Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Жогорку Кеңеш “Референдум жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулайт


Добуш берүү.
Добуш берүү.

Бүгүнкү жалпы жыйында документ үчүнчү окууда каралат. Аны депутаттар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев, Тынчтык Шайназаров, Алмамбет Шыкмаматов иштеп чыккан. Долбоордо референдум өткөрүүнүн жол-жоболорун учурдагы Баш мыйзамга ылайык келтирүү сунушу камтылган.

Демилгечилер мыйзамды кенен талкуулабай эле, ыкчам кабыл алуу аракети жүрүп жатканын айтып, нааразы болуп келишет. Бийликчил партиялар долбоорду тезинен кабыл алууга чакырышууда.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтүшү мүмкүн. Ага чейин мыйзам үч окууда кабыл алынып, президент кол коюуга тийиш. Мындан мурда парламент аны көпчүлүк добуш менен экинчи окууда колдогон. (NT)

XS
SM
MD
LG