Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Мөөнөтү бүтүп бараткан Жогорку Кеңеш мажирөө жана чачкын оппозициясы менен эсте калды. 4-октябрдагы шайлоодон кийин алардын ордуна келе турган Жогорку Кеңеште туруктуу оппозиция болуп, бийликке каяша айта турган партия барбы?

Мөөнөтү бүтүп бараткан парламентте “Ата-Журт” жана “Республика”фракциялары оппозицияда болуп, КСДП, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” көпчүлүк коалицияны түзгөн. Бул коалициянын өкмөт башчыны жыл сайын алмаштырганы болбосо, өзүнүн курамын туруктуу сактап келди.

Ал эми “Республика” жана “Ата-Журт” оппозиция ролун аткарууда чабалдыгын көрсөттү. Анын өз алдынча бир топ себептери болду деңиз. Маселен, бул фракциялардын лидерлери ар кандай жолдор менен парламенттен, саясаттан четтетилди. Бийликтин аларды бириндетүү жана алсыратуу аракети натыйжалуу болду. Мындай абалда оппозиция ролун кээ бир учурларда “Ата Мекен” аткарып, бийликти сындап турду.

4-октябрдагы шайлоодон кийин “Ар-намыстын” четтеп калганы болбосо парламентке мурунку эле күчтөр келди. Анткени жаңы делген “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын лидерлери Канат Исаев жана Бакыт Төрөбаев эски парламенттин депутаттары болушкан. Булар эски Жогорку Кеңеште бир да жолу оппозициялык көз карашты байкаткан эмес. Жаңы парламентте болсо коалицияга кирүүгө, бийликтин жандоочусу болууга даяр турушат.

“Бир Бол” партиясынан оппозиция күтүүгө болбойт. Анын курамы түрдүү көз караш жана позициядагы адамдар болгондуктан оппозициялык платформа аларды чилдей таркатат.

Ал эми идеялык жактан оппозиция боло ала турган “Ата Мекен” бул ирет аябай эле алсыз. 11 мандат менен “Ата Мекендин” парламентте кандайдыр бир таасир этүү мүмкүнчүлүгү минималдуу болуп калды.

Ал эми барандуу депутаттык мандаты бар “Республика Ата-Журттун” натыйжалуу оппозиция болушу күмөндүү. Камчыбек Ташиевдин мандат алуу укугунан ажыратылышы ал күмөндү ого бетер күчөтөт. Өмүрбек Бабанов болсо биринчиден ишкер, прагматик жана аяр саясатчы. Ошондуктан ал конституциялык реформа сыяктуу ири саясий максаттарын коалицияга кирүү мүмкүнчүлүгү менен алмаштырып жиберүүгө даяр турат.

Саясат таануучу Марс Сариев парламентке өткөн алты партиянын ичинде оппозиция болууга дарамети жетчү партиянын жоктугуна кошулат:

- Оппозиция боло турган партия бар болчу. Бул - “Ата Мекен”. Бирок “Ата Мекенди” элита ичинде тирешүү болуп жатып, четтетип, сүрүп салышты. Анан накта оппозиция жок. Мурда регионалдык күрөш жүрүп жаткан мезгилдеги “Ата-Журттай” оппозиция жок. Менин оюмча, элита ичинде сөз табышпай калса, мына ошондо оппозиция болот. Ал эми идеологиялык жактан оппозиция Кыргызстанда мурдатан бери эле такыр жок. Анткени бизде партиялардын идеологиялык платформасы жок, квазипартиялар.

Саясат талдоочу Талант Эгембердиев парламентке келген алты партиянын ичинде жаңы күчтөр жоктугун белгилейт:

- Жаңы бир демилге, долбоор менен жаңыдан келген оппозиция жок. Ал эми оппозиция өзү ар дайым керек. Ал дайым кемчиликтерди айтып туруш керек. Ал узурпацияга жол бербеш керек. Бизде болсо ким коалицияга кирбесе оппозиция болуп калды. Негизи өзү ал башкача болуш керек эле. Идеологиялык жактан, программалык жактан оппозиция жок.

Саясатчы Эдил Байсалов жаңы келген парламент эски парламенттин үлгүсүндө болот деген чочулоосун билдирет. Анын пикиринде, ага жол бербеш үчүн коалиция кызмат бөлүштүрүү негизинде эмес, программалар негизинде түзүлүш керек:

- Ал кайталанбаш үчүн коалиция келишими кадрлардын тегерегинде, устукандарды бөлүшүү негизинде эмес, өнүккөн парламенттик демократиялардагыдай программанын негизинде болуш керек. Ошонун негизинде сүйлөшүү болуш керек. Бирок андай болбой атат. Буларда азыр кадрдын тегерегинде, ким кимге жакын, ким кимге жагат дегендин негизинде мурдагыдай эле болуп атат. Ошол коркунуч болуп атат.

Эдил Байсалов мындай шартта жасалма оппозиция болуп, алар же сын айта албай өкмөткө мурункудай эле 120 добуш берип каларын кошумчалады.

Кыргызстандын азыркы Конституциясында оппозицияга татыктуу орун берүүгө аракет жасалган. Ал текшерип-көзөмөлдөө укуктары бар борбордук органдарга өкүлдөрүн дайындоого, Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетин жетектөөгө укуктуу.

Шайлоого катышкан 14 партиянын ичинен “Азаттык” демократиялык партиясы азыркы бийликке оппозициялык көз карашын билдирип, чыныгы парламенттик бийлик системасын орнотууга умтуларын билдирген. Бирок ал шайлоодо жеңилип калды. Ал эми президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине каршылыгын билдирген “Эгемен Кыргызстан” партиясы шайлоого катыша алган жок.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG