Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:00

Президент, өкмөт башчы жана ЖК төрагасынын жакын туугандары жогорку бийликтеги кызматтарга аралуушсуна тыюу салчу мыйзам долбоору сунушталууда.

Бул мыйзам долбоорун "Ата-Журт" фракциясы сунуштап жатат. Бирок ал мыйзам кабыл алынган күндө да иштеп кетишинен күмөн санагандар бар. Буга чейин өлкөдөн качууга аргасыз болгон эки президент мамлекеттик башкарууга эң жакын адамдарын топтогону маалым.

Туугандар бийликтин “туткасы” болбосун деп жатышат

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев аталган мыйзам долбоору буга чейин элдик толкундоолорго алып келген жогорку кызмат адамдарынын үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы багытталгандыгын белгиледи. Фракция башчысы ал кабыл алынса президенттин, өкмөт башчынын жана парламент төрагасынын жакындарына карата чектөөлөр киргизиле тургандыгына токтолду:

- Алардын жакын туугандары кайсы бир мамлекеттик кызматка кийлигишсе, министрге же губернаторго көрсөтмө бере турган болсо алар сөзсүз жазаланышы керек деп мыйзам көрсөтөт. Экинчиден, ошол туугандары жогорку саясий же административдик кызматтарды ээлегенге акысы жок. Андан сырткары мамлекеттин аймагында алардын ири ишкердик жүргүзүүсүнө же кандайдыр бир ишкер чөйрөлөрдүн кызыкчылыгын коргоп чыгуусуна мыйзам тыйуу салат. Ошондой эле аларга мамлекеттик ишканаларды башкарууга жол берилбейт.

Мыйзам долбоорунда аталган жогорку кызмат адамдарынын жакындарына алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ага-инилери жана эже-карындаштары кире тургандыгы көрсөтүлгөн. Эгерде аталган мыйзамдын талаптары бузула турган болсо тиешелүү тараптарга административдик жоопкерчилик каралган.

Непотизм кыргыз кулк-мүнөзүнө кантип сиңген?

Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу мыйзамдын зарылдыгын айтып, бирок анын талаптарын ишке ашыруу кыйын экендигин жокко чыгарбайт:

- Бизде бардыгын ою ошондой. “Эми мына тууган-уруктарды көтөрмөлөйт, дос-жарды кызматка алып келиш керек” деген нерсе аң-сезимге сиңип калган. Бул маселе менен А.Акаев да кыйналды, К.Бакиев да ооруду. Анын аягы барып кайгылуу аяктады. Бирок ага карабастан азыркы бийлик деле ошондой жолго бара койгон учурлары байкала калып жүрөт. Чет өлкөдө жогорку кызмат адамы жакындарын кызматка койгон фактылардын бети ачылып калса, ал токтоосуз кызматтан алынат. Бизде болсо “мынакей ушундай жолго түшүп алдыңар” деп көзгө сайып көргөзсө деле ал адамдар унчукпай олтурушпайбы.

Буга чейин туңгуч президент Аскар Акаевдин жубайы Майрамдын, уулу Айдардын, кызы Берметтин жана күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин улуттук байлыкты кандайча менчиктештиришкендиги тууралуу көп айтылып келди. Андан кийинки мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жана бир туугандарынын жоруктары анын бийлигинин кулашына алып келгендигин мисал келтирип жүрүшөт.

Саясат таанучу Уран Ботобеков мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын аргасыздык катары баалады:

- Акаевде да ушундай болду. Бакиевде да андан ашып түшүштү. Алардын эки уулун тең эч ким мыйзам менен чектеген жок. Анан мына ушундай окуялардан кийин "сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" болуп, ушундай мыйзам долбоорун сунуштап жатышкан тура. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай мыйзам жок. Бирок мына ошондой жолго түшпөш керек экендигин бардыгы жакшы түшүнүшөт. Бул мыйзам кабыл алынса
аткарылабы, жокпу азырынча айтыш кыйын. Бирок ушундай демилгенин өзү ашынып бара жаткан кайсы бир саясий күчтөрдү ооздуктоого түрткү берет.


Аталган мыйзам долбоору жогорку кызмат адамдарынын туугандарынын укуктарын гана чектебестен аларга укуктук жана социалдык кепилдиктерди да карайт. Алардын кол тийбестиги да бекитилип, бирок алар мыйзамдын талаптарын бузган учурда алардын айыбы кандайча каттала тургандыгы көрсөтүлгөн эмес. Мыйзам долбоорунун автору мындай карама-каршылыктарды жоюу боюнча оңдоолор киргизиле тургандыгын белгиледи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG