Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:16
Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити Амантур Бекбоевдин “Үчилтик жөн жаткан жок” деген макаласын, саясатчы Азимбек Бекназаровдун “Түлеевдин Бишкекте миллиарддаган баадагы жер тилкелери бар” деген интервьюсун тартуулады.
Гезит “Өкмөттү кетирүү демилгесин көтөрүп чыккан депутаттардын аракети туурабы?” деген суроого айрым жарандардын жообун жарыялады.

Токтогул Какчекеев: Мен жөнөкөй эле нерсени айтайын, салыктан түшкөн 100 процент каражаттын 20 проценти түштүктөн, калган 80 проценти түндүк облустардан түшөт. Ал эми өкмөт болсо түштүк коогалаңынан кыйраган Ош, Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүүгө 300 млн. доллар, 6 млрд. сом, дагы мындан башка канча миллиондорду бөлдү. Мынча акчанын баарын ага ушул өкмөт таап бербегенде ким таап берди? Же ушул өкмөттү кетиребиз деп кыйкырып аткан депутаттар таап бердиби? Өкмөттү кызматтан кетирүүнүн эч кандай зарылдыгы жок,–деп,

Ишенбай Абдуразаков: Эгер өкмөттү кетсин дегендер өкмөт башчы болчу адамды, министр болчуларды элге көрсөтүп, мына ушулар иштей алат десе, анда эл аларды көрүп туруп өз баасын берет эле. Андай болбогондон кийин Бабановдон башка татыктуу адам жопу деп ойлойм,–деп,

Топчубек Тургуналиев: –2005-2010-жылдагы эки революцияда тең элдин бийлиги ошол эле Акаев, Бакиевдин оту менен кирип, күлү менен чыгып жүргөн шылуундар ээлеп алып ошол себептен ушундай болууда. Өкмөттү кетирмек турсун анын ичиндеги айрым адамдарды жоопко тартуу керек,–деп жооп берди.

Саясатчы Азимбек Бекназаров “Фабуланын” жаңы санындагы маегинде: –Эгер Түлеев акталып чыгып кетсе, бул бийлик шерменде болот. Анын Бишкек шаарында эле миллиарддаган баадагы жер тилкелери бар. Бирөөнү эле мисал кылайын: Масалиев жашаган үйдүн жанында чоң курулуш иштерин Түлеев азыр да мыйзамсыз жүргүзүп жатат. Муну эмнеге иликтешпейт же Түлеев өзү иликтейби? Мен болгону жер тилкесин эле айттым. Анын башка байлыгы да толтура,–деп айтты.

“Парламент тараш керекпи же өкмөт отставкага кетиш керекпи?” деген суроо менен бүгүн жарык көргөн “Алиби” гезити да айрым жарандарга суроо салды.
Гезит ошондой эле “Сары-Өзөн Чүй” деп аталган бирикменин кыргыз элине, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуусун басып чыкты. Кайрылууда бирикменин башкы максаты – улут аралык ынтымакты жана биримдикти сактоо экенин, бирикме президент А. Атамбаевдин коррупцияга карыш күрөшүн колдой тургандыгын, андыктан мамлекеттин мүлкүнө кол салган Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер жана чиновниктер мыйзам чегинде жоопко тартылышы керектигин белгиледи.

Кайрылуу катта люстрация тууралуу мыйзам кабыл алуу бышып жеткендигин, 20 жылдын ичинде Чүй облусунда 6 жарым миң гектар айдоо аянты сатылып кеткенин, жер азыр да сатылып жатканын, ошондуктан жерди сатып жаткан чиновниктер жоопко тартылыш керектиги белгиленип, азыркы Жогорку Кеңеш таркатылышы, чек аралардын тезинен такталышы, Кыргызстандын элин бириктирип, түндүк-түштүк деп эл бөлгөндөргө жол бербөө жана дагы ушул өңдүү ой-сунуштар айтылды.

Журналист Болотбек Таштаналиев Монголиянын мурдагы президенти монгол акчасы тугрик менен 25 миллионду жеп койгондугу үчүн төрт жыл түрмөгө кесилсин деген өкүм чыкканын, аны менен кошо мурдагы төрт министри жана бир бизнесмени кошо жоопко тартылып жатканын маалымдап, биздин бийликте дал ушул Монголиядагыдай саясий эрк жетпей жатканын, анткени Кыргызстанда “кеселиби же кеспейлиби?” деп сурап отурбай эле түрмөгө тыгып койо турган мамлекеттик кызматкерлер четтен табыларын айтуу менен качкын эки президент Акаев менен Бакиевди мисалга тартып, бул экөөн камакка алууга азыркы бийликтин батыналбай келатканын жазып чыкты.

Кундуз Байсултанованын Арча-Бешик конушундагы үйүн уурулар тоноп кеткенин, милийсалардын кайдыгерлигин журналист Канышай Мамыркулова “Кылмыш ишин суутпай ачыш керек” деген макаласы аркылуу сөз кылды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG