Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Кыргызстан жана Казакстан мыйзамсыз миграция менен чогуу күрөшөт


Кыргыз-казак чек арасынан ары-бери өткөндөр
Кыргыз-казак чек арасынан ары-бери өткөндөр

Бул тууралуу келишим эки өлкөнүн өкмөттөрү арасында түзүлдү. Ага кыргыз тараптан ИИМдин орун басары Курсан Асанов, ал эми Казакстандан ички иштер министри Калмуханбет Касымов кол коюшту деп жазат inform.kz маалымат порталы.

Тараптардын бекемдөөсү боюнча, келишим мыйзамсыз миграциянын агымын азайтууга өбөлгө боло алат жана Кыргызстан менен Казакстанда мыйзамсыз жүргөндөрдү кармап, мекенине кайтаруу түйшүгүн жеңилдетет.

17-октябрда Кыргызстан жана Казакстандын тышкы иштер министрлери жолугуп, эки өлкөнүн аймагында жарандардын каттоосуз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин узартуу боюнча келишимге кол коюшкан. Буга чейин жарандар беш күнгө чейин гана каттоосуз жүрүүгө уруксат берилген эле.

Аталган келишимди эки өлкө парламенттери ратификациялашы керек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG