Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:50

Кыргызстанда шайланган 34 акимдин ичинде башка улуттун бир да өкүлү жоктугуна жарандык коом лидерлери көңүл бурууда.

Алдыдагы шаар мэрлерин шайлоодо да ушул көрүнүш орун алат деген божомол бар. 100гө чамалаш ар башка улут байырдаган Кыргызстанда аткаруу бийлиги моно улуттуу болуп калабы?

Кыргыз бийликтери ар башка улут өкүлдөрүн башкаруу органдарына аралаштыруу ураанын шайлоолордо көтөрүп жүрүшөт.

Буга чейин министрлер, эми акимдер

Укук коргоочулар жакында өткөн аким шайлоо жыйынтыгында бир да башка улут өкүлү болбогону көп улуттуу Кыргызстандын аброюна доо кетирет деп билдирип жатышат.

Акыйкатчы Турсунбек Акун буга чейин өкмөттүн курамы, эми болсо акимдердин баары бир гана улуттан түзүлүп калганына көңүл бурду:

- Биздин өлкөдө 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Орус, өзбек улутундагылардан киргизип коюшпайбы. Орустардын, өзбектердин, уйурлардын, казактардын жана башка улуттардын арасында билимдүү, мамлекет үчүн иштеп бере тургандары бар. Кыргыздан башка киши жокпу? Бул - адилетсиздик.

Жаңы жылдын алдында коалициялык көпчүлүк тарабынан түзүлгөн өкмөттүн курамы да, тажик улутундагы Равшан Сабировду эске албаганда, бир гана кыргыз улутундагылардын түзүлгөн.

2009-жылдагы эл каттоо боюнча Кыргызстандын калкынын 70 пайызын кыргыздар түзөт. Ал эми өзбектер 14, орустар 7 пайызды, андан башка дунган, уйгур жана башка улуттардын ар бири бир пайыздын тегерегинде.

“Замандаш-Современник” партиясынын тең төрагасы Станислав Епифанцев акыркы кезде күч алган жалган патриотизм жана популизм көп улуттуу мамлекетке жакпаган көрүнүшкө айланып баратканын эске салууда.

- Менимче азыркы учурда кандайдыр бир саясий эрк керек. Бирок өз электоратымды жоготуп алам деп, бардыгы эле бул кадамды жасагандан коркушат. Экинчи жагынан, бул упай алыш үчүн жасалган жалган патриотизм. Мунун баары өлкөнүн адамдык ресурстарынан кол жууп калуусуна алып келет.

2010-жылдагы өлкө түштүгүндөгү улут аралык жаңжалдан кийин бийлик улуттук саясатты тездик менен кайра карай баштады. Президенттик шайлоодо да улут аралык ынтымак ураанына басым жасалган. Бирок иш жүзүнө келгенде биринчи эле шайлоодо бул ураан сөз жүзүндө калгандай.

Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов бул катачылыктарды жоюунун жолун сунуштады.

- Айталы, акимдер бир улуттан болуп калдыбы, келечекте алардын орун басарлыгына, же жооптуу кызматтарга башка улуттардан коюу керек. Бул өтө керектүү нерсе. Көп улуттуу мамлекетте бийлик бутактарына башка улуттардын аралашпай калганы туура эмес.

"Аз улуттар өздөрү да күнөөлүү"

Калкынын басымдуу бөлүгүн өзбектер түзгөн Кара-Суу, же Сузак райондорунда аталган улут өкүлдөрү шайлоого түшкөнү да белгисиз бойдон калды. Анткен менен улуттук азчылыктар өздөрүн коомдук-саясий турмуштан окчун кармап, ага жигердүү аралашпай жатканын да серепчилер көңүл бурууда. “Борбор Азиянын эркин добушу” порталынын редактору, теги өзбек жаран Абдумомун Мамараимов:

- Шайлоодо көпчүлүк деген көпчүлүк, пайызы менен алганда деле көпчүлүк утат. Кыргыздар көп жашаган жерлерде алар утат. Анын үстүнө акыркы кезде улутуна карап добуш берген адатка айланды. Экинчи жагынан, улуттук азчылыктар өздөрү да пассивдүү, шайлоого катышып, "өз өкүлүбүздү шайлап алсак" деген аракеттери байкалбайт. Себеби чочулоо сезимдери бар.

Өкмөттүк өкүлдөр акимге талапкерлерди жеке премьер-министр Өмүрбек Бабанов эмес, жалпы парламенттеги фракциялар сунуштаганын айтууда. Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров:

- Өкмөт башчы партиялар сунуштаган талапкерлерди гана райондук кеңештин кароосуна жөнөткөн. Эмне үчүн талапкерлер бир улуттан же алардын арасында аялдар жок деген суроону ошол партияларга жолдош керек.

Ал эми парламентке шайлоо кыргыздан башка улуттарга квота берген мыйзамга ылайык өтүп, азыр анын курамынын жыйырма пайызын башка улуттун өкүлдөрү түзөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG