Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Маалымат агымынын "маң" кылган кесепети


Кыргыз медиа айдыңында орус тилдүү ММКнын үстөмдүк кылары мурдатан айтылып келген.
Кыргыз медиа айдыңында орус тилдүү ММКнын үстөмдүк кылары мурдатан айтылып келген.

Кыргызстанда белгилүү бир чөйрөдөгү журналисттер жана эксперттер үчүн коомдук аң-сезимге таасир этүү ыкмалары жана ага каршы туруу чаралары боюнча окуулар уюштурулууда.

“Стратегия Восток-Запад” деген аналитикалык борбордун жетекчиси Дмитрий Орлов маалымат айдыңында коомдук аң-сезимге таңууланган үгүт-насаат жана үндөөгө байланышкан маалымат жайылтуу аракеттери күчөгөнүн белгиледи. Мына ушуга байланыштуу коомдо таралып жаткан маалыматтарды иргеп кабыл алуу зарылдыгы айтылды.

Окутуунун зарылдыгы

Соңку мезгилде Кыргызстандын маалымат айдыңы белгилүү бир максаттарга багытталган түрдүү медиа долбоорлордун кучагында калганы белгиленүүдө. Мына ушуга байланыштуу Бишкектеги саясий маркетологдор клубу коомдук аң-сезимди манипуляциялоо жана ага каршы туруу ыкмалары боюнча окууларды өткөрдү. Бул окууларда өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшкөн “Стратегия Восток-Запад” аналитикалык борборунун жетекчиси Дмитрий Орлов маалымат айдыңындагы ал ыкманын табияты тууралуу айтып берди:

Москвадагы мигрант Путиндин сөзүн тыңдоодо.
Москвадагы мигрант Путиндин сөзүн тыңдоодо.

- Коомдук аң-сезимге манипуляция жасоонун максаты – жалган көрүнүштү чындай кылып көргөзүүгө жетишүү. Анан мына ошол болгон чыныгы көрүнүштү өзүнө ыңгайлуу жалган менен алмаштыруу. Акыры ошол эки компоненттердин жардамы аркылуу жетишилген жагдайды колго алып башкаруу. Коомдук аң-сезимге ээлик кылуу үчүн ага манипуляция жасоо болгон жана боло бермекчи.

Улуттук контенттин таасири

Кыргызстанда чоң державалардын геосаясий кызыкчылыгы кесилишкен шартта алардын жергиликтүү коомдук аң-сезимге таасир этүү аракеттери күчөгөн. Мына ушуга байланыштуу Кыргызстанда ачык жана жабык типтеги жаңы медиа долбоорлор ишке киргени белгилүү. Ошол эле кезде өлкөнүн улуттук контенти Кыргызстандын маалымат айдыңында башкалардын көлөкөсүндө калган же аларды көчүрүү менен чектелген абалда экени талкууланып жүрөт. Медиа эксперт Тынчтыкбек Кожобеков сырттан таңууланып таралып жаткан маалыматтарды иргеп алуу зарылдыгын белгиледи:

- Батыштын, Орусиянын, Кытайдын жана башка кошуна мамлекеттердин маалымат саясаты биздин аң-сезимибизге отурукташып алды. Айрыкча Орусиянын маалымат каражаттары биздин ички ишибизге чейин кийлигишип, кеңири сүңгүп киргени өтө коркунучтуу чекке жетти. Буга окшогон көрүнүш көбүнчө шайлоолордун алдында кеңири колдонулуп жүрөт. Анан мына ошол өздөрүнүн таңууланган пропагандасын кеңири жайылтуу менен бизди башкарууда. Ошон үчүн элибизге сырттан таңууланып жаткан маалыматтарды кабыл алууда кайсынысы жалган же кайсынысы чын экенин аңдап биле турган тынымсыз тренингдерди өткөрүү зарылдыгы турат.

Орус тилдүү айрым маалымат каражаттары акыркы кезде макалаларын кыргыз тилине которо баштады.
Орус тилдүү айрым маалымат каражаттары акыркы кезде макалаларын кыргыз тилине которо баштады.

Кыргызстанда чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын таасири күчтүү экени белгиленип жүрөт. Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын телеканалдары Кыргызстандын маалымат айдыңындагы күчтүү оюнчуларга айланган. Мындан сырткары басылмалар, интернет сайттар көпчүлүк учурда Кыргызстандын маалымат коопсуздугуна коркунуч келтирген учурлар катталган. Буга мисал катары 2010-жылдагы июнь окуясында чагымчыл маалыматтарды жайылтуу менен айрым маалымат каражаттары чатакты ырбатууга чейин барган. Бул боюнча депутаттык комиссиянын тиешелүү иликтөөсүндө дагы баяндалган болчу.

Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары Темирбек Жумакадыров маалымат коопсуздугун чыңдоо боюнча атайын концепция кабыл алына турганын айтты:

- Маалымат коопсуздугу маселеси бүгүнкү күндө терең изилденип жатат. Биз бул ишке тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлери менен бирге кесипкөй медиа эксперттерди тартканбыз. Келечекте өлкөбүздүн маалымат коопсуздугун кандай кылып бекемдей алабыз деген суроонун үстүндө жумушчу топ иш алып барууда. Буюрса жаңы жылдан тарта мына ошол иштин жыйынтыгы чыгып калат.

Баш мыйзамда маалымат алуу жана таратуу эркиндиги кепилденген. Бирок саясий өнөктүк күч алган шайлоолордун алдында же кандайдыр бир орчундуу окуялар учурунда коомду дүрбөткөн маалыматтардын таралышын жөнгө салган укуктук база жок. Адистердин айтымында, расмий цензурага алуу менен бурмаланган маалымат таратуунун ортосундагы чекти айырмалоо ченеми ушул күнгө чейин аныктала элек.

XS
SM
MD
LG