Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Муралиев: Саясатта оюндар көп болот


Амангелди Муралиев "Азаттыктын" студиясында, 2011-жылдын июль айы.
Амангелди Муралиев "Азаттыктын" студиясында, 2011-жылдын июль айы.

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев Кыргызстандагы экономикалык реформа, Акаевдин кадрдык саясаттагы амал-айласы, менчиктештирүү, экономиканын азыркы абалы тууралуу ой бөлүштү.

Амангелди Муралиев Кыргызстан Москвадан төбөлсүздүк алгандан тарта 1996-жылга чейин жүргүзүлгөн экономикалык реформанын аталарынын бири. Акаев тушунда премьер-министр, былтыр техникалык өкмөттү да жетектеген.

Кесиби боюнча инженер Муралиев совет доорунда республикадагы ири ишканалардын бирин жектектеген. Азыр “Кыргызалтын” акционердик ишканасынын диекторлор кеңешинин төрагасы.

Тактык, сыйлык жана сыймык...


«Азаттык»: Саат онго сүйлөштүк эле, сиз туура саат онго келдиңиз. Тактык мырзалардын сыпаалыгы дейт, сиз ушундай тактыкка кининекей кезиңизден өзүңүздү үйрөткөнсүзбү, же бүгүн элеби?

Муралиев: Жок, бүгүн эле эмес, мен ар дайым убада берсем сөзүмдү аткарганга аракет кылам. Тактык - бирөөнү урматтоо. Конокко барганда да мен өз убагында барам. Бирок бизде кыргыздар чоюлуп кеч баштайт.

«Азаттык»: Чоң өкмөттүк кызматтарда жүргөнүңүздө ушул сапатыңыз сизге көп кыйынчылык жаратса керек?
Мен комсомолдун илим жана техника жагынан сыйлыгын алгам. Ошол сыйлыкты абдан баалайм. Москвадан ошол сыйлыкты тапшырып атканда, мен өзүмдү инженер катары сездим...


Муралиев: Кыйынчылык жараткан жок. Бирок иш процессин бир системага, өз нугуна салганга жардам берди. Себеби иш планы менен иштесек, мөөнөтү менен маселелерди карасак, мөөнөтү менен жыйынтыгын сурасак иш жүрөт экен.

«Азаттык»: Сиз эң сыймыктанган сыйлыгыңыз кайсы?

Муралиев: Менде анча деле сыйлык жок. Өз убагында оор машина куруучу заводдорду көтөргөм. Бирок анда да сыйлыкка татыктуу болгон жокмун. Анткени Компартиянын жетекчилеринин көпчүлүгү орус калкынан болгон. Темир кесүүчү, машина куруучу заводдордо кыргыздардан мен биринчи жаш директор болгон. Ошондо да көрө албай, өнөр жайда көптөрү сырттан келген орустар болчу. Ошондой саясат түзүлгөн өз убагында.

Мени Москвадан орден, медалдарга көрсөтөт. Бирок бул жердеги БК бөлүмүнөн өтпөй калам дайыма. Анан мага Москвадан телефон чалат эмне үчүн деп, мен айттым, билбейм, балким бул жерде көз караш ушундай болуп атат деп. Мен айта албайм да көрө албастык болуп атат деп.

«Азаттык»: Ошентсе дагы сиз Кыргызстан Ленин комсомол сыйлыгын, өкмөттүн грамоталарын алгансыз. Арасынан кайсынысын эң баалуу деп ойлойсуз?

Муралиев: Мен Кыргызстан комсомол сыйлыгын алган жокмун. Мен Союздун комсомолунун илим жана техника жагынан сыйлыгын алгам. Ошол сыйлыкты абдан баалайм. Себеби анда мен жаш болчумун, Сельмаш заводдо чөптү престеген машина чыгарылчу, менин ошонун жаңы моделине салымым бар. Чөп жыйначу машинелер жагынан менде он чакты патент бар. Өзүнүн поршин деген агрегаты бар, ошого салымым жакшы болчу. Ошон үчүн патентти алгам, Москвадан ошол сыйлыкты тапшырып атканда, мен өзүмдү инженер катары сездим.

«Азаттык»: Ал эми СССРдин ойлоп табуучусу деген наамыңыз да бар. Бул өтө сейрек адамдарга берилчү. Мен ойлочумун, сиз ушул сыйлык менен аябай сыймыктансаңыз керек деп?

Муралиев: Өз убагында мен абдан сыймыктанып жүргөм. Анткени менин ойлоп чыгарган патенттерим иш жүзүнө ашырылган. Анда көп акча төлөнчү эмес. Бирок совет доорунда 300 рубль алгам. Алганда сыймыктанып апама бергем.

«Азаттык»: Батышта сиз эбак миллионер болмок болсоңуз керек эле?

Муралиев: Андай деп деле айта албайм. Бирок Батыш системасында балким мен байып кетет элем.

«Азаттык»: Бүгүн ошолордун кайсылары өндүрүштө пайдаланылат?

Муралиев: Чынын айтканда баары талкаланды окшойт. Анткени бизде машина куруучу тармак жоюлду. Калгандарын пайдаланып атабы, же жокпу, ал боюнча менде маалымат жок.

«Азаттык»: Узак жылдар, чейрек кылымдан ашык убакыт майлуу-сүттүү кызматтарда иштедиңиз. Доллар менен эсептегенде миллионерлердин катарына киресизби, канча байлык топтодуңуз?

Муралиев: Андай деңгээлге жете элекмин. Эл катары жашап жүрөбүз. Дүнүйө бир тыйындан табылат деген сөз бар. Ошон үчүн эмгек кылып жашап атабыз. Менде батир, дача, машинам бар.


Сом кантип кирген?


Биз Кыргызстан рублдин зонасында болгондон кийин аргасыз шок терапия саясатына малынып кеттик. Ошону менен чоң суудай болуп, агымдай болуп агылып бараттык. Айла жоктон өзүбүздүн валютаны киргизиш керек деп ойлодук.


«Азаттык»: 1991-96-жылдары Кыргызстандын экономикасын рынок экономикасына өткөрүүгө сиз түздөн-түз жооптуу адам болгонсуз. Акыркы сөздү албетте президент айтып, премьер-министр макул гана болсо керек эле. Мына ошол кезде улуттук акча киргизилди. Сиз мурда жетектеген Кыргызавтомаш бирикмесине окшогон Кыргызстандын ири завод, фабрикалары, кендери менчиктештирилди, сатылды. Жер менчиктештирилди. Ошол кезде экономиканы башкаруунун модели түзүлдү, туурабы?


Муралиев: Туура, мен муну кичине тактап коёюн. 1991-жылы кыргыздын биринчи өкмөт курамы түзүлдү. Ошондо премьер-министрликке Исанов мырза дайындалды. Мага мамлекеттик катчы деп экономика министрлигин тапшырды. Ошондо союз ыдырап, борбордун башкарылган план системасы да ыдырады. Чынын айтканда, биздин экономикабыз жана башка республикалардын, коңшу мамлекеттердин экономикасы да токтоп калды. Мурун союздун заказдары болчу, ошол заказдарга ылайыктуу материалдык, запас бөлүктүк, комплектациялар берилчү. Бир эле мисалды келтирейин, Сельмаш заводу бир күндө токтоду. Заказ берилсе акчасы да берилет. Ошону менен завод урап кетти. Ошондо биз кайсы жол менен биздин экономиканы көтөрүбүз деп ойлонгонбуз. Орусия биринчиден бааларды коё берди, ошондо шок терапия деген сөз пайда болду. Биз Кыргызстан рублдин зонасында болгондон кийин аргасыз шок терапия саясатына малынып кеттик. Ошону менен чоң суудай болуп, агымдай болуп агылып бараттык. Айла жоктон өзүбүздүн валютаны киргизиш керек деп ойлодук.

Инфляциянын деңгээли 1300 процентке чейин көтөрүлүп кетти, завод, фабрикалар токтоду. Өзүбүздүн валюта жана насыя саясатын өткөрүшүбүз керек деп, банк системасын реформалоого өттүк, баалар бошотулду. Базардын шартына ылайыктуу биз менчикти да киргизгенге аргасыз болуп атканбыз. Совет доорунда Горбачевдун убагында менчик деген сөз кооператив аркылуу киргизилип аткан. Ошол кооперативдер бизге чоң жардам берген. Эркектер заводдордон бошоп калып, жумушсуз калгандан кийин, аялдар соодага кирип, бизге жардам берди. Ушунча элдин колу бошоп, жумушсуздук туулгандан кийин, биринчи маселе экономиканын туура жолун табыш керек, экинчи маселеси, миграция процесстери башталды. Ошондо биз соодага дарбазаны ачтык. Андан кийин колхоз, совхоздор жоюлду. Жер үлүшкө бөлүндү. Ошону менен дыйкандар алек болуп иштеп кетишти.

Биз бир стратегияны издеп жүргөнбүз, кандай жол менен барабыз деп. Дүйнө жүзүндөгү бай ири мамлекеттер базар экономикасынын негизги принциптери менен жашап атат, биз да ошого өтөлү дедик. Карасак, Казакстан, Орусия, Грузия ушул жолду ээлеп калышты. Прибалтика өзүнчө кеткен. Бирок биз эркиндикке да, демократияга да жол ачканбыз. Демек биз демократияны ат сыяктуу арабанын алдына коюп койдук.

«Азаттык»: Кыргыз сомун киргизүү коллективдүү чечилсе керек, бирок бул боюнча биринчи идеяны ким айтты эле?

Муралиев: Приоритет жок, биз кеңешип турганбыз. Себеби инфляцияга каршы кандай күчтөрдү табабыз, кандай токтотобуз деген. Ошондо Аскар Акаев президент болчу, бийликтин баары анын колунда, жоопкерчилик мойнунда болчу. Биз бир команда болдук. Кемел Нанаев Улуттук банкты башкарып турган. Турсунбек Чынгышев премьер-министр, мен каржы менен экономика министрлигин башкарып тургам. Өзүнүн оюн айткан Аскар Акаев болду, ачыгын айтыш керек. Бирок бир топ ири ишканалардын директорлору каршы болгон, буга даярданыш керек деп. Биз даярданалы дедик, бирок мөөнөтүн эч кимге айткан жокпуз.

Менчиктештирүү мээнети


«Азаттык»: Мына ошол жеке менчикке өткөрүлгөн чоң ишканалардын ийгиликтүү иштеп жаткандары азыр кайсылар?

Муралиев: Ийгиликтүү иштегендери аз эле калды. Экономиканын базары бар, ошонун базары бузулган. Азыр болсо Пресподборщик машинасы керек болуп атат. Аны алган дыйкандар азыр бай. Өзүбүздүн базарыбызды табыш керек эле ошондо. Ошону менен алек болуп жүргөнбүз. Бирок Орусияда да реформалар өтүп атты, аларда да, Казакстан, Өзбекстандын экономикасы да олку-солку болуп атты. Азыр иштегендерден мен башкарган “Кыргызавтомаш” иштеп атат. Себеби мен кетээрде радиатор чыгарган ишкананы модернизация кылганбыз, жакшы реконструкция кылганбыз. Ошону менен конкуренттүү болуп кетти. Анткени радиаторлор унааларга арналган. Ал ЗИЛ-130, ГАЗ-53, КамАЗ, УАЗдарга керек болуп калды. “Кыргызавтомашта” 6 миң киши иштечү.

«Азаттык»: Эмне үчүн башка чоң ишканалар иштеп кете алган жок?
Чиновниктерибиз инвестиция беребиз, иштетебиз деген инвесторлорду кайра өз проценттерибизди алабыз деп айнытып коёт.


Муралиев: Кадамжай сурма комбинатын алалы, биздин сурманын сапаты дүйнөлүк жогорку деңгээлде болчу. Ошто губернатор болуп иштеп жүргөндө, сымап, сурма, текстиль комбинаттарына көп көңүл бургам. Жакшы иштеп кармап турганбыз. Сурманын дүйнөлүк баасы төмөндөдү, биздин комбинаттын каражаттары жок, сырьё болбосо комбинат иштебейт, ошону менен токтоду. Анан менчиктештирилди, сатылды. Анан иштеткенге аракет кылышты, иштеген жок. АТФ банкты казактар Якутиядан алып келип иштетти. Бирок комбинат азыр токтоп турат. Дагы бир мисал, Айдаркендеги сымап комбинатынын кендеринин баары алынып, абдан тереңдикте иштеп атат.

«Азаттык»: Сиз Ош облусунда губернатор болуп турганда, Оштогу эң чоң ишканалар, жибек комбинаты, ХБК, же текстиль комбинаты, насос заводу менчикке кетти эле. Бүгүн алар иштебей турат. Эмне себеп болду?

Муралиев: Чынын айтканда, алар дагы акционердик системага айланып кеткен. Насос заводун, текстилди убагында иштетип атканбыз. Жибек комбинатын иштеткенге каражат керек эле. Жибектин сапатын да дүйнөлүк сапатка жеткириш керек эле. Ошол эки проблема чечилбей калды. Анткени инвесторлор табылган жок. Текстилге Жапониядан жаңы линия алып келип коюп, иштетип жардам берип турганбыз. Жаңы кожоюндары келип, комбинат токтоп калды, анткени алардын каражаты жок болуп калды. Насос заводун да жаңы кожоюндары сатып жиберип, ошону менен токтоп калды.

«Азаттык»: Эл аралык ММКларда, коомчулукта чет элдик инветорлор келсе эле чиновниктер көбүрөк пара сурап, ошону менен качырат экен, ошон үчүн келбей атат дейт. Ушул туурабы?

Муралиев: Туура, биздин Кыргызстанда чиновниктерибиз инвестиция беребиз, иштетебиз деген инвесторлорду кайра өз проценттерибизди алабыз деп айнытып коёт.

Кыргыз экономикасынын кыр аркасы кайсы тармак?


«Азаттык»: Сиз экономист, өндүрүшчү катары жакшы билесиз, Германиянын экономикасынын локомитиви деп машина куруучу ишканаларын айтышат. Жапониянын локомотиви деп алдынкы технологияны жана автоунаа жасоочу заводдорун айтышат. Орусияда мунай газы, эсепсиз табигый байлыктары болбосо үчүнчү даражадагы мамлекеттердин конушуна кошулмак эле деп орусиялык экономисттер өздөрү мойнуна алып жүрөт. Ал эми президент Роза Отунбаева энергетика менен кен байлыктарды Кыргызстандын экономикасынын эки канаты деп атады. Бирок бүгүнкү күндө чейин Кыргызстандын экономикасын бурусун тарткан, букадай алга сүйрөгөн бир тармак жок. Ал кайсы тармак болуш керек деп ойлойсуз?

Муралиев: Эң оболу ушул маселени чечиш керек. Азыр биздин элибиздин аң-сезими кыйла өстү, эркиндик бизди абдан байытты десек болот. Бирок эркиндиктин потенциалын биз туура пайдаланбай жатабыз. Базар экономикасынын бир эле принциби бар, жарандарга укуктарды бериш керек жана экономика тарабында шарт түзүп бериш керек, өзү өз колу менен, өз оюу менен бизнести жасаганга. Ага ылайыктуу инфраструктура түзүп бериш керек. Маселен, банк системасын, салык системасын, алардын менчигин коргой турган, укуктарын коргой турган сот системасын түзүп бериш керек. Биз бардык жагынан аксап атабыз. Анткени чиновниктердин бюрократиясы баягы эле совет доорунан калган бюрократияга туш келип атат. Пландык экономика системасында ар бир кадам жазылчу. Мыйзам алсак, төмөн жактагы структуралар ошол мыйзамдын ашмалтайын чыгарып коёт. Ар бир кадамга акча төлөш керек, ошону менен биздин ишкер адамдарыбыздын көпчүлүгү көмүскө түрүндө иштеп атат. Биздин өкмөткө ишенбей жатат. Ушул негизги маселени чечиш керек.
Азыр өкмөт жакшы саясат алып баратат десем туура болбойт. Себеби мугалимдердин, медиктердин, маданиятта иштеген адистердин айлыгын көтөрүп атат. Көтөргөнү элге жагып атат. Бирок экинчи жагы бар, инфляция көтөргөн айлыгын жеп атат.


Экинчиден, инфраструктура климатын да кыйла бузуш керек. Мына, Араб Эмиратын алалы, ал жакта жөнөкөй система бар, бирок инвестицияларды, адам баласынын укуктарын коргоо мыйзамдуулук менен иштелет. Ушул маселелерди чечиш керек. Тармак базардын нугуна жараша болот. Мисалы, Жапония өзүнүн жарандарынын таланттарын көрүп, тарыхта кандай жөндөмдүүлүгү бар экен, ошонун баарын эсептеп, жаңы технологияга көп көңүл бурушкан. Унаанын ошол эле мотору, Германияда, Жапонияда 100 килограммдык мотор 100 аттык күчү болуш керек деп айткан. Ошол жагына элди бурган. Ошондуктан булар алдыда келатышат. Германия өмүр бою металлургия, машина куруучу жагынан алдыда болчу. Улуу Ата Мекендик согуш бүткөндөн кийин Германиядан жаңы технологияларын көчүрүп алып келгенбиз. Азыр деле Орусияда иштеп атат. Бизде да эки завод болгон, азыр эми бизде көрүп атасыз, Германия болсо токтогон жок.

«Азаттык»: Кыргызстан кайсы тармактарга биринчи кезекте көңүл буруш керек?

Муралиев: Биздин элибиз элетте жашайт. Айылда көп жер пайдаланылбай кетти. Балдарыбыздын көпчүлүгү миграцияда жүрөт. Биринчиден, айыл чарба маселесине көңүл буруш керек. Мамлекеттен дотация алыш керек деп айтып атышат, көпчүлүк мамлекеттерде ошондой система бар. Дүйнөдө азык-түлүктүн баалары өсүп атат, дагы өсөт. Муну биздин экономикага пайдалансак болот. Бул жерге инвестицияларды тартыш керек.

Ири кум шекер чыгарган компаниялар бар. Ошолорду алардын технологиясы менен алып келсек. Акыркы кездерде биз жерге химиялык заттарды пайдаланган жокпуз, жерибиз эс алды. Бирок жерибизге суу керек, мээнеткеч дыйкандар керек. Суу менен дыйкандар бар. Бул жерге жаңы технология керек. Бул ири компаниялар бизди базарга чыгарат. Алардын дүйнөнүн бардык жеринде бренди бар, базарды бөлүп алышкан. Аларды алып келиш керек, аларга өзгөчө саясат кылыш керек, салык жагынан кепилдик бериш керек, силердин менчигиңерге эч ким тийбейт, тынч иштей бергиле деп. Ошондо биздин жаштарыбыз талаада, завод, фабрикаларда иштеп өзүбүздө калат. Азык-түлүккө көңүл бурсак, анда республика он жылда байып кетет.

«Азаттык»: Кыргызстан акыркы 15 жылда сырттан алынган кредитти бюджеттик чыгымдарды жапканга жумшап, экономиканы өнүгүүсү үчүн өндүрүштүк базаны түзгөнгө сарптаган жок. Ушунун баары ошондон келип атат. Азыр ушул тажрыйба улануудабы, же өзгөрүп атабы?

Муралиев: Ушул практика азыр уланууда. Азыр өкмөт жакшы саясат алып баратат десем туура болбойт. Себеби мугалимдердин, медиктердин, маданиятта иштеген адистердин айлыгын көтөрүп атат. Көтөргөнү элге жагып атат. Бирок экинчи жагы бар, инфляция көтөргөн айлыгын жеп атат. Базарда бир кг. эт 300 сом. Ушундай шартта өзүбүздүн экономикабыздын потенциалын көтөрбөсөк биз орто жолдо калабыз. Өзүм оокат кылайын деген сөз бар. Ошондуктан ички экономиканы көтөрүш керек.

Азыр өкмөттүн элге түшүнүктүү программасы жок, кандай саясат кылабыз, кантип жумушсуздукту жоёбуз, кантип инвестицияларды тартабыз. Бизге кредит карыз алган оңой эле. Бирок инвесторлорду алып келип, ошолордун акчасын иштетип, алардан салык алып, алар жумуш орундарды түзүп берсе, биздин жаштарыбыз тентип жүрбөгөндөй саясат керек бизге. Эки лидерибиз жакшы болгон жок, стратегияны түзгөн жок, бийликти кармап калалы, 50 жогорку окуу жайын ачып жаштарды бурабыз дегендей болуп калды. Алар байышты, бирөө Москвада, бири Минскиде жашап атат, стартегиясы жок. Акаев жакшы эле баштады эле, жакырчылыкты жоёбуз деген программаны түзүп. Бирок 1-2 жылдан кийин ал кур сөз бойдон калды.

«Азаттык»: Азыр сиз айткан сөздөн мындай нерсе чыгып атат, азыркы, мурдагы өкмөттөрдө экономиканы өнүктүрүүнүн таразалап, иштелип чыккан пландары жок эле, коомчулукка ал жарыяланган жок. Партиялар да айтышты, бизде экономикалык реформанын пландары бар деп, бирок кичине тезистерин жарыялап ошону менен чектелди. Сиз “Слово Кыргызстанага” бир барак экономиканы өнүктүрүүнүн тезистерин жарыяладыңыз. Ушундай планды иштеп чыгуунун зарылдыгы барбы азыр?

Муралиев: План менен иштеш керек. Ар бир бизнесте киреше, чыгаша деген бар да. Бизнес план түзбөсөң кандай иштейсиң. Ал эми пландардын ар кандай типтери бар. Өзбекстанда 90-жылдын көлөмүнө салыштырганда бүгүн үч эсе өскөн жалпы экономикасы. Биз болсо чыга элекпиз. 2000-жылы биздин айыл чарбабыз 90-жылдын деңгээлине чыккан. Анан кайра эле инфляция болуп калды. Жумушсуздук официалдуу түрдө азыр 100 миң киши, бирок баары каттоодон өтпөйт. Жумушсуздук тартипсиздикти туудурат, ошону менен коом бузулат. Жакында туризмди көтөрөбүз деп аракет кылдык эле, Бостериде кичине коогалаң болуп калды...

«Азаттык»: Техникалык өкмөттүн ишин жыйынтыктап жатып, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптын алдында Кыргызстандын экономикасы кризистик абалдан чыгып келаткан эле, кийинки тополоңдор олуттуу чыгаша алып келди деп айттыңыз эле. Азыр абал кайсы жагына кетүүдө?

Муралиев: Азыр маселе биринчиден саясаттын, коомдун туруктуулугунда болуп атат. Коомдо тынч болсо жакшы пайдубал түзүлөт. Акыркы кезде биздин коомдо туруктуулук түзүлбөй жатканы экономикага терс таасирин тийгизип атат. Бул биринчи маселе. Ошон үчүн жаңы бийлик ушул жагына көңүл буруш керек. Алардын кадамдарын карасак, көңүл бурулуп атат. Бирок элде толук ишенич жок бул саясатка, өзгөчө түштүктө болгон коогалаңдан кийин.

Анткени улуттук маселе аябай сезимтал маселе. Ошондуктан ушул жагына көбүрөөк көңүл буруш керек. Биз жогорку деңгээлдеги мамлекет болобуз десек, демократиянын негизги принциптерин кармашыбыз керек. Бул башкы мыйзам сыяктуу болуш керек. Жарандарды тең шарттарын түзүп бериш керек. Андай болбосо биз өнүкпөйбүз. Биздин Манас атабыз кыргыз элин түптөп, кыргыз болгула деп айткан. Бирок кыргыздар менен эле Манас башкарган жерде калмактар да, өзбектер да, кытайлар да, уйгурлар да бир жашаган. Манасты окугандар бир тараптуу эле билбей, экинчи тарабын да ойлош керек.

Акаевдин амалы


«Азаттык»: 2000-жылдын 21-декабры, бул дата сизге эмнени айтат?

Муралиев: 21-декабрда мен отставкада жүргөн киши болчумун.
Акаевдин түбөлүккө президент болом, же үй-бүлөмө түбөлүккө бийликти сактап берем деген пландары болгон...


«Азаттык»: Ошондо президенттик шайлоонун алдында өтө сыпаалык кылып Аскар Акаев менен атаандаштыкка түшкөн жоксуз. Болбосо ошол кезде популярдуу премьер-министр болчусуз. Депутаттар менен ачык каршылашкан эмессиз, же кайсы бир жетекчи саясатчыларды ачык сындаган учурларыңыз да өтө сейрек кездешет. Анан эмне үчүн сизди Аскар Акаев айла-амал менен премьер-министрликке өткөрбөй койду ошондо?

Аскар Акаев, мурдагы президент.
Муралиев: Убакыт өтүп кетти. 98-жылдын ноябрында Кыргызстан кризиске дуушар болду. Бир айдын ичинде сомубуз эки эсе арзандап кетти долларга караганда. Өкмөттү кетиргенге мажбур болду президентибиз. Мен анда Ошто иштеп жүргөм. Жумалиевдин ордуна Ибраимовду алып келди, ал оорукчан болчу, үч ай иштеп тиги дүйнөгө кетти. Анан аргасыз мени чакырган окшойт. Мен макул дедим. Бирок мен Оштун 3 миң жылдыгына даярданып дагы 1-2 жыл иштейин дедим. Анан болуптур мен жардам берейин деп биринчи жылы эле кризисти токтотуп койдук, инфляцияны ордуна - 10 пайыздын деңгээлине коюп койдук. Ички дүң продукциянын темптери өстү, мен кеткенде 105 пайыз болгон.

Мени эмне үчүн кетирди? Балким ал киши мени конкурент сыяктуу, менин ордумду алып алат го деп көрдү. Экинчиден, анын пландары болгон түбөлүккө президент болом деген, же үй-бүлөмө түбөлүккө бийликти сактап берем деген. Үчүнчүдөн, түштүк элине жагынам деп премьерди түштүктөн алам деген ойлору бар болчу деген жыйынтык чыгарса болот. Менин моралддык-нравалык кодексим бар. Мага көп эл келген, сиз чыгыңыз, тиги жакта Бакиевдер иштеп атат, президентке жагынып атат деп. Мен бир жыл иштеп кантип бул кишиге атаандаш болом деп айткам. Күн сайын “Амангелди Муралиевич, мага жардам бериңиз, мен шайланып алайын” деп айтчу. Анан шайланып алып мени менен эки ай катышпай калды. Ошондо дыйкандарыбыз өз карыздарынан акчалай кутулуп аткан, мурда дан менен кутулчу. Мен ойлоп атам, бул Акаевдин саясаты. Акаев италиялык философ Макиавеллинин китептерин көп окучу, бирок андан сабак албай, тескери жасачу. Эгер Макиавеллиден сабак алса, азыр Кыргызстан башка деңгээлде, башка доордо жашайт эле.
Мен Бакиевге сөгүш бергем, начар иштейсиң деп. Ошону пайдаланып Акаев экөөбүздү тирештирип койгон.


«Азаттык»: Сизде эч качан мындай ой болбодубу, же жоро-жолдошторуңуз үлпөтчүлүктө айтышкан жокпу, эгерде ошондо премьерликке бекитилип калсаңыз, 2005-жылы президент болуп калганга толук мүмкүнчүлүк бар эле дешип?

Муралиев: Андай сөздөр болгон. Бирок тилекке каршы, мен анда быша элекмин деп ойлоп жүргөм. Себеби эл башкаруу - бул чоң жоопкерчилик. Аны түшүнбөй башкарабыз дегендер жеңил кишилер, бул маселелерде өзүнүн пайдубалы бар да, ошону түшүнүш керек. Мына Бакиевди көрдүк го. Мен Бакиевге сөгүш бергем, начар иштейсиң деп. Ошону пайдаланып Акаев экөөбүздү тирештирип койгон.

«Азаттык»: Ушундай эле жол менен Аскар Акаев өзүбү, айтор 2004-жылы 30-мартта Жогорку Кеңеш сизди экономикалык өнүгүү министри кылып бекитпей койду. Мунун себеби эмнеден деп ойлойсуз?

Муралиев: Мунун себеби - мага Акаев сабак бериш керек эле. Мага элчилик да сунушталган, бирок менин ата-энем кары болчу. Атам кайтыш болуп кетти, энем бар. Ушуларды карайын деген оюм бар болчу, эч жака барган жокмун. Анан министр, вице премьер-министр болосуң дешти. Анан чоң министрлик куруп мага беришти. Мен ойлодум, бул реабилитация сыяктуу болуп атат. Мен өкмөттүн мүчөсү болуп Акаевге иштебейм да, элге иштейм деп баргам. Анан бир добуш жетпей калып мени өткөрбөй коюшту. Анан мен ойносоңор ойной бергиле, мен депутаттар менен сүйлөшпөйм дедим. Бир аздан кийин өткөрүштү. Саясатта ошондой оюндар көп болот.

Чыгармачылык, достук...


«Азаттык»: Сиз азыр “Кыргызалтындын” директорлор кеңешине мүчөсүз. Муну өкмөт көрсөттү. Өкмөт ушинтип сизди өзүнө лоялдуу мамиледе болсун деген жокпу?
Биздин коомдо майдачылык бар. Ошондуктан мен досторумду коргоп жүрөм. Бизди бат эле душман кылып коюшат...


Муралиев: Ал да бар. Лоялдык деген сөз туура эмес го. Биринчиден, азыр Кыргызстандын идеологиясы, жаңы система түзүү жагынан өзүмө жагымдуу болуп атат. Себеби техникалык өкмөт менен бирге иштештик, Роза Исаковна башкарып турду, Кыргызстандын келечегин ойлоп турдук. “Кыргызалтынга” барганым, ошондо жаңы өкмөт түзүлүп атпадыбы, фракциялар, анан коалиция түзүлдү. Ошол жерден ким кайсы кызматка барат деп өздөрү келишимдин негизинде чечим кабыл алышты. Мага сунуш болбоду, анан мен “Кыргызалтынга” келе бердим. Азыр директорлор кеңешинин төрагасымын. Азыр “Кыргызалтын” оор акыбалда.

Амангелди Муралиев техникалык өкмөттүн жыйынында, 2010-жылдын 14-июлу.
«Азаттык»: Азыр дагы ыр жазып атасызбы, убактыңыз барбы?

Муралиев: Мен дасыккан акын эмесмин, мен көбүрөк экономика тарабында иштеп атам азыр. Жүзгө жакын ырларды даярдап койдум.

«Азаттык»: Дүйнөлүк классикадан кайсы акындардын чыгармалары жагат?

Муралиев: Мага Алыкул Осмонов жагат. Азыр Нанаев жазган “Манас”, “Семетей” деген китебин окуп атам. Азыр убакыт келди “Манасты” кайра карап окубаса, өзүбүздүн көз карашыбыз адашып кетет. “Манасты” терип, ойлонуп окуш керек.

«Азаттык»: Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG