Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Ким үчүн ким жооп берет?


Кыргызстанда жаңы өкмөт куралууда. Бул өкмөттүн ийгилик-кемчилигине ким жооп берет? Өкмөт башчы менен президентпи же башкаруучу коалициябы?

"Орой көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Токон Мамытов, оппозициялык “Кыргызстанды сактап калуу” кыймылынын лидери Мукар Чолпонбаев жана Бишкек ишкерлер бирикмесинин башчысы Улук Кыдырбаев катышат.

“Азаттык”: Токон мырза, бул өкмөттүн мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн КСДП, бир бөлүгүн “Ар-намыс”, дагы бир бөлүгүн “Ата Мекендин” квотасы менен сунушталды. Ким жоопкерчиликтүү болот бул өкмөткө?

Мамытов: Буга көпчүлүктү түзгөн коалиция жооп берет. Себеби коалиция өкмөт башчылыкка талапкерди сунуштайт. Мындан тышкары өкмөт башчынын сунушу менен өкмөттүн структурасын, курамын карайт.

“Азаттык”: Өкмөт башчылыкка талапкер Жантөрө Сатыбалдиев фракциялар ортосунда кызмат орундарды бөлүштүрүү жана талашууну саясий коррупция атап, коррупцияга каршы күрөштү ушул жактан баштоону сунуштады... Бул карама-каршылыктуу билдирүү. Анткени бир жагынан парламенттик системада квота менен өкмөттүк кызматтар бөлүштүрүлөт. Бул карама-каршылыкты кантип жойо алабыз?

Чолпонбаев: Менин оюмча бул карама-каршылыкты жойо албайбыз. Мурда кандай “паралич” өкмөт болсо, ошондой эле өкмөт түзүлүп жатат.

Талкууну бул жерден угуңуз:

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG