Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Акыйкатчы Текебаев боюнча Абдил Сегизбаевге кайрылды


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаевге кат жолдоду. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун камакта отурган шартына жана ден соолугуна мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү. Акыйкатчы институту кабарлагандай, Оторбаевдин кайсы убак болбосун камакта отургандардын абалынан кабар алып, алар менен сүйлөшүүгө, абактагы шарттар тууралуу маалымат алууга мыйзамдуу укугу бар.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренесинин негизине Башкы прокуратура иш козгоп, аны УКМК тергеп жатат. Кылмыш ишинин ачылганын "атайын уюштурулган" деп сыпаттаган депутатты коопсуздук комитет 26-февралда таңга жуук Стамбул-Бишкек аба каттамы менен келген учурда камакка алган. Анын баш коргоо чарасын Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн аныктоого тийиш. Атайын кызмат Текебаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновду да кармап 48 саатка камаган. Ал тагылган айыпты четке кагууда.(NT)

XS
SM
MD
LG