Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Кезек Мелис Мырзакматовго келдиби?


Мелис Мырзакматов көпүрө курулушун баштоо салтанатында. Ош, 5-октябрь, 2013.
Мелис Мырзакматов көпүрө курулушун баштоо салтанатында. Ош, 5-октябрь, 2013.

Ошко көпүрө курууда шаардын мурдагы бийлиги өзүм билемдикке жол бергени аныкталып, кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Бул иш Оштогу эстакадалык көпүрө боюнча мурда козголгон кылмыш ишинен мэриянын жетекчилигинин кыймыл-аракетине байланыштуу бөлүнүп алынган фактынын негизинде козголуп отурат. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов бул иш боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Ошол эле кезде оппозиция өкүлдөрү муну борбордук бийликтин Мырзакматовго саясий басым көрсөтүү аракети катары баалашууда.

Саясий басым жасалып жатабы?

Ош шаардык прокуратурасы эстакадалык көпүрө боюнча кылмыш ишинен кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысын өзүнчө бөлүп алды. Буга байланыштуу Ош шаарынынын мэриясынын мурдагы жетекчилигинин жоопкерчилигин караган факты боюнча жаңыдан кылмыш иши ачылды. Тергөө эстакадалык көпүрөнүн техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыга электе эле каржы булагы көрсөтүлбөстөн туруп курулушу башталганын аныктаган. Бирок кылмыш иши факты боюнча козголгондуктан Оштун мурдагы мэринин ысымы иште фигурант катары атала элек.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алманбет Абдраманов мэриянын мурдагы жетекчилигинин өзүм билемдик аракеттерин караган кылмыш белгиси боюнча иш козголгонун тастыктады:

- Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош шаардык мэриясынын жетекчилиги эстакадалык көпүрөнү долбоорлоо жана куруу чечимин өзүм билемдик менен кабыл алганы аныкталды. Көпүрөнүн долбоору коомдук талкууга коюлган эмес жана ал шаардык кеңеш бекитүүсүнө сунушталган эмес. Мына ушундай жол менен Ош шаардык мэриясынын жетекчилиги өзүнүн кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланып, коомчулуктун башын адаштыруу менен көпүрөнүн курулушун эч кандай негиздемесиз эле баштаган. Мунун жыйынтыгында мамлекеттин казынасына ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Буга чейин Ош шаардык прокуратурасы шаардагы эстакадалык көпүрөнү курууда мыйзамсыз тендер өткөрүү жана курулушту мыйзамсыз баштоо боюнча кылмыш ишин иликтеп бүтүп, сотко жөнөткөн болчу. Буга байланыштуу мэриянын капиталдык курулуш жана шаардык жолдор башкармалыктарынын башчыларына үч кылмыш беренеси боюнча айыптары угузулган. Бул негизги кылмыш ишинде Оштун мурдагы мэри Мырзакматов күбө катары өткөн болчу. Эми мына ошондон бөлүнгөн кылмыш фактысы боюнча иште Мырзакматов айыпкер катары суракка чакыртылышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин оппозициялык маанайдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов муну шайлоонун алдында бийликтин саясий басым көрсөтүү аракети катары мүнөздөдү:

- Бийликке кошомат кылбай, анын ишин сындаган саясатчыларды кызматтан алып, аларга кылмыш ишин ачып жатышат. Анан эми Мырзакматовдун эл арасындагы бедели жогору бойдон калып жатканын байкаган бийлик ага эскертүү бергиси келди окшойт. Ошондуктан эми шайлоонун алдында үнүн чыгарбасын деген негизде кылмыш ишин ачып жатат. Анан мына ошол иштин алкагында аны дагы камап коюшу мүмкүн. Бирок бийлик аны аягына чейин камагандан коркот болсо керек. Анткени газы жок, элктр жарыгы өчүп турган Оштун эли дүрт этип көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Бирок ошентсе дагы ага белги берип, эскертип, кылмыш ишин ачып, керек болсо камап койобуз дегендей Мырзакматовду да коркутуп жатышат.

Көпүрөдөн чыккан көйгөй

Ошол эле кезде парламентте эстакадалык көпүрөнүн курулушун Мырзакматовдун популисттик демилгеси жана саясий кызыл кулактык катары баалагандар бар. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев көпүрөнүн курулушу башында эле туура эмес башталган деп эсептейт:

- Бул чоң көпүрөнүн курулушу башынан эле туура эмес болгон. Анткени шаарда толтура көйгөй турганда мына ошондой олчойгон чыгым келтирип, курулушту баштоо зарыл беле? Ошто канчалаган социалдык маселелер турат. Суу түтүктөрү оңдолбой, ысык суу менен муздак суу жетпеген конуштар канча. Ошон үчүн ал өзүн рекламалагандан сырткары элге күйгөн жетекчи болсо курулай эле мактана бербей, мына ошол көйгөйлөрдү чечпейт беле?

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматов мэрликтен кетерден мурун шаардын Алишер Навои көчөсүнө чоң эстакадалык көпүрө куруу демилгесин көтөргөн. Аны долбоорлоого шаардык казынадан каражат бөлүнүп, көпүрөнүн курулушуна марафондо жүздөгөн миң сом акча топтолгону да айтылган. Ош шаарынын бийлиги алмашкан соң баштапкы долбоор жокко чыгарылып, көпүрөнүн курулушу башка долбоор менен уланмай болгон.

XS
SM
MD
LG