Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

Жогорку Кеңеште мындан ары жол тосуу акциясына чыккандарды жана уюштургандарды он жылга чейин эркинен ажыратууну караган мыйзам долбоору каралууда.

Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн лидерлери тарабынан сунушталган демилгени Жогорку Кеңештин комитети колдоп берди. Кыргызстанда адатта саясий нааразычылык акциялар стратегиялык жолдорду тосуу менен коштолот.

Бир күндүк жол тосуу жүз миң сом айыпка жыгат

Автожолдорду тоскондорго жазаны катаалданткан демилгени Жогорку Кеңештеги «Ар-намыс», «Ата Мекен» жана Социал-демократтар фракциясынын лидерлери Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев жана Чыныбай Турсунбеков сунуштады. Аны парламенттин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети карап, колдоп берди.

Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбековдун билдиришинче, мыйзам долбоору стратегиялык жолдорду тосууга каршы багытталган.

- Стратегиялык жолдорду тоспош керек. Стратегиялык жолдор тосулса, адамдар кылмыш жообуна тартылсын деп сунуш кылып жатабыз. Бул Кыргызстандын келечеги үчүн болгон демилге.

Мыйзам долбоорунда, маселен, 24 саатка чейин автожолдорду тосуп тургандар, же жолду тосуп турууга жардам бергендер административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынат. Башкача айтканда, жөнөкөй адамдарга 3 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 50 миң сом айып пул салынмакчы. Ал эми жолдорду ар кандай каражаттар, техникалар менен тосуп турса, жеке адамдарга 5 миң сом, ал эми юридикалык тараптарга 70 миң сом, жол тосууну уюштурганы үчүн жеке адамдар 10 миң, ал эми юридикалык тараптар болсо 100 миң сом айыпка жыгылат.

24 сааттан ашса...

Ал эми жолду тосуу 24 сааттан ашык убакытка созулса, 1 жылдан 3 жылга чейин соттоп жиберүү каралууда. Жол тосууну уюштургандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Эгер жол тосуудан улам адамдардын ден-соолугуна зыян келе турган болсо, 4 жылдан 6 жылга чейин, ошондой эле тосуу адам өлүмүнө алып келсе, анда 5 жылдан 7 жылга чейин жаза чектөө каралууда. Ал эми курал колдонуу менен жол тоссо, же ар кандай күйүүчү заттарды колдонуп, өрттөсө, мамлекеттик органдардын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, кол көтөрсө, жол тоскондор 8-10 жылга чейин эркинен ажыратылыш мүмкүн.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы, укук коргоочу Азиза Абдрасулова да жол тоскондорду жазалоону туура көрөт:

- Жол тоскондор үчүн жазаны күчөтүү керек болуп калды. Жол тоскондо, албетте жарандар өздөрүнүн талаптарын билдиришет. А бирок башка көптөгөн адамдар да жабыркап калып жатат. Ошол эле убакта эмне үчүн жол тосулуп жатат, кандай проблемалар чечилбей жаткандыгын карап, мамлекеттик бийликтеги адамдардын да жоопкерчилиги каралышы керек. Ошондо бул мыйзам иштеп кете турган мыйзам болмок.

Алайдагы жол тосуу акыркысыбы?

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаты Акматбек Келдибековдун тарапкерлери кечээ жакында эле, Ош - Эркеч-Там жолун бир айга жакын тороп, аны 22-июнда гана ачышты.

Акматбек Келдибековду коргоо комитетинин төрагасы Керим Сарбашевдин оюнча, депутаттардын жаңы демилгеси аша чапкандык.

- Мен буга каршымын. Ар ким акыргы аргасын колдонот экен да. Биз жети ай кайрылып, эч кандай жыйынтык болбогондон кийин гана аргасыз чыктык.

Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобековдун пикиринде болсо, жолду тосууга жазаны күчөтүү менен коалициялык көпчүлүк бийликте узагыраак отурууну көздөп жатат:

- Парламенттеги башкаруучу коалиция лидерлеринин ушундай мыйзам токуп жатканы менимче, бийликти сактап калууга болгон алардын утурумдук аракети. Бул мыйзамды парламентте кабыл алып коюшу мүмкүн. Бирок ал иштеп кетеринен күмөнүм бар.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн аптада Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырган. Өлкө башчысы Аксы районунда сүйлөгөн сөзүндө Алайда Ош - Эркеч-Там жолун тосуп тургандарды катуу сындаган болчу.

- Алайда билесиздер, жол торолуп турат. Сопукоргондуктар жолду 20 күндөн бери жаап турат. Ал эми ошол тараптан келген жүктөрдөн түшчү бажы төлөмдөрү 20 күндө 80 миллион сомго азайды деп жатышат. Мен сиздердин губернаторго азыр келе жатып, алайлыктар Сузактан үйрөндү го деп айттым. Сузак районунан да барпылыктар жолду жапкан. Мен сиздерге Сузак району боюнча бир гана нерсени айтып берейин. Өткөн жылы пенсиялык төлөмдөр үчүн Сузак району 233 миллион сом төлөнгөн. Ошол эле кезде Социалдык фонд тарабынан Сузак районуна пенсия жана жөлөк пул үчүн 1 миллиард 72 миллион сом бөлүнгөн.

Кыргызстанда саясий нааразычылык акциялар стратегиялык жолдорду тосуу менен коштолуп келет. Быйыл бир айга чейин Ош - Эркеч-Там жолу жабылып турса, өткөн жылы да “атажуртчу” депутаттардын бошотулушун талап кылган эл Ош - Бишкек жолун бир канча күн бууп турушкан болчу.

Ошондой эле Кумтөр кенин иштетүүгө каршы болгон Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары былтыр Балыкчы - Каракол жолун тосуп алышкан. Жол тосуу акциялары кыргыз тарыхында акыркы 15 жылдан бери кеңири колдонулуп келе жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG