Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстандын тышкы саясатына туруктуулук, ички саясатта социалдык колдоо жана экономиканы көтөрүү саясаты керек деп эсептейт.

“Азаттык”: Адахан мырза, өлкөдөгү азыркы абалды кандай баалайсыз?

Мадумаров: Абал кооптуу. Тышкы саясаттан баштасак, башта эле Кыргызстанда туруктуу тышкы саясат болгон эмес. Азыр эми эч ким айта алгыс, эч ким түшүнгүс тышкы саясат жүрүп жатат. Кайсы бир мамлекетке сапар менен барып калса, ошол мамлекетти көтөрүп, башка мамлекеттерди жерге чапкан саясат болуп жатат. Ошентип акырындап таптакыр ишенимден кетүү коркунучу туулуп жатат.

“Азаттык”: Муну президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияга сапары боюнча айтып жатасызбы?

Мадумаров: Түркияга жасалган сапарда болобу, же болбосо Бишкектеги кайсы бир билдирүүлөр болобу, ошолордун баары биздин тышкы саясатка чоң кедергисин тийгизе турган нерселер. Экономикалык кырдаалды карай турган болсок, электр жарыгы өчпөйт дешкен эле. Мына экөөбүз үшүп, калтырап араң олтурабыз. Ушул Бишкекте, борбордо турган имаратта электр жарыгы күнүнө болбоду дегенде төрт-беш жолу өчөт. Каржы маселеси кандай? Куржунубуз кандай? Булардын жайында экенине менде ишеним абдан төмөн.
Кайсы бир мамлекетке сапар менен барып калса, ошол мамлекетти көтөрүп, башка мамлекеттерди жерге чапкан саясат болуп жатат. Ошентип акырындап таптакыр ишенимден кетүү коркунучу туулуп жатат.

“Азаттык”: Каржы маселеси демекчи, өткөн жылы сиз күзгө жетпей өкмөт төлөмдөрдү жүргүзө албай, бюджет куржалак болот деп айткан элеңиз. Бирок өкмөт ишин улантып, бардык төлөмдөр аткарылды деп жатат.

Мадумаров: Төлөдүк дегени жакшы. Эмненин эсебинен төлөндү? Киреше алып келип жаткан тармактар кандай кыйынчылыктарга туш болду? Кандай курулуштарды токтотуп коюунун эсебинен төлөндү? Булардын баары чоң маселе

“Азаттык”: Капиталдык салым токтоп калды дейсизби?

Мадумаров: Капиталдык курулуш деген нерсе жоголду. Энергетика тармагында тетиктер эски экен, ошон үчүн өчүрүп жатабыз дешти. А булар кышка катуу даярдык көрдүк, өчүрүү деген болбойт, суук деген болбойт дешкен эле.

“Азаттык”: Демек, бул тармакка каралган каражаттар тартыштыкка байланыштуу такыр бөлүнбөй калганбы?

Мадумаров: Каржы бөлүнбөй калган. Бул биринчиден. Экинчиден, шайлоого көп каражат кетип калган. Эгерде парламент бекем позицияда туруп, бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту укса, ошондо көп маселе чыгат. Кээ бир чоң ишканалардын алдын-ала алты айга салыктарды төлөп коюшу боюнча да маселелер чыгып жатат.

“Азаттык”: Сиз жакында бир интервьюңузда айтыпсыз, “Азаттык” акыйкатты айтпай калды деп. Аны эмне менен негиздейсиз?

Мадумаров: Аны мен эл менен жолугушууда, элден уккан пикир менен негиздеймин. Мурда, мен муну көп айтып келгенмин, тээ тоонун башындагы айылга барсаң да радиосунун аркасына алюминий зымды сайып алып, угуп олтурчу эле. Аксакалы болобу, жаштары болобу саат алтыда, саат тогузда башталат деп, тыптынч отуруп угушчу. Себеп, ошол жерден чындыкты угабыз дешчү. Азыр эми КТРКдан айырмасы жок деген бааны мен эмес, мен жолуккан элдин оозунан угуп жатам.

“Азаттык”: Экинчи жагынан, учурда эркин маалымат каражаттары көбөйүп, ар түрдүү маалыматтар аларда да кетип жатпайбы?

Мадумаров: Ошол эркиндикти сиз кайдан көрүп жатасыз? Биз акчасын төлөп, билдирүүбүздү чыгара албай жатпайбызбы. Биз ушундай абалга туш болуп жатабыз. Сиз же башка өлкөдө жашайсызбы?

“Азаттык”: Былтыркы жылы “Азаттыктан” элүүдөн ашуун жолу чыгыпсыз...

Мадумаров: Былтыр чоң саясий өнөктүккө байланыштуу чыгышыбыз мүмкүн. Ал кезде каалайсыңбы, каалабайсыңбы журналисттер өздөрү артыңан чуркап жүрүп маалымат алган. Бул эми маалымат саясатында болуп келаткан нерсе. Кайсы мамлекетте болбосун ошондой. А бирок биздин Кыргызстанда бир тараптуулук боюнча эч кимди алдыга салбайт. Эркин телеканалдар дейсиз, НБТдан башка каналга өзүңдүн пикириң менен чыга албайсың.
Кадыр-барк, мамлекеттик бийликке болгон сезим, алардын баары тебелендиде калып кетти...


“Азаттык”: Азыркы бийликтин саясатына келсек, ушул кадрлар менен ийгиликке жетише алабызбы?

Мадумаров: Кыргызстанда кадр саясаты деген түшүнүк жок. Менин партиямдасыңбы? “Барасың иштейсиң”. Менин партияма кирбейсиңби? “Демек сен иштебейсиң”. Ушулбу кадр саясаты? Кадр саясаты дегенде ар бир тармакка иш билги, ошол тармактын адиси барса, кадр саясаты жүрүп жатат, кадр өстүрүлүп жатат десе болот. Ошондуктан азыр кадр саясаты бар деп айта албаймын.

Бийликтин кыскартуу багытындагы кээ бир чечимдерин мен колдоймун. Мисалы үчүн, KG номерлердин чакчалекей таралып кетишине мен каршы болгонмун. Ошондо мени жаман көрүшкөн. Кезинде мен төрага болуп турганда айткан элем, ар бир комитетке үчтөн автоунаа калтырабыз, жеке өзү минип жүргөн автоунаа болбойт деп. Мени жакшы көрүштү беле? “Эмне экен эми, болгону ушунча машина экен, ушундан Кыргызстан жарды болуп кетет беле?”- деп мага каршы кыйкырып чыгышпады беле. Өзү ар бир депутатка жеке кызматтык автоунаа берүү Кыргызстандын шартында туура эмес.

“Азаттык”: Ушул парламентти Ак үйгө которгондо абдан көп акча коротулганын кызматкерлер айтып жүрүшөт. Аны которбой эле эски ордунда иштей берсе болот эле дешет.

Мадумаров: Бул амбиция болгон. Эптеп эле Ак үйгө кириш амбициясы. Парламенттин кайсы жерде иштешинин кандай айырмасы бар? Парламенттин ошол жерде өзүнүн тарыхый имараты бар эле. Баары жетиштүү эле.

Тек гана, көрпенделик, “мен ушул Ак үйдү ээлеп алдым, эми ушул жерде отурушум керек, ушул жерде кызмат ордум болуш керек”, - деген. Кеп кайсы жерде отурганыңда эмес, кандай иш аткарып жатканыңда эмеспи.

Орустарда “сакральность власти” деп коёт, кыргыздарда “бийликтин ыйыктыгы” дейт. Ошонун баары тебелеп-тепселенип бүттү. Ак үйдүн ичи азыр Ош базар, же Дордой, Орто-Сай базарындай эле болуп калды.
Кыргызстанга туруктуу саясат керек. Тышкы саясатта туруктуулук керек. Ички саясатта социалдык колдоо жана экономиканы көтөрүү саясаты керек. Саясий экономика менен алек болбой, экономикалык саясат менен алек болуш керек...


Ар бир мамлекеттин өзүнүн ыйык туткан имараты, инсаны, тарыхы же бир белгиси болбосо, бардык нерсенин ашмалтайы чыгып кетет. Азыр эми Ак үйүң эмне, Көк үйүң эмне баары аралашып кетпедиби. Ошондуктан кадыр-барк, мамлекеттик бийликке болгон сезим, алардын баары тебелендиде калып кетти.

“Азаттык”: “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Кыргызстанга кандай саясат, кандай реформа керек деп эсептейт?

Мадумаров: Кыргызстанга туруктуу саясат керек. Тышкы саясатта туруктуулук керек. Ички саясатта социалдык колдоо жана экономиканы көтөрүү саясаты керек. Саясий экономика менен алек болбой, экономикалык саясат менен алек болуш керек. Экөөнүн айырмасы чоң. Экономикабыз мынча пайызга өстү деп дүйнөгө жар салган менен өзүбүздө өндүрүлгөн эт жетпей, сырттан ташып келип жатканыбыз, мына айыл чарбасынын көтөрүлгөнү... Азык-түлүк коопсуздугубузду камсыз кыла албаган агрардык мамлекет болуп калдык, мына экономикабыздын көтөрүлгөнү... Ошондуктан ким кандай баа бербесин, бааны эки көзүң менен көрүп, кулагың менен уккан баа туура баа. Мына ошол реалдуулук.

Кагаз беттериндеги маалыматтарга мен башынан бери ишенбеймин. Эгерде чындыкты билгиң келсе, көчөгө чык, элди аралап жүр. Биз отурган жерден алыс эмес Лев Толстой деген көчө бар. Ошого барсаң жолдун эки бетинде тизилип-тизилип, тепсе темирди үзө турган жигиттер менен кыздар турат. Бир күндө эки жүз сомдук иш сурап жүрөт.

“Азаттык”: Булар сиз жогорку кызматта иштеп турганда деле турган...

Мадумаров: Ооба, мурда деле турган. Бирок өзгөрүп кеттик, экономикабыз өсүп кетти дегенге жооп иретинде айткым келет. Бизде экономика жыйырма жылдан бери өспөй турат. Кайсы бир тармакта кыска мөөнөттүк өсүштөр болушу мүмкүн. Мисалы, курулуш тармагында, же жол курулушунда. Бул убактылуу болгон көрүнүштөр. Өсүштөрдү кармап калсаң гана туруктуулук келди дешке болот. Анан эки айлык, үч айлык сезондук өсүштөр, булар эми убактылуу болгон көрүнүштөр.

“Азаттык”: Президенттик шайлоодон кийин Алмазбек Атамбаев сиздерди реалдуу саясатчы катары атап, сүйлөшөм деген эле. Андан кийин сунуш, сүйлөшүү болдубу?

Мадумаров: Ал киши кайсы жерде, кандай максат менен айтканын билбейт экенмин. Мен шайлоо бүткөндөн бери телефон аркылуу да ал киши менен сүйлөшүп көрө элекмин.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG