Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Бишкек жана Ош шаар башчыларынын бошогон ордуна шайлоолор курч атаандаштыкта өтчүдөй.

“Баш калаанын жана Ош шаарынын макамы тууралуу” мыйзамдарга кол коюлуп, күчүнө кирери менен шайлоо он күн ичинде дайындалат. Кыргызстандагы эки ири шаардын башчылыгын ээлөө келечектеги саясий жеңиштер үчүн маанилүү болгондуктан бири-бирине атаандашкан ири саясий күчтөр азыртадан өздөрүнүн талапкерлерин таптай башташты.

Шайлоонун шарттары кандай?

Баш калаа Бишкектин жана Ош шаарынын башчыларынын орду бош калды. Шайлоого чейин Бишкек шаарынын мэрлигинин милдетин аткаруу биринчи вице-мэр Мурат Исмаиловго тапшырылса, Оштун мэрлигинин милдетин аткаруу Алимжан Байгазаковго жүктөлдү.

Учурда “Баш калаанын жана Ош шаарынын макамы тууралуу” мыйзамдар президенттин кол коюусуна даярдалууда. Бирок ал мыйзамда шаардык кеңештерге сунуштала турган талапкерлердин саны жана аларды көрсөтүүдө бирине дагы артыкчылык бербөөнүн тартиби так көрсөтүлбөй калганы буга чейин сынга алынган болчу.

Президенттик аппараттын укук бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов ал мыйзамдар күчүнө кирери менен БШК мэрлердин шайлоосун дайындай турганын айтты:

- Мына ошол мыйзамга ылайык, он күн ичинде БШК мэрлерди шайлоо күнүн дайындайт. Андан жыйырма күн аралыгында депутаттардын шаардык кеңештери мэрлерди шайлайт. Азыркы макулдашылган мыйзам менен мурдагы өз алдынча башкаруу тууралуу мыйзамдын анча деле айырмасы жок. Мында деле фракциялар мэрликке талапкерлерди көрсөтө алышат. Өкмөт башчысы өзү көрсөткөн жана коалициянын ичиндеги фракциялар көрсөткөн талапкерлерди депутаттардын тандоосуна сунуштай алат.

Бийлик Мырзакматовдун тилин таптыбы?

Кыргызстандагы ири эки шаардын башчыларын шайлоо өнөктүгү бийликчил жана оппозициялык күчтөрдүн атаандаштыгын күчөтмөк. Бул жагдай талдоочулардын баамында, камактагы Акматбек Келдибековдун колдоочуларына кошумча болуп, саясий абалды кескин курчутуп жибериши мүмкүн эле. Ошондуктан шайлоого чейин шаар башчылыгынан алып туруу үчүн Мырзакматовго мунасага келүүнүн шарттары сунушталган деген божомолдор айтыла баштады.

Буга чейин анын борбордук бийлик менен болгон карама-каршылыгы коомчулукка белгилүү. Ошондуктан мында мунасанын шарттары же саясий соодалашуунун маңызы эмнеде болгону коомчулукка белгисиз бойдон калды.

Саясат таануучу Руслан Ташанов Мырзакматовдун коомчулуктун бүйүрүн кызыткан өткөн митингдеги сөзүнө карабастан бийлик аны менен тил табышты деп эсептейт:

- Бул жерде Мырзакматов борбордук бийлик менен мунасага келип, бийлик сунуштаган шартка көндү десек болот. Келдибековдун колдоочуларынын өткөн митингинде сүйлөгөн Мырзакматовдун “Ош шаары меники, мен кожоюнмун” деген сыяктуу сөздөрү өлкөнүн биримдигине шек келтире турган көрүнүш катары бааланды. Анан эми мындай жагдайда мунасага келүү шарттары кандай болгону белгисиз. Бирок Мырзакматовдун алдыдагы шайлоого катышууга толук укугу бар. Анын “Улуттар биримдиги” партиясынын 22 мандаты бар. Ошондуктан мунасанын шарттары кандай болгон күндө да анда азырынча саясий салмагын сактап кала турган мүмкүнчүлүктөр бар.

Атаандаштыктын алкагы

Ошол эле кезде парламенттеги “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынын жетекчилери Мырзакматовдун кызматтан кетишине анын саясий катачылыкка жол бергени себеп болду деп айтып чыгышты. Буга чейин Оштун мэрлигине КСДП партиясынан Айтмамат Кадырбаев, “Республика” фракциясынан шаардык кеңешинин депутаты Улан Примов жана буга чейин мэрдин милдетин аткарып келген Мелис Мырзакматов көрсөтүлгөн.

Ош шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын жетекчиси Жапарбек Ормонов Мырзакматовдун кызматтан кетиши алдыдагы шайлоодо саясий атаандаштыкты камсыздайт деген ишенимде:

- Өкмөт башчысы мыйзамдын негизинде жакында өтө турган шайлоого карата мэрдин милдетин аткарып келген Мырзакматовду кызматтан четтетүүгө укугу бар. Бул жагдай Ош шаарынын мэрин шайлоодо ар кандай саясий кызыл кулактык кылуу менен саясий упай топтоо сыяктуу жаман өнөкөттөрдү алдын алат деген ойдомун. Ошондой эле бул шарт бардык саясий күчтөр көрсөткөн талапкерлер үчүн бирдей саясий атаандаштыкты камсыздайт.

Талдоочулардын айтымында, саясий күчтөрдүн арасында Бишкек менен Ош шаарларынын башчылыгын ээлөө алдыдагы шайлоолор үчүн маанилүү. Анткени эксперттер калкы көп шаарлар аркылуу электоралдык күч-кубатты чыңдап алуу факторун четке кагууга болбойт деп эсептешет. Ошондуктан депутат Равшан Жээнбеков президенттин партиясы аталган рычагдарды колдон чыгарбоо үчүн болушунча тырышып жатканына токтолду:

- Бийликти кармап турган президенттин партиясы эч качан саясий атаандаштыкты ачууга жол бербейт. Албетте мэрликке талапкер катары фракциялар көрсөтө беришет. Бирок алардын ичинен өздөрүнө ыңгайлуу жана ишенимдүү талапкерди тандап алып, аны мэрликке өткөрүү бийликтин колундагы эле иш. Ошондуктан мүмкүнчүлүгү болсо дагы аталган шаарлардын башчылыгын оппозиция өкүлдөрү утуп чыга турганына көзүм жетпейт. Анткени таза саясий атаандаштыктан азыркы бийлик коркот.

Ошол эле кезде баш калаанын мэрлигине талапкерлер катары КСДП партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкуловдун, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Кубанычбек Кулматовдун жана башкы “республикачы” Өмүрбек Бабановдун ысымдары атала баштады. Жаңы мыйзам күчүнө кире турган болсо баш калаанын мэрин шайлоо алгачкы жолу альтернативалуу негизде өткөрүлмөкчү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG