Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Жаңы өкмөт келатат


Өкмөт башчылыкка талапкер Жантөрө Сатыбалдиев фракция лидерлери менен жолугушууда. 3-сентябрь, 2012.
Өкмөт башчылыкка талапкер Жантөрө Сатыбалдиев фракция лидерлери менен жолугушууда. 3-сентябрь, 2012.

Жогорку Кеңеш премьерликке сунушталган Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдоп, өкмөттүн жаңы курамын бекитти.

5-сентябрда Жогорку Кеңеш узак талкуудан кийин Жантөрө Сатыбалдиевди өкмөт башчылыгына 111 добуш менен бекитти. Анын талапкерлигине болгону эки депутат каршы добуш берди. Парламент аны менен кошо жаңы өкмөттүн курамын да бекитти. Ага ылайык, биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Камила Талиева, министр макамындагы өкмөт аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев болду.

Берилген убада боюнча мурунку өкмөттүн курамы көп өзгөртүлгөн жок. Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов, каржы министри Ольга Лаврова, энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмаматов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев болду. Калган министрлер ордунда калды.

Эми президент жарлыкка кол койгондон тарта жаңы министрлер кабинети иштеп баштайт.

Жаңы түзүлгөн "Ырыс алды - ынтымак" коалициясы премьер-министрликке сунуштаган Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып, өкмөт таза иштеп, экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатып, айлык-акыларды убагында төлөй турганын убада кылды. Ошол эле кезде бул өкмөткө аз сандагы гана адистер кирип, фракциялардын соодалашуусунан турган саясий өкмөт болуп калды дегендер бар.

Эски адамдар - жаңы өкмөт

“Ырыс алды - ынтымак” коалициясы премьер-министрликке сунуштаган Жантөрө Сатыбалдиев 5-сентябрда өкмөт курамын жана программасын парламентке алып чыгып тааныштырды.

Анда белгилүү болгондой, көпчүлүк министрлер өз ордуларында калган. Маселен, экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, ИИМ, ӨКМ, жаштар, эмгек жана жумуштуулук менен камсыз кылуу, маданият жана туризм, унаа жана байланыш, экономика жана монополияга каршы саясат, саламаттыкты сактоо, билим жана илим, юстиция министрлери алмаштырылган эмес.

Мындан тышкары, президент тарабынан дайындалчу коргоо министри жана УКМК жетекчиси да өз ордунда калган. Жантөрө Сатыбалдиев кыш кирип, өлкө экономикалык оңой эмес абалда тургандыктан, өкмөттүн курамын жаңылоого убакыт жоктугун, болбосо айрымдарына өзү да канааттанбасын билдирди.

- Эгерде өкмөт курамына кирген министрлердин жана мекемелердин жетекчилери алдына коюлган милдетти, чарбалык маселелерди, уюштуруучулук иштерди аткара албаса, андай кадрлар менен коштошобуз. Себеби өкмөттүн мойнуна коюлган милдет жана сиздер көрсөтө турган ишеним ошончолук оор жана кечиктирилгис. Ошондуктан өкмөттө илең-салаң иштөөчүлөргө орун жок. Биздин убактыбыз өтө аз. Биздин ураан - иштөө, иштөө жана иштөө.

Алмашкан орундар

Анткен менен болочок өкмөт курамында айрым өзгөрүүлөр да жок эмес. Социал-демократтар вице-премьер-министр Аалы Карашевдин ордуна Тайырбек Сарпашевди сунуш кылган. Ал эми “Ата Мекен” фракциясы коррупциялык аракеттери боюнча кылмыш иши козголуп, кызматынан четтеген социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировду Коомдук каналдын байкоочулар кеңешинин төрагасы, “Супер-инфо” гезитинин ээси Кылычбек Султанов менен алмаштырууда. Өкмөттүн аппарат башына мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы, мурда Алмазбек Атамбаевдин өкмөтүнүн аппаратын жетектеген Нурханбек Момуналиев келмекчи.

Коалициядагы “Ар-намыс” фракциясы гана өкмөттөгү өз министрлерин толугу менен жаңылоо чечимине келишкен. Алар социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекованын ордуна депутат Камила Талиеваны, Акылбек Жапаровдун ордуна каржы министрлигине Ольга Лаврованы жана айыл чарба министрлигине Чыңгыз Узакбаевди сунушташкан.

Мурунку коалициянын мүчөсү, азыр оппозияда калган “Республика” фракциясынан дайындалган энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевдин ордуна анын орун басары Автандил Калмамбетов, тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин ордуна Кыргызстандын Кытайдагы мурдагы элчиси Эрлан Абдылдаев келмекчи.

Программа жана убадалар

Жантөрө Сатыбалдиев өз өкмөтүнүн негизги максаттарына мындайча токтолду.

- Негизги стратегиялык максаттарга токтоло турган болсок, башкы маселе - экономикабызга инвестиция алып келүү. Бул өтө татаал жана өлкөнүн ички туруктуулугу менен түздөн-түз байланышкан маселе. Өлкөдө тартип жана туруктуулук орномоюнча, биз инвесторлорду тарта албайбыз. Себеби биздин өзүбүздүн инвесторлор башкалардын экономикаларын колдоп жатканын сиздер менден жакшы билесиздер. Анткени биз өзүбүзгө өзүбүз ишенбей жатабыз. Өлкөбүздө коомдук тартипти сактоо, коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүү, саясий жана социалдык стабилдүүлүктү сактоо - башкы маселе.

Сатыбалдиев кыш жакындап келатканын, андыктан калкты азык-түлүк жана жылуулук менен камсыздап, айлык-акыларды кечиктирбестен төлөөнү убада кылды. Ал бюджет тартыштыгы 23 млрд. сомдон ашкандыгын, дан эгиндерин жыйноо 206 миң тоннага кыскарганын, айрым салыктар алдын-ала жыйналып алынганын айтып, өлкөдөгү абалды оор деп баалады. Бирок анын баарын чечүүгө өз өкмөтүнүн мүмкүнчүлүгү жетээрин кошумчалады.

Кесипкөй эмес, саясий өкмөтпү?

Ошол эле кезде өкмөт курамы саясий соодалашуунун жыйынтыгы болгонун белгиленүүдө. Саясат талдоочу Марс Сариев “Азаттык” менен маегинде ушундай пикирин айтты.

- Менимче, тизмени карап көрө турган болсок, саясий эле өкмөт болуп калды. Себеби каатчылыктан алып чыгуучу башкаруучулар топторго кирбей калды. Өкмөт курамында сырттан келген каатчылыктан чыгаруучу башкаруучулар жок болуп жатат. Бул консенсус болду. Элиталардын ортосундагы абал ушундай тил табышуу менен чечилди жана бул курам менен өлкөнү каатчылыктан алып чыга албайт го деп ойлоп жатам.

Коомчулукта буга чейин спикер жана президент Cоциал-демократтар партиясынан шайланып, азыр болсо өкмөт башчы да ушул фракциядан сунушталып жатканына сын-пикирлер айтылууда.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев бул бийликти басып алуу эмеспи деп парламент жыйынында суроо койду.

- Ооба, бүгүн күч КСДПда, анын баарын тең биз бүгүн түшүнүп турабыз. Үч бийликти тең алып жатасыңар. Сот да силерде. Анда кандай болуп калат? Анда бул өлкөдө бийликти узурпациялоо болуп калбайбы?

Талдоочулар да бул өкмөт үчүн президент толук жоопкерчиликтүү болорун, ал начар иштесе оболу президент жаман аттыга калаарын белгилешүүдө.

Сунушталып жаткан өкмөт курамы Жогорку Кеңеште колдоо таба турган болсо, ал 2010-жылдагы апрель окуяларынан бери төртүнчү өкмөт болуп калмакчы. Өткөөл президент Роза Отунбаеванын тушунда техникалык өкмөттү Амангелди Муралиев, ал эми парламенттик шайлоодон соң биринчи коалициялык өкмөттү Алмазбек Атамбаев жетектеген. Андан кийинки Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт болсо август айынын акырында “Биримдик” коалиция тараган соң отставкага кеткен. Жаңы өкмөт Кыргызстан эгемендик алгандан берки 24-өкмөт болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG