Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

“Ата Мекен”: Айтылган сөз мандаттан улуу турат


“Ата Мекен” партиясынын саясий кеңеши өз мүчөсү Эркинбек Алымбековдун депутаттык мандатын тапшыруусуна байланыштуу билдирүү таратты. Анда Алымбеков мандатын элдин алкоосуна татуу үчүн эмес, Кумтөр ишканасы боюнча келишимдин кабыл алынуусуна каршылык иретинде тапшырганы айтылат. Билдирүү ээлери премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөттүн Кумтөр алтын кенин канадалык “Центерра голд” ишканасы менен 50/50 пайыздык үлүштө иштетүү тууралуу келишимине Эркинбек Алымбеков башынан каршы чыкканын, ал Кыргызстандын үлүшү 67% болушу керек деген позициясында бекем турганын баса белгилешет.
Ошондой эле билдирүүдө Эркинбек Алымбековдун Кумтөр алтын кенин Кыргызстандын пайдасы үчүн иштетүүгө жасаган аракеттери саналып, ал депутаттык мандатынан чыныгы атуулдук намысы менен баш тартканы айтылат.

Эркинбек Алымбеков “Ата Мекен” партиясынан парламентке депутат болуп 2010-жылкы шайлоодон кийин келген. Ал Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча өкмөттүн келишимине нааразылык иретинде депутаттык мандатынан баш тартып, арыз берген. БШК анын арызын 7-февралда канааттандырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG