Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Президенттин аппараты ишкер чөйрөнү бюджет тартыштыгына байланыштуу Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна демөөрчүлүк кылууга чакырды.

Бул чакырыкты Кыргызстандын банктар бирдиги колдоого алган кайрылуу кабыл алып, каржы институттарын бул иш-чаранын чыгымдарын көтөрүүгө үндөдү.

Бирок айрым банктар менен компания өкүлдөрү жыл башында мындай чыгымдар бюджетке кирбей калгандыктан аны төлөп берүү алар үчүн оор болуп жатканын айтышууда.

Президенттик аппараттын чакырыгы

Президенттин аппараты ишкер чөйрөгө кайрылып, быйыл Кыргызстанда өтө турган II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүдөн четте калбай, каржылык демөөрчүлүк көрсөтүүгө чакырды. Бул чакырык негизинен өлкөдө иштеген коммерциялык банктарга, курулуш фирмаларына, тоо кен иштетүүчү компанияларга жана ири киреше таап жаткан башка ишканаларга багытталды.

Кыргызстандын банктар бирдигинин төрагасы Анвар Абдраев Президенттик аппараттын бул демилгесин колдоп чыкты:

- Биз бизнес ассоциация катары өлкөдө мына ушундай ири иш-чара өткөнү жатса колуңардан келишинче жардам берсеңер деп кайрылдык. Анан калса “мамлекеттик бюджеттин абалы да начарлап турган шартта демөөрчүлүк кылып бере аласыңарбы” дегенбиз. Анан ошол эле кезде ДКИБ, KICB сыяктуу ири банктар жардам берүүгө макулдугун билдиришкен. Кыргыздын улуттук ат оюндары дүйнөлүк деңгээлде өткөрүлүп жаткан соң калган банктар да, башка ишкер чөйрө да демөөрчүлүк кылуудан баш тартпайт болсо керек. Анткени бул иш-чарага катышууга канчалаган өлкөлөр келе турганы белгилүү болуп калды.

Чөнтөктү “чөгөргөн” кайрымдуулук

"Көчмөндөр оюнун" өткөрүүгө жалпысынан 2 миллион доллардан ашуун акча каражаты керектелет. Мындай өлчөмдөгү акчаны мамлекеттик бюджеттен табуу кыйын болгондуктан уюштуруу тобу ишкер чөйрөгө жарнак үчүн каржылык колдоо көрсөтүүнү сунуштады.

Көчмөндөр оюнунан бир көрүнүш

Көчмөндөр оюнунан бир көрүнүш

Ишенимдүү булактардын айтымында, “демөөрчүлүк пакеттер” бир нече топко бөлүнгөн. “Премиум демөөрчүлүк” - 500 миң доллар болсо, “Расмий демөөрчүлүк” - 250 миң долларга бааланып, “Жөнөкөй демөөрчүлүк” 100 миң доллардын айланасында болушу мүмкүн. Мындан улам расмий тизмеге кирип, чакыруу алган айрым ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү азыр ойлонуп турган учур.

“Кыргыз концепт” компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев азырынча бул маселе боюнча бир чечимге келе электигин айтты:

- Биз үчүн бул маселе күтүүсүз болуп калды. Ошондуктан бул күтүүсүз жана пландаштырылбаган иш болгондуктан буга аяр мамиледе болуп жатабыз. Акчасын бере элекпиз. Берели деген оюбуз да жок эле. Анткени биздин ички бюджетибизде андай акча каралбагандыктан азыр чечим кабыл алына элек. Аны үстүнө бизде азыр тышкы аудит өткөргөнгө даярданып, тышкы акционерлерди чакырып жатабыз. Ошондуктан бул бизге оор жана узакка созулган процедура болуп кетет. Каалоо болгон учурда да бул маселени биз терең ойлонушубуз керек.

Көчмөндөр оюнунан бир көрүнүш

Көчмөндөр оюнунан бир көрүнүш

Учурда демөөрчүлүктөн чогултула турган акчанын жалпы өлчөмү канча болору жана аны чыгымдоонун толук сметасы расмий түрдө ачык жарыялана элек. Эгерде “Кумтөр”, “Казакмыс” сыяктуу ири тоо-кен компаниялары баш болгон демөөрчүлөрдүн эле каржылык колдоосу 500 миң долларга барабар болуп жатса, анда калган топтолгон каражат каякка жумшалат деген суроо кабыргасынан коюлуп турган чагы.

Ошол эле кезде ишкер чөйрө өкүлдөрү бийлик “ыктыярдуу-мажбурлоочу” таасир көрсөтүү “аспабы” аркылуу акча чогултуу өнөктүгүн күчөтүп жатканы туурасында тымызын нааразылыгын айткан учурлар бар.

Уюштурууну колго алган өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев “мажбурлоо жолу менен акча чогултулуп жатат” деген шек саноолорго негиз жок деп эсептейт:

- Биз көчмөндөр оюнун өткөрүү боюнча бир нече демөөрчүлүк пакеттерди иштеп чыгып, аны ишке ашырууга киришкени турабыз. Анын суммасы 25, 50, 75 жана 100 пайыз деп бөлүнөт. Демөөрчүлүктүн өлчөмү ар бир компаниянын мүмкүнчүлүгүнө жараша сүйлөшүлөт. Азыр ар кайсы компаниядан кайрылуулар болуп жатат. Ошол компаниялардын өздөрүнүн суранычы боюнча демөөрчүлүккө берилген акчанын суммасы айтылбайт. Негизи эле ар бир компания PR жана маркетинг иштерине акча бөлүп, чыгымдоону пландаштырат. Биз ошондо каралган сумманы эле көчмөндөр оюну менен байланыштырып, каржылык колдоо көрсөтүүнү суранып жатабыз. Бирөөнү мажбурлоо болушу мүмкүн эмес. Бул эми ишкер чөйрөнүн өзүнүн кызыкчылыгындагы иш. Алар эл аралык көчмөндөр оюну аркылуу өздөрүн жарнамалай турган эң уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлүп турганын өздөрү деле билген үчүн бизге кайрылып жатышат да.

Быйыл сентябрь айында президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен Ысык-Көлдүн жээгинде түрк тилдүү өлкөлөрдүн II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү чечими кабыл алынган болчу.

"Орто жолдон кайсы шайтан азгырды?"

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин төрагасынын мурдагы орун басары, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгечилеринин бири Адахан Мадумаров оюндарды өткөрүү эрежеси бузулганын “Азаттыкка” билдирди.

"Азаттык": "Көчмөндөр оюнун" өткөрүү тууралуу чечим кайсы бир документтер, уставдын негизинде кабыл алынды да? Ошондо оюн өткөрүү тартиби, аймагы кандай чечилген?

Адахан Мадумаров

Адахан Мадумаров

Адахан Мадумаров: Маселе так чечилген. Бирок быйыл оюнду өткөрүүнү Кыргызстан бир тараптуу эле чечти. Андайга барбаш керек эле. Биз келишип, кол койгон кагазда мамлекеттер ар эки жылда кезектешип өткөрүү жагы каралган. Өзүм билемдик менен Кыргызстандын чечим кабыл алып койгону мен үчүн түшүнүксүз. Өнөктөш өлкөлөрдү сыйлаш керек болчу.

"Азаттык": Бул эми көчмөндөрдүн атын таанытыш үчүн уюштурулган да. Эмне үчүн башка мамлекеттер унчукпайт? Оюнду бизде өткөрүүнү талашып жатып алдык деген элеңер. Эмнеге кайра талашкандар жок?

Адахан Мадумаров: Биздин чечим боюнча 2016-жылы оюндар Түркияда өтмөк. Ал төрт мамлекеттин катышуусунда расмий чечилген. 2018-жылы Азербайжанда, 2020-жылы Казакстанда өткөрөбүз деп чечим кабыл алгандан кийин орто жолдо бирөө чыгып бузуп салганы туура эмес. Биз өткөрөбүз деп келишимди бузганда унчукпай макул болот да, жөн гана бойкот кылып коёт.

"Азаттык": Силер жазган эрежелерде эгер келишим аткарылбаса кандайдыр чаралар көрүлгөнбү?

Адахан Мадумаров: Андай иш оюбузга да келген эмес. Цивилизациялуу коомдо орто жолдон бирөө чыга калып, биз өткөрөбүз деген акылга да сыйбай турган нерсе.

"Азаттык": Каржы жагы кандай чечилди эле? Орток бюджет түшүнүгү жокпу? Кыргызстан азыр каржы сурап ишкерлерге кайрылып жатпайбы?

Адахан Мадумаров: Аэропорттон аэропортко чейин түшүнүк бар. Оюнду өткөргөн мамлекет каржылайт. Эгерде кимдир бирөө демилге көтөрүп, кошумча көмөк көрсөткүсү келсе каршылык жок. Орток бюджет боюнча сөз болгон. Кыргыз мамлекети көчмөн маданиятынын борбору деп аталган. Буга бардык мамлекеттер кол койгон. Анан эле орто жолдон кайсы шайтан азгырды, кыскасы шерт бузулуп кетти? Азыр Маданият министрлиги, парламент, президент баары өзү билем болуп жатпайбы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG