Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Мамытов: прокуратура бизге каршы аттанды


“Ата-Журт” фракциясынын акталган үч депутаты Бишкек шаардык сотунун өкүмү боюнча Башкы прокуратура менен Жогорку Сот жең ичинен кызматташып, мыйзамсыз аракеттерди жасап жатышканын билдиришти.

Муну Башкы прокуратура төгүндөдү. Мурдараак Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун өкүмүнө макул эместигин билдирип, Жогорку Сотко көзөмөл сунушун жөнөткөн. Ал эми Свердлов райондук милициясы 17-июндагы сот отурумундагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Ата-Журттун" үч депутатынын акталуусуна каршылык билдирип, Жогорку Сотко кайрылган Башкы прокуратура депутаттарды кайра жоопко тарттыруу үчүн Жогорку Сот жана президенттик аппараттын соттук реформалоо жана мыйзамдуулук бөлүмү менен тымызын кызматташып жатканын үч депутаттын атынан Талант Мамытов маалымат жыйынында билдирди:

- Азыр бардык нерселерди жасап жаткан – Аида Салянова. Ал мыйзамсыз аракеттерин жашырып, актаныш үчүн болгон аракетин жумшап атат. Президенттин аппаратындагы соттук реформалоо жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаева экөө кайсы судьяларды соттук ишке киргизерин чечип жатышат. Башкы прокуратуранын көзөмөл сунушун биздин каршы пикирибизди тиркебестен Жогорку Сотко жеткирип жатышат. Жогорку Сот болсо ишти баштап койуптур. Демейде соттор иш менен бир нече айда таанышып бүтөт, ал эми биздин иш 15 томдон турат.

Үч депутаттын тарапкерлеринин митинги, 25-январь, 2013-жыл
Үч депутаттын тарапкерлеринин митинги, 25-январь, 2013-жыл
Оппозиция өкүлдөрүнүн мындай дооматына Жогорку Сот менен президенттин тиешелүү бөлүмү комментарий бере элек. Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сейитжан Апышев дооматты четке кагып, аны ар бир орган бири биринен көз карандысыз иштей тургандыгы менен негиздеди:

- Баш мыйзамдын негизинде ар бир орган өзүнүн ишин алып барат. Башкы прокуратура Бишкек шаардык соттун чечими тууралуу көзмөл сунуш жиберүү менен өзүнүн позициясын билдирди. Ошол баарын түшүндүрүп турат. Ал эми калгандары – кайсы бир адамдардын жеке пикири. Кандайдыр бир басым (Жогорку Сотко - ред.) болуп жатканы тууралуу бул жерде сөз да болушу мүмкүн эмес.

Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун эркиндикке чыгып, иш орундарына кайтуусун шарттаган Бишкек шаардык сотунун өкүмүнүн айланасында эки маселе турат. Алардын бири - Башкы прокуратуранын шаардык соттун чечимине макул эместигин билдирип, Жогорку Сотко жиберген көзөмөл сунушу.

Башкы прокуратура депутаттардын акталышына эмнеге каршы экенин аталган органдын ага прокурору Илияс Арзымбаев буга чейин “Азаттыкка” билдирген:

- Шаардык прокуратура депутаттар такыр эле кылмыш кылган эмес деп жатпайбы. Бийликти басып алалы деп элдин баарын чакырып, тосмодон өткөнү эмне? Мында такыр кылмыштын курамы жокпу? Аны билиш үчүн юрист болуунун деле кереги жок, кадимки адамга көрүнүп турбайбы. Өзү депутат болуп туруп, 20 адамды ээрчитип, бийликти басып алабыз деп жатса, анда кылмыш жокпу?

Депутаттар Башкы прокуратуранын өтүнүчү экинчи тараптын пикири эске алынбай туруп, Жогорку Сотко берилгенине нааразы. Депутат Мамытовдун айтымында, Жогорку Сот депутаттарга сот иши 16-июлда караларын, кийинчерээк ал кайра белгисиз мөөнөткө жылдырылганын айткан. Мына ушуну жүйө кармаган депутат Мамытов Башкы прокуратура, Жогорку Сот, бийлик жең ичинен кызматташып жатат деп шектенүүдө.

Бишкек шаардык соттун өкүмүнө байланышкан экинчи маселе – 17-июндагы сот отурумунун жүрүшүндө катталган бейбаштык боюнча Свердлов райондук ички иштер бөлүмү 3-июлда козгогон кылмыш иши. Ага сот отурумунда айыпкерлердин тарапкерлеринин сотту дароо бүтүрүүнү талап кылып, судьяларды көздөй желим бөтөлкө, бут кийимдерди ыргытып, чуу салышы негиз берген. Чыр соттун жыйынтыктоочу отурумун 24-июнга жылдыруу тууралуу судьялардын чечиминен улам чыккан. Жаңжалдан кийин соттор ишти улантып, үч депутатты актоо чечимин жарыялады.

Депутат Мамытов маалымат жыйында “эмне үчүн депутаттардын тарапкерлерине каршы кылмыш ишин козголуп, депутаттарды актаган судьяларга басым жасаган “Апрель байрагы”, “Мекен шейиттери” сыяктуу бирикмелердин активисттерине кылмыш иши ачылбайт?” деген суроо койду.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын инспектору Эрнис Осмонбаевдин негиздегенине караганда, судьянын үйүнө жазууларды калтырып кетүү фактысын Сокулук райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат, бирок ал административдик мыйзам бузууга кирет:

- Депутаттардын тарапкерлери сот жүрүп жатканда шаардык соттун дарбазасын бузуп, отурум болуп жаткан жерде судьяларга, прокурорлорго бөтөлкө, тапичке, жада калса кол чатыр менен атышканын баары көрүштү. Ошондуктан Свердлов райондук ички иштер бөлүмү “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал эми депутаттарды актаган судьяларды үйүнө барып коркутканын эч ким көргөн эмес. Судьялар да, алардын жакындары да эч кимди көрүшкөн эмес. Түн ичинде алардын үйүнө “соттор тигиндей, соттор мындай” деген жазууларды жазып кетишкен. Бул дагы майда бейбаштык. Ага да чара көрүлөт.

Оппозициячыл “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов өткөн жылы бийликти басып алууга аракет жасаган деген кине менен 3-октябрдагы нааразылык акциясынан кийин камакка алынган. Биринчи май райондук соту Ташиев менен Жапаровду бир жарым, Мамытовду бир жылга кескен. Шаардык сот 17-июнда бул чечимди жокко чыгарып, депутаттарды актаган.

XS
SM
MD
LG