Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Гендердик теңчилик боюнча Кыргызстан 81-орунда


Гендердик теңчилик боюнча Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум 144 мамлекет арасында чыгарган рейтингде Кыргызстан 81-орунду ээледи. Изилдөө аялдардын билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономика жана саясат тармагындагы ролу боюнча жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында көп мамлекеттерде гендердик баланс сакталбай келатканы аныкталган.

Постсоветтик өлкөлөрдөн салыштырмалуу жакшы көрсөткүч Латвияда. Бул өлкө 18-тепкичте. Эстония - 22, Литва - 25, Молдова - 26, Беларус- 30, Казакстан – 51, Украина – 69, Орусия – 75, Азербайжан – 86, Тажикстан – 93, Армения – 102-орунда.

Эң мыкты көрсөткүч Исландия, Финляндия жана Норвегияда. Акыркы үч орунда – Сирия, Пакистан жана Йемен. (SE)

XS
SM
MD
LG