Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

Мааниси өзгөргөн март ыңкылабы


Ак үйдүн короосуна кирип алган демонстранттар машинелерге өрт коюуда. Бишкек, 24-март, 2005.

Ак үйдүн короосуна кирип алган демонстранттар машинелерге өрт коюуда. Бишкек, 24-март, 2005.

Тогуз жыл мурда Жалал-Абадда башталган элдик толкундоолор 24-мартта Бишкекте Аскар Акаевдин президенттиктен кетүүсү менен аяктап, анын ордуна Курманбек Бакиев келген.

Ал ортодо 2010-жылы кандуу апрель окуясы чыгып, Кыргызстандын соңку тарыхындагы март ыңкылабынын мааниси өзгөрдү.

Март окуясы унутулуп баратабы?

Бүгүн, 24-мартта Жалал-Абадда облустук бийликтин маңдайындагы Эркиндик аянтына чыккан жети аял 2005-жылдын март окуясын эскерди. Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев ушул күнү март революциясына байланыштуу элге кайрылуу жасады. Ушул эки окуяны эске албаганда март ыңкылабы Кыргызстанда эскерилген деле жок.

Тогуз жыл мурда Жалал-Абаддан башталган элдик толкундоолордун активдүү катышуучусу, облустун тургуну Кылычбек Маматаев март окуясы мамлекеттик бийлик тарабынан эскерилбегенине нааразы.

- Өткөндү эстен чыгарбаш керек. Бийлик эл менен бийлик болот, болбосо кайдагы бийлик? Апрель, март деп бөлбөстөн эле ушундай тарыхый окуя болгон деп эскерип коюшса болмок. Анткени аны эл кылган да.


Кылычбек Маматаев март ыңкылабы өз максатына жетпегенин айтып, 2010-жылдагы апрель окуясынан да бийлик сабак алган жок деп эсептейт:

- Биз Акаевдин үй-бүлөлүк саясатына каршы чыкканбыз. Ал өзүн актаган жок. Бирок азыр мамлекетте эмне болуп жатат? Кээде мен март революциясын бекер эле кылган экенбиз деп өкүнүп да кетем.


Атамбаев: Элдин жеңиши уурдалган

Ал эми президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусунда март окуясындагы үмүттөр акталбай калганына басым жасалган. “Элдин жеңиши уурдалды. Бир жексур режим экинчиси менен алмашылып гана калды. Эгерде элдин кызыкчылыгына чыккынчылык жасалбаганда Кыргызстан ошондо эле бутуна бекем туруп, жарандарына татыктуу жашоону камсыздоого жетишмек. 2010-жылдын апрелиндеги жоготуулар, июнундагы трагедия болмок эмес”, - деп айтылат президенттин билдирүүсүндө. Марттагы элдик көтөрүлүш кыргызстандыктардын эркиндикке жана адилеттикке умтулуусун далилдегенине басым жасаган Атамбаев Кыргызстанга жаркын келечек каалады.

Кыргызстандагы бардык революциялардын катышуучусу, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев болсо ыңкылаптар өз максатына толук жетпей келе жатканына токтолду:

- Акыркы 24 жылдын ичинде эки эмес, үч революция болду. Башкача айтканда, 1990, 2005, 2010-жылдардагы элдик революциялар мамлекеттеги зарылдыктан улам келип чыкты. Анткени өзгөрүүнүн мындан башка жолу калбады. Мыйзамдуу шайлоо аркылуу өзгөрүүлөрдү жасоого болбой калган. Ошентип миңдеген адамдар көчөгө чыкты.

Апрель окуясы марттын уландысыбы?

2005-жылы “Кел-Кел” жаштар уюмунун лидери катары саясий айдыңга чыккан Алишер Мамасалиев март окуясы толугу менен максатына жеткен жок деп эсептейт. Бирок ал март окуясы болбогондо парламенттик башкарууга шарт түзгөн 7-апрель дагы болбойт болчу деген ойдо:

- 2005-жылдагы 24-мартты мен дайыма эстеп жүрөм. Ошондо туура кылдыкпы, туура эмес кылдыкпы, ошондо биз революция кылбасак, анда өлкөнүн тарыхый өнүгүү жолу кай тарапка кетмек деп ойлоном. Бирок март революциясындагы түз максатыбызга жетпесек да, бүгүнкү күндө негизги башкаруу системасы өзгөрүп калды. Эгер 2005-жылы революция болбогондо 2010-жылы апрель революциясы болмок эмес деп ойлойм. Менимче, кадам артынан кадам жасалган иштер болду да.

24-март 2012-жылга чейин календарда кызыл болуп белгиленип, эс алуу күн катары саналып келсе, кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алынып салынган. Анын демилгечиси “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов болгон.

- Бул кызыл күн деп эсептелбейт. Анткени актуалдуу эмес. 7-апрелден кийин 24-мартты кызыл кылып койгонубуз туура эмес. 7-апрель дагы кызыл күн эмес, аны да кызыл кылып кереги жок.


7-апрель календарда кызыл болбогону менен апрель курмандыктарын эскерүү күнү катар белгиленет. Тогуз жыл мурда март ыңкылабынын катышуучулары Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, Жогорку Кеңешти кайра шайлоо талабын коюшкан. Бирок талаптар аткарылбай, аймактардан Бишкекти көздөй жүрүш башталып, 24-мартта бийликке Курманбек Бакиев кан төгүүсүз келген. Ал эми беш жылдан кийин апрель окуясында Курманбек Бакиев кызматынан кетүүгө мажбур болуп, элге ок чыгарып, 90дой адам курман болгон. Эки ирет жаз мезгилинде март жана апрел окуяларын башынан өткөргөн Кыргызстанда ошондон бери жыл сайын "дагы жазында эмне болуп кетер экен деп" күткөндөр, корккондор жана жана мындай эңсегендер жок эмес...
Тогуз жыл мурдагы март окуясы тасмада, Бишкек, 24-март, 2005.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG