Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Жылына адистерди даярдоого мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын жүз миллион сомдон ашууну максатсыз чыгымдалат.

Эсептөө палатасы жарыялаган баяндамага ылайык, бюджеттик бөлүмдөрдөн окуусун таштап кеткендердин айынан мамлекет казынасы миллиондогон сомду жоготуп, бирок ошол эле кезде керектүү адистиктер боюнча кадр даярдоо жагы каралбай калганы белгилүү болду. Буга жогорку окуу жайларына кабыл алуудагы коррупциялык - кландык байланыштардын өрчүп кеткени себеп болгону менен аны ооздуктоого өкмөт азырынча белсене элек.

Асманга чачылган миллиондор

Эсептөө палатасынын изилдөөсүнө караганда жогорку билимдүү дарыгерди даярдоо үчүн мамлекеттик казынадан жылына ар бир студентке 84 миң сомдон сарпталат. Бул деген бюджеттик бөлүмдөрдө окуган медициналык адистиктеги студенттер үчүн мамлекет казынасынан жыл сайын миллиондогон сом акча чыгымдалат дегенди түшүндүрөт. Бул окуу жайынын имаратын жылуулоо жана электр энергиясына кеткен чыгымдарды кошпогондогу сумма. Келишимдик негизде окуу акысы ар бир студентке орточо 45 миң сомду түзүп, чыгымдын жетпегени мамлекет тарабынан компенсацияланат. Эсептөө палатасынын аудитору Өктөмхан Абдуллаева мамлекет чыгымдаган акчанын акыбети кайтпай жатканына токтолду:

Жогорку окуу жайлардын бириндеги абитуриент. 10-июль, 2014-жыл.

Жогорку окуу жайлардын бириндеги абитуриент. 10-июль, 2014-жыл.

- Жылына мамлекет 5200 гранттык орун бөлөт. Ошого жараша бюджеттен дагы каражат каралат. Бирок ошол каражат натыйжалуу пайдаланылбай калууда. Абитуриенттерди тандоонун начардыгынан бюджеттик орундарды өз каалоосу менен таштап кеткен же окуудан чыгарылгандардын көрсөткүчү жогору. Мына ошондон улам, мамлекеттин кадр даярдоого бөлгөн каражатынын элүү пайызга чукулу жоготууга учурап, ысырап болууда. Аны кайра кайтарып ала алабайсың. Биз жакында эле он жогорку окуу жайын текшергенде мына ушундай себептерден улам каржылык жоготуунун көлөмү 12 миллион сомго барабар болду. Мен бул жерде келишимдик негизде окуп, бирок окуусун таштап кеткен балдардын ата-энелери жоготкон акчаны айткан жокмун.

Гранттык орундарды бөлүштүрүүнүн өксүгү

Ошол эле кезде жогорку билимдүү медициналык адистиктер үчүн төрт жүздөн ашуун бюджеттик орун каралган. Анын дээрлик көпчүлүгү Медакадемияда. Мындан сырткары келишимдик негизде акы төлөп окугандардын контингенти өлкө боюнча үч миңге чамалуу. Бирок айыл жерлеринде жана кичи шаарларда дарыгерлердин жетишсиздиги дагы деле курч бойдон калууда. 2014-жылы өлкө боюнча миңден ашуун дарыгер жетишпей турганы жарыяланган. Билим берүү министринин мурдагы орун басары Гүлжигит Сооронкулов мамлекет мына ушул маселени өз колуна ала албай койгонун белгиледи:

- Канча жылдан бери бюджеттин эсебинен окуган бүтүрүүчү мамлекет жөнөткөн тарапка барып, эки жыл иштеп берүүсү керек деп айтылып келет. Бирок бул милдеттенмени көзөмөлдөө жагы ушул күнгө чейин тартипке салынган жок. Мына ошондуктан адистердин жетишсиздиги жөнгө салынбай турат. Мамлекет өзү бөлүп берген акчанын кандайча чыгымдалганын өзү көзөмөлгө алууга тийиш болчу. Тилекке каршы, андай болбой, билим берүүнүн деңгээли жылдан-жылга төмөндөп баратат.

Абитуриент. Бишкек. 2013-жыл

Абитуриент. Бишкек. 2013-жыл

Өлкөдө медициналык адистиктерге сынактар жыл сайын жогору болгону белгилүү. Анткен менен абитуриенттердин арасынан чыныгы жөндөмдүүлөрүн тандоодо маселе бар экени белгиленип келет. Ошол эле кезде улуттук тестирлөөдөн упайы жетпеген абитуриенттерди деле сынактан тышкары окууга кабыл алган фактылар буга чейин ашкере болгон. Жогорку окуу жайлары бюджеттик орундарды жең ичинен соодалаган көрүнүш тенденцияга айланганы маалым. Тестирлөөнүн шарттарына карабастан гранттык орундарды мыйзамсыз бөлүштүргөн коррупциялык схемалар тамырлап кеткени боюнча коомдук уюмдардын атайын изилдөөсүндө да белгиленген. Мындан улам, жогорку окуу жайларын иликтеген убактылуу комиссиянын төрага орун басары Алмазбек Акматалиев бюджеттик орундарды жоюу демилгесин көтөрдү. Мындай демилге абалды жөнгө салууга өбөлгө түзөт дейт ал:

- Өзү негизи азыр мамлекеттин эсебинен миллиондогон акча коротуп, бюджеттин негизинде билим берүүнүн кажети барбы? Мына ушул система кандай пайда берип жатат деген суроо турат. Менимче, бул советтик билим берүү системасынан калган, эч кандай натыйжа бербеген ыкма. Биз ошондуктан бюджеттик орундарды жоюп, бардыгын келишимдик негизде билим берүүгө өткөрүүбүз зарыл. Анан студенттердин арасынан билими жогору жана социалдык жактан аз камсыз болгондоруна мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүү системасын түзүү керек. Мына ошондо көп көйгөйдү чече алабыз.

Жоопкерчиликтин таңкыстыгы

Буга чейин “Азаттык” улуттук тестирлөөдө упайы жетпегендерди Медициналык академияга сынактан сырткары окууга кабыл алууга байланышкан коррупциялык схеманы иликтеген. Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн мамлекеттик гранттык комиссия 2011-жылдан 2013-жылга чейин кандай критерийлер менен иргелгени белгисиз абитуриенттердин тизмесин бекитип, кабыл алууга жөнөтүп турганы ачыкка чыккан. Бул иш 2010-жылдагы апрель, май жана июнь окуяларында кайтыш болгондордун балдарына гранттык орундарды кароо боюнча өкмөттүн токтомуна ылайык жүрүп, бирок тизмеге андай категорияга кирбеген эле абитуриенттердин илинип калганы ашкере болгон. Буга байланыштуу апрелчи-активисттер мурдагы билим берүү министри Садыков менен Медакадемиянын ректору Зурдиновдун жоопкерчилигин кароону өкмөттөн талап кылган.

Дамира Ниязалиева.

Дамира Ниязалиева.

​Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева буга байланыштуу өкмөттөн кошумча иликтөө жүрөрүн билдирди:

- Албетте, биз бул иштин аягына чыгабыз. Азыр биз өкмөттүн алдында бул маселени иликтөө боюнча жумушчу топ түзүп жатабыз. Буга чейин Билим берүү министрлиги комиссия түзүп, өзүнүн деңгээлинде ишин жыйынтыктаган. Бирок анын корутундусу бизге келе элек. Мына ошону дагы карап чыгып, анан кошумча иликтөөдөн кийин бул ишке чекит коюлат. Медакадемиядагы бул маселе менин өзгөчө көзөмөлүмдө турат.

Кыйыша албаган бизнес кызыкчылыктар

Бирок Медакадемияга караштуу гранттык орундарды оңду-солду бөлүштүргөн мурдагы билим берүү министри Канат Садыков менен ректор Зурдиновдун ишмердигине укуктук баа берилет дегенге ишенгендер аз. Анткени буга чейин 2012-жылы Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгы бул фактыларды иликтеп, бирок ишти өндүрүштөн кыскартып койгон. Ага экс-министр Садыков жана ректор Зурдиновдун бийлиги менен бизнеси чырмалышкан ири байланыштарынын таасири тийгени айтылган. Мына ошондуктан арыз түшкөнүнө карабастан парламенттин тиешелүү комитети бул маселени териштирүүгө шаша элек.

Анын себептерин Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова мындайча түшүндүрдү:

- Мына ошол Медакадемияга байланыштуу документтерди мен тиешелүү комитетке өткөрүп берип, маселени күн тартибине коюуну айткам. Бирок комитетте бул маселени кароо ошол боюнча ордунан жылбай турат. Менимче, буга ректор Зурдиновдун Фармакологиялык комитеттин жетекчиси катары дары-дармектерди каттоого алуудагы ишмердиги таасир этүүдө. Анткени парламентте бир катар депутаттардын фармацевтикалык бизнеси бар. Алар Зурдинов менен мына ушул маселе боюнча чатакташууга барып, анын айынан ири киреше алып келген дары-дармектерин сата албай калуудан коркушат. Себеби, дары-дармек ташып келүү бизнеси биздин саясий элитанын эң кирешелүү тармагы.

Анткени Зурдинов Медакадемияда ректор эле эмес, Дары-дармекти көзөмөлдөө департаментинин алдындагы Фармакологиялык комитетти да жетектейт. Премьер-министр Оторбаевдин Медакадемияда иштеген бир тууган бажасы, проректор Нурлан Бримкуловдун жубайы Чолпон Галиева Hoffmann-La Roche фармацевтикалык компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү. Бул швейцариялык компания Кыргызстанга 25 түрлүү медикамент ташыйт. Ошол эле кезде Медакадемияда өкмөт башчысынын апасы профессор Мария Нанаева жана иниси доцент Чагатай Оторбаев иштейт. Мына ошондуктан үй-бүлөлүк катыш жана бизнес кызыкчылыктардын айынан өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Медакадемиядагы коррупциялык схемаларга көз жуумп жатат деген божомолдор орун алууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG