Ошол маалда демилге көтөрүлсө болот беле?

Адахан Мадумаров: Болот эле. Мен ал кезде да көтөргөм, элдик курултай эмес, мамлекеттик кеңеш түзүү жөнүндө. Азыр айтсак, жыгылып калган кишини тепкилегендей болуп калабыз, бирок кезинде биздин жетекчилер таптакыр укпайт. Мамлекеттик кеңешке кимдер кириши керек? Бардык мамлекеттик бийлик структура жетекчилери кириш керек, курултайды мамлекеттик кеңештин атынан чыгарыш керек.

«Азаттык»: Мамлекеттик катчы кезиңизде болсо керек, мамлекеттик жоопкерчилик жөнүндө, Кыргызстан дайыма эле тажрыйба, эксперимент жасай турган майдан болбошубуз керек, бир жолго түштүкпү - ошону акырына чейин өркүндөтүп кетишибиз керек деп айткандай болдуңуз эле. Азыр жаманбы-жакшыбы шайлоо өттү, парламент бар, легитимдүү өкмөт бар. Эми кайрадан жыйын, митингдер уланып кете бербейт деп ойлобойсузбу?

Адахан Мадумаров: Ооба, митинг, пикеттер көңүлгө көк таштай тийди. “Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу” дегендей, жыргап кеткенден чыгып жаткан жокпуз. Ошондуктан, көчө демократиясынан конституциялык демократияга кирели деп жатпаймбы. Нараазылык акциясын кандай жүргүзүшүбүз керек боюнча «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы өтө чоң саясий маданиятты көрсөттүк, саат 2ден 3кө чейин дедикпи, саат 3тө турган жерибизди жыйнап, шыпырып, тазалап кеткенибизге баарыңыздар күбө болдуңуздар.

Адам тандаганды үйрөнө албай жатабыз

«Азаттык»: Сиз Кыргызстанда президенттик бийликти жактап келатасыз, муну дагы бир ирет тастыктадыңыз. Буга эмнелер түрткү болууда?
Спикер кези, 2007-жылдын 24-декабры.

Адахан Мадумаров: Кыргызстанда азыр эч бир бийлик эч нерсеге жооп бербей калбадыбы. Президент десе эле көз алдыбызга Акаевди же Бакиевди элестетип жатпайбызбы. Кеп институтта эмес, кеп инсанда, кеп адамдын өзүндө экен. Мамлекетке ким жетекчи болуп келет, мына ошого көз каранды болот. Кандай кишини жетекчи кылып тандап алат, элге көз каранды болот. Элдин жоопкерчилиги, аң-сезими канчалык жогору болсо, дал ошол элдин талабына шайкеш келген жетекчини тандап алганга акылы жетип калат. Бизде шайлоолор көбүнчө акча, шорпо-шилең, эт, арак менен чечилип атпайбы. Жогорку Кеңешке жакшы эмес кишилер барып калды деп эл кээ бир учурда нааразы болот. Эмне үчүн ошол кишилерге добуш берди? Кыргызстан чакан мамлекет болгондон кийин бир президент жеке керт башы менен жоопкерчиликти мойнуна алышы керек.
Бийликти алмаштыруу, революция жасоо боюнча кыргыздар алдына киши салбай калдык. Бирок өзүбүздүн аң-сезимибизде, ички жан-дүйнөбүздө революция жасабай атабыз да...

«Азаттык»: Эки жолу кыргыз эли катуу жаңылган экен, экөөнү тең ызы-чуу менен эптеп кетирип тынды. Үчүнчү жолкусунда андай болбойт деген кепилдик барбы, же дагы эле жылтырап, татынакай сөздөрдү сүйлөп келип эле, 1-2 жылга жетпей бузулуп кетип жатпайбы?

Адахан Мадумаров: Кыргыз баласы аң-сезимдүү. Бирок көзүбүз менен дүйнөнү көрүп турганыбыз менен көөдөн менен байкабай жатабыз. Бийликти алмаштыруу, революция жасоо боюнча кыргыздар алдына киши салбай калдык. Бирок өзүбүздүн аң-сезимибизде, ички жан-дүйнөбүздө революция жасабай атабыз да. Баягы эле куру намыска алдырабыз. Биз базарга чыкканда мал тандаганды үйрөндүк дагы, адам тандаганды үйрөнө албай жатпайбызбы. Себеби: кылымдарды карыткан кыргыздын касиеттүү каада-салттарына таянып туруп мал тандап жатабыз, адамды тандаганда акылга таянбай, кара курсакка, кызыл кекиртекке таянып, чөнтөк аркылуу тандап калып жатабыз. Тек гана бийликти кайра-кайра камчылап сого бербестен, эл да бир аз жоопкерчиликти алса туура эле болот.

Кыргыз элибизге кудай биринчи кезекте акыл-эс берсин, анан ата-бабаларыбыздан калган жакшы сөз бар, ынсап берсин. Эгер биз жаңылып кызылдын аркасынан чуркап кеткен болсок, анда эч кимге капа болгонго укугубуз жок.

«Азаттык»: Сиз Кыргызстандын азыркы президенти Роза Отунбаева "самозванка", жакында өзүңөр көрөсүңөр, өзүңөр ишенесиңер дегендей айткан экенсиз. Көптөр үчүн бул табышмак, сыр боюнча калды. Эмне себептен ушундай аттуу-баштуу саясатчы өлкөнүн №1 кишисин ушинтип айтып жатат?

Адахан Мадумаров: Мен ал кишинин өзүнө да кабинетинде отурганда айттым, кыргыздын кызы катарында, аял киши катарында сыйлайм, бирок президент катарында эч качан кабыл албайм. Себеби референдум өткөндө Отунбаева деген фамилия, аты бюллетенде болгон эмес. Экинчиден, ушул киши президент болсун деген маселе турган эмес. Отунбаева кызматтан кеткенден кийин Кыргызстандын жарымынан көбү айтат, бизде адат болуп калбадыбы. Акаевди кезинде мактагандар ал кеткенден кийин жарымы баатыр болуп чыкпадыбы. Бакиевди жерге-сууга тийгизбей мактап жүргөндөр 8-апрелде ушул кишинин кордугу өттү деп сайрап чыккандар болбодубу. Азыр Отунбаева да дал ушундай болот, койчу айланайын аны президент катарында көрчү эмеспиз деп. Тарых үчүн ушул сөздү жазып коюңуз, күндөр келет, ушуну кайталайбыз.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапкерлери нааразылык акцияда. Бишкек, 2010-жылдын 5-ноябры.

«Азаттык: Президенттик бийликти кайтаруу көз карашы «Бүтүн Кыргызстандан» сырткары «Ата-Журт» жана «Ар-Намыс» партияларында да бар. Негизги максат бир болуп жаткан соң кандайдыр бир деңгээлде шериктешип, өнөктөшүп жатсаңыздар керек да?

Адахан Мадумаров: Бул мезгилге чейин саясатчылардын чоң катачылыгы ушул болду: бул дарыяны чогуу кечип өтө берели, аркы жээке өткөндөн кийин сүйлөшүп алабыз деп келишти. Кептин баары аркы жээкке өткөндөн кийин башталат. Ошондуктан, дарыянын берки жээгинде турганда аркы жээкке эмне максат менен барабыз, баргандан кийин туу тутунган кандай саясат болот деп акылдашышыбыз керек. Эгерде биз «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы сунуштаган жолго ким макул болгон болсо, дарыянын берки жээгинде сүйлөшөлү. Макулбуз, ушул жол менен барганга даярбыз деген болсо, ким болсо дагы кол кармашып барганга даярбыз.

«Азаттык»: Демек, түпкү максатыңыздар окшош болгондуктан, азыр президенттик бийликти кайтаруу боюнча «Ата-Журт», «Ар-Намыс» менен сүйлөшүүлөр болуп жатабы?

Адахан Мадумаров: Бул багытта сүйлөшүүлөр болгон жок. Боршайком «Бүтүн Кыргызстанды» өтүп турган жерден өтпөдүңөр деди. Мен ушул жагынан Акылбек Сариевге эстелик койгум келет, рахмат, ал өзү байкабай туруп, ушунчалык баткак иши үчүн, «Бүтүн Кыргызстан» кирбей калгандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Экинчи жагынан, «Бүтүн Кыргызстандан» айырмаланып, президенттик-парламенттик башкарууга барышыбыз керек деген эки саясий партия азыр парламентте отурат. Бул маселени көтөргөнгө алардын толук мүмкүнчүлүгү бар, мүмкүн, күндөр келгенде көтөрүп калар.

Бейбаш үйдө ар ким башчы болгусу келет

«Азаттык»: Шайлоо демекчи, шайлоо убагында интернет сайттарда, гезиттерде, анын ичинде эл аралык сайттарда бул партиянын артында бул мамлекет, тигил партиянын артында тигил мамлекет турду, «Бүтүн Кыргызстандын» артында Казакстан менен Орусиянын кайсы бир топтору турду деп жазышты эле. Ушуга да комментарий бере кетсеңиз.
Биздин түп-тамырыбызды жеп, чиритип отурган мите куртчулук - ошол жердешчилик. Кыргызга мындан өткөн душман жок.

Адахан Мадумаров: Кудай сактаган экен. Ошол айтылган мамлекеттерге барып жолугуп келип жаткандар жөнүндө сөз кылбай, Чаткал, Ала-Бука, Ат-Башыда жүргөн Мадумаров жөнүндө сөз кылган болсо, мен аларды кудайга койдум. Негизи мен жөнүндө сөз кылбаса курсагы тойбойт көп кишинин. Шекспир айткан экен, асман канчалык тунук болсо, андагы булут ошончолук кара көрүнөт деп. Мен башкалардан айырмаланып, кыргыз мамлекетинин чегинен чыккан жокмун. Менин артымда ким турат? Биринчи кезекте жараткан, кыргыз калкы турат. Кыргызстандын тагдырын кыргыз гана чечиши керек.

«Азаттык»: Шайлоолордун жыйынтыгы Кыргызстанда, өзүңүз башында айткандай, кара курсакка алдырып ийгенин, андан да жаманы жердешчилик маанайдын күч алгандыгын көрсөтүп койду деп атышат. Сиз ушуга макулсузбу?
Маалымат жыйынында, 2010-жылдын 8-июну.

Адахан Мадумаров: Биздин түп-тамырыбызды жеп, чиритип отурган мите куртчулук - ошол жердешчилик. Кыргызга мындан өткөн душман жок. Бир дагы сырттан душман келип, кыргызга ээлик кыла албайт. Эгер кыргыз өзү ичара жарылбаса, аны түшүнүп алган биздин тырмакчанын ичиндеги “досторубуз” ушул маселени аябай көбүртөт. Биз бир атадан, бир энеден жаралганбыз. Эгер ушул мезгилге чейин көкүрөгүнүн түпкүрүндө жаткан сезимдери ойгонбогон кыргыз болсо, ал кыргыз экендигинен күмөнүм бар. Ошондуктан, жердешчилик деген маселени биз кылмыш-жаза кодексине чейин жеткиришибиз керек. Ким ушул маселени козгосо, бул кыргыздын душманы катарында көрүшүбүз керек.

«Азаттык»: Өткөн июндагы окуялардан кийин кыргыз улутчулдугу күчөп кетти, экинчи жагынан аз улуттардын укуктары аябай басмырланып кетти деп эл аралык деңгээлде, укук коргоочулар, талдоочулар, саясатчылар айтып жатышат. Сиз мамкатчы кезиңизде ушул маселени көзөмөлгө алып жүргөн ишмер катары кандай бааңызды берет элеңиз?

Адахан Мадумаров: Мен кыргыздын улутчулдук сезими күчөп кетти деген дооматты да кабыл албайм, улуттук азчылыктар басмырланып кетти дегенди да кабыл албайм. Анткени, маңдайга жазып койгондон кийин башка улуттун өкүлдөрү ушул жерде төрөлүп, жарык дүйнөгө келип калган. Мен кыргызстандыкмын, мен кыргыз жергесинин кулунумун деп сүйлөш керек. Экинчиден, кыргызмын деп койсок куру намыска берилип кетип, көөдөнүн карасаң эч нерсеси жок, кыргыз деп кыйкырып отуруп, кыргызга пайдасынан көрө зыянын тийгизген учурлар көп. Ошондуктан мамлекеттик саясат болушу керек.

Идеология деген - бул ар бир кишинин өзүнүн аң-сезими, кан-жаны менен, мындан миң жыл баштан өтүп кеткен кыргыздардын генетикалык каны менен берилүүчү нерсе. Аны документ, мыйзам кабыл алуу менен калыптандыра албайбыз, же сенде бар, же сенде жок ал нерсе. Кыргызды жок кылып жиберебиз дегендер терең жаңылышат. Кыргыз жок болбойт. Мүмкүн убактылуу ушундай маалыматтар тарап жаткандыр. Бейбаш болгон үйдө ар ким башчы болгусу келет. Азыр Кыргызстан бейбаш болуп атпайбызбы. Аны ачуу болсо да мойнубузга алышыбыз керек.

Мадумаровдун үй-бүлөсү кантип жан багат?

«Азаттык»: Биз адатта саясатчылардын жеке турмушу, жеке көз карашы, жеке кулк-мүнөзү жөнүндө да сурай кетебиз. Ошого байланыштуу Мадумаровдун үй-бүлөсү азыр эч жерде иштебесе, кантип жанын багып жатат дегендей суроолор көптү кызыктырат.
Мен кандай жашап келген болсом, же депутат, же төрага, же мамлекеттик катчы боломбу, жашоом эч кандай өзгөргөн жок.

Адахан Мадумаров: Калыгул акылман айткандай, бирөө күндө казы-картаң май чайнайт, бирөө эптеп жараткандын буюрган ырыскысын терип жүргөн болот. Экөө тең бирдей эле күн көрөт. Мүмкүн, экинчиси бул дүйнөнүн рахатын көбүрөк сезген учурлар болот. Ошол себептүү кудайга миң жолу шүгүрчүлүк, ыраазычылык билдирем, рахмат айтам. Ырыскыны эч качан пендеси бералбайт. Адамдын башын көкөлөтүп көккө жеткирип жибере албайт пендеси. Же пенденин бергени адамга аш болбойт эгер жараткан ошол ырыскыны сага буюрбаса. Ошол ырыскы менен жашап келатабыз. Кудайга шүгүр, ата-эне деген бар, алардын мойнунда отурат экен деп ойлобоңуз. Алардын болушунча чарбалары бар. Анча-мынча эт, май, күрүч, мөмө-жемиш жагынан чукул жерден конок келип калган учурда гана базарга чуркабасак, башка учурда чуркабайбыз. Нааразы болууга эч кандай укугум жок. Мамлекеттик кызматтарда иштеп турганда сүткөл-майкөл болуп турган учурум болгон жок. Мен кандай жашап келген болсом, же депутат, же төрага, же мамлекеттик катчы боломбу, жашоом эч кандай өзгөргөн жок. Эч кимден кем эмеспиз, эч кимдин алдына чыгып кеткен жокпуз.

«Азаттык»:
Ар бир адамда кемчилик болот да. Сиз өзүңүз оңдой албай, ушул кемчилигимди жойсом болот эле дегендей кемчилигиңизди сезесизби?

Адахан Мадумаров: Андай кемчилик ар бир кишиде бар. Чыкебиз айкандай, бул дүйнөдө адам болуу эң кыйын, күн сайын адам катары өзүңдү сактап калуу андан да кыйын, кээде өзүңө өзүң капа болосуң, кээде өзүңө өзүң нааразы болосуң. Ушунда токтоолук, дагы бир жолу токтоолук, кээ бир учурда ачуу келип кеткенде өзүңдү колуңа кармай албай калганың - бул кемичлик. Ишенчээктик бар. Анан бир киши мамырап-жамырап отуруп, жакшы жолго барабыз десе, ошого ишенип, ушундай болот экенбиз деп ошого жетеленип кеткен жактарым бар. Ал кемчиликтерим бар.

«Азаттык»:
Сиздин тез ызаланып, тез теригип кеткениңизди эл да айтып жүрбөйбү, ошону мойнуңузга алат экенсиз да?

Адахан Мадумаров: Моюнга алыш аздык кылат. Ошол кемчиликти жоюга аракет кылам.

Падышанын көзүндө каары, көкүрөгүндө мээри болуш керек

«Азаттык»: Мамлекеттик катчы болуп турган кезиңизде бөлмөңүздө өрүлгөн камчы илинип турчу экен. Кыргызга азыр бул камчы керек болуп атат дегендей айткансыз. Эмне себептен ушундай ойго келдиңиз?
Мээрин үй-бүлөсүнө, жакындарына чачып, каарын калкка чачып кеткен падышалардын кесепетинен Кыргызстан ушул кейипти кийип атпайбызбы.

Адахан Мадумаров: Камчыны кыргыздын касиеттүү, ар бир эр-азаматтын, мырзалардын буюму катарында кабыл алышыбыз керек. Ал камчы менин үйүмдө керек болсо эки бөлмөдө тең илинип турат. Экинчиден, ушул камчы жетпей атат дегенимдин себеби: бизге тартип жетишпейт. Абдан чектен чыгып кеттик. Менин атам мугалим болуп иштеп, азыр эс алууда, ошол киши айтат, падышанын көзүндө каары, көкүрөгүндө мээри болуш керек деп. Көзүндөгү каарын кол алдында иштеген атка минерлерге чачыш керек, мээрин карапайым калкына чачыш керек деп. Каар - кыргызда камчы. Бизде тескерисинче болуп кетип атпайбы, мээрин үй-бүлөсүнө, жакындарына чачып, каарын калкка чачып кеткен падышалардын кесепетинен Кыргызстан ушул кейипти кийип атпайбызбы.

«Азаттык»: Азыр ошондой даражага жетсеңиз кайра эле камчы илип коёсузбу?

Адахан Мадумаров: Сөзсүз түрдө камчы коштоп жүрөт.

«Азаттык»: Сиз спикер болуп, өлкөдөгү экинчи кызматка чейин жеттиңиз. Мадумаров ушуну көтөрө албай калды, ушунчалык сонун мүмкүнчүлүк келди эле, министрдин орунбасарларын залдан кубалап жибергенге чейин жетип, туура эмес иштерди жасап ийди, Каркыраны сатканга да мүмкүнчүлүк түзүп берди деп көп жазып жүрүшөт. Азыр ошондо саясий калпыстык кетирген экемин деп ойлойсузбу?

Адахан Мадумаров: Мен анын баарын жаңылыштык катары кабыл албайм, мен сыймыктанам. Мен кайра жаралып, кайра ошондой мүмкүнчүлүк болсо, эч кандай өзгөрбөстөн ошондой болом. Себеби, министрдин орунбасары болобу, министр болобу, кыргыздын биринчи трибунасы болгон Жогорку Кеңешке сен кыргызча эле кийинип келчи, сен футболка, кроссовка кийип алып киргениңди токтотчу, мени сыйлаба, бирок кыргыздын бийлик структурасын сыйлап коюш керек да.
"Азаттыктын" студиясында.

Каркыра боюнча. Бул саясий кампаниянын алдындагы чыгарган оокат. Баары мыкты билишет, бул 2002-жылы, Аскар Акаевдин учурунда эле чечилип калган маселе. Мадумаровдун аркасынан эмнени чыгарсак болот деп шайтандын азгыртмаларынын жетелөөсүндө жүргөндөр бар. Аларды да кудайга койдум. Төрага болуп турганда кызуулукка алдырып жиберди деген боюнча айтайын. Мен кызуулукка алдырганым үчүн сыймыктанам. Эгерде ошол мезгилде электр тармактарын, стратегиялык аймактарды, ишканаларды, мекемелерди жеке менчикке берүү боюнча программасына мен макулдукту берип койгондо төрагалык жөнүндө маселе чыкпайт эле. Ошол жерде да менин тутунган позициям болгон. Мен президент, өкмөт эмнени айтса, ошого макул боло бере тургандай, жетелеген жакка жүрө бере турган адам эмесмин. Күндөр келет, жылдар өтөт, ошол мезгилдеги Мадумаровдун кабыл алган чечимин эң туура катары кабыл алышат.

Аймалашууну жаман көрөм, сокконду жакшы көрөм

«Азаттык»: Азыр парламенттин ичинде жума намазга жыгылганга уруксат берели деген маселе коом ичинде талкуу болуп жатат. Азыркы спикер макулдук бериш керек деген позициясын айтты. Сиз бул ишти кандай деп баалайт элеңиз?
Намаз маселесин Жогорку Кеңеште көтөрүп чыгуу - бул саясий чайкоочулук.

Адахан Мадумаров: Муну жеңил соодагерчилик, саясий чайкоочулук катарында кабыл алам. Бир четтен экинчи четке урунбашыбыз керек. Эгерде кыргыз баласын кудайга миң мертебе шүгүр, мусулман кылып жаратып койгондон кийин мусулманчылыкты кармануу ар бир кишинин өзүнүн көкүрөгүндө. Мыйзам шарт береби, уруксат береби, бербейби ага карабайт. Намаз окуу деген - беш парздын бири. Ошол парзды аткарууга кишинин көкүрөгүндө өзүнүн милдети болгон болсо, ал чечим барбы жокпу, ага карабай эле аткара берет. Бул маселени Жогорку Кеңешке көтөрүп чыгуу - бул саясий чайкоочулук.

«Азаттык»: Кыргызстан кайрадан шайлоонун алдында турат. Сиз президенттик шайлоого барасызбы?

Адахан Мадумаров: Көздү ачып-жумганча эмне болорун жараткандан башка эч ким билбейт дейт. Экинчиден, Кыргызстан ушундай оомалуу-төкмөлүү болуп турган мезгилде качан болушунун өзү күмөн. Аймалашууну жаман көрөм, сокконду жакшы көрөм, муну Суворов айткан, "царапаться не люблю, я люблю только бить" деп. Ошол сыяктуу кырдаалды карап көрөлү. Мен президент болом деп, маңдайыңа жазса болосуң, болбосо болбойт. Ошондуктан карап көрөлү, чечимди кабыл алабыз, анан биринчи кезекте менин кесиптештерим, ММКлардын өкүлдөрү күбө болосуздар. Кайсы күнү чечим алган болсом, ошол күнү сиздерге жарыя кылам.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG