Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Андарактагы араздашуунун чоо-жайын парламенттик комиссия иликтөөдө


Андарак айылынын тургундары жаңжалдан кийин, 2011-жылдын 30-декабры.
Андарак айылынын тургундары жаңжалдан кийин, 2011-жылдын 30-декабры.

Лейлектин Андарак айылындагы улуттар аралык чатакты парламенттик жана өкмөттүк комиссиялар иликтөөгө алды.

Өткөн жылдын соңунда - 29-декабрь күнү бул айылда кыргыз жана тажик улутундагы жаштар ортосунда мушташ чыгып, улуттар аралык жаңжалга айланып кете жаздаган. Пикир келишпестиктин келип чыгуу себептерин аныктоо, мындай окуялардын алдын алуу максатында өкмөттүк жана парламенттик комиссиялар 8-январда Андарак айылында болуп, эл менен жолугуп кайтты.

Шайлоо эки элдин ортосуна жик салдыбы?

Андарак – Кыргызстандын түштүк-батышындагы эң четки айыл. Калкын кыргыздар менен тажиктер түзөт. Өткөн жылдын соңундагы чыр үч кыргыз мектеп окуучусун тажик тектүү жаштар (мектеп курагынан өйдө) сабап койгондон чыккан. Бул чырдан тутанган жаңжалда эки сарай өрттөлүп, эки кичи дүкөн талкаланып, дагы эки үйдү өрттөөгө аракет жасалган.

Милиция чырды ырбатпай басууга жетишти.
Милиция чырды ырбатпай басууга жетишти.
Күч кызматтары аталган айылга өз учурунда жетип барып, топтолгон эки улуттун жаштарын бири-бирине жеткирбей тосуп калган. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес. Ошол күндөн бери айылда милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, жергиликтүү тургундардан ыктыярчы топтор да түзүлгөн.

Ошентип бул жаңжалдын себептерин иликтөө максатында түзүлгөн парламенттик жана өкмөттүк комиссиялардын өкүлдөрү айыл калкы менен жолугуп, дооматтарды укту. Эл негизинен айылдагы курулушу токтоп калган «Манас» атындагы орто мектепти бүтүрүү үчүн 12 млн. сом акчаны өкмөттөн тездетип бөлдүрүү, майда чырды күчөтүп, маселенин оорлошуна себепчи болгондорду табуу талаптарын коюшту.

Айылдын тажик тектүү тургуну Тажидин ажы Бобоев буга чейин да жаштар арасында мындай майда чыр-чатактар болуп келгенин, бирок өткөн президенттик шайлоодон тарта эки элдин ортосунда ажырым күчөп отуруп, акыры ушундай окуяга алып келгенин айтат:

- Анча-мынча жаштар арасындагы талаш-тартышпы, же суу талашпы, боло келген мындай майда жаңжалдарды айыл ичинде эле чечип келгенбиз. Турмуштук маселелерде боло берет экен. Ал эми мына бул акыркы болгон чыр президенттик шайлоонун астынан башталды. Эл ар тарапка бөлүнүп калды да...

Андарак дале милициянын күчөтүлгөн көзөмөлүндө.
Андарак дале милициянын күчөтүлгөн көзөмөлүндө.
Лейлек районунун акими Нууман Сайдуллаев болсо Кыргызстандагы ар улуттун диаспораларынын ишин да карап чыгуу керек деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай уюмдар ашкере саясатташып кетти жана жаштар ортосунда боло келген мындай майда мушташтар улуттар аралык маселеге айланбашы керек эле:

- Шайлоо деген шайлоо экен ушундай. Ушинтип жарылууну жараткан кайсыл бир чиновник камалдыбы? Жок. Эл экиге бөлүнүп калды бай жана кембагал болуп. Ачуу чындыкты айтышыбыз керек. Ал эми кичинекей майда талаштар болуп келген. Ал боло берет. Муну улуттук маселе катары көтөрүштүн кереги жок. Ачык сөздү ачык айтыш керек. Өзбекстанда кантип жашап жатышат, туугандардан карап көрүңүздөр. Бизде ушунчалык эркиндик берилген. Мына диаспора дегендер өз милдетинен ашып, саясатташып кетти.


Депутаттык комиссиянын сунушу


Болгон окуяны жайында иликтеп, тез арада жана келечекте чечилчү маселелерди карап, сунуштарын берүү үчүн Жогорку Кеңеш түзгөн депутаттык комиссияны жетектеп келген депутат Төрөбай Зулпукаров айылдагы эки улуттун өкүлдөрү менен да жолугуп, тез арада аткарылчу иштер катары айылга милициянын таяныч бөлүмүн ачуу жана аймакта ички аскерлердин бөлүгүн түзүүнү сунуштады:

- Өзбүбүздүн сунуштарыбызды берип жатабыз. Тез арада чечилчү маселе катары Лейлек районуна ИИМдин аскерлери үчүн бөлүк ачуу жана Андарак айылына милициянын таянычын пунктун түзүүнү сунуштадык. Кийинки аткарылчу иштерди комиссия өз жыйынтыгында дагы көрсөтөт.

Андарактыктар тополоңдон кийин, 2011-жылдын 30-декабры.
Андарактыктар тополоңдон кийин, 2011-жылдын 30-декабры.
Жаңжалдарды алдын алуу боюнча жергиликтүү талдоочу Абдимиталип Ахматжанов ар бир жасаган иш боюнча мыйзамдуу негизде жооп берилээрин, мыйзамдын улуктугун коомчулукка жеткирүү зарылдыгын айтат.

- Митинг, күчкө салып чечмей деген жагдай болуп калды да. Бардык иштер мыйзам чегинде чечилүүгө тийиш. Баары мыйзам алдында жоопту сезиш керек. Коомчулуктун психологиясына мыйзамдуулук жогору экенин калыптандырыш керек.

29-декабрдагы болгон окуя боюнча учурда 5 киши кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Баткен облусунда түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашаган 20 чакты айыл бар. Бул айылдарда да жаштар арасында жаңжал чыгып, мушташа кетмейлер болуп эле турат. Мындай жерлерде турмуштук маселелерди чечүү үчүн жергилктүү бийликтин жаңжалдарды алдын алуу боюнча атайын программасы деле жок.

Эл арасында чын эле мадырабаш балдардын мушташын минтип улуттук маселеге айлантып, элди көтөрбөй мыйзам менен чечсе, чыр баштагандар мыйзамдуу жоопко тартылса, чогула калып тополоң салмайлар токтойт беле дегендер да жок эмес.

XS
SM
MD
LG