Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Эркин Алымбеков 54 жашында жүрөгү кармап күтүүсүз жерден дүйнө салды.

Парламенттин үчүнчү жана бешинчи чакырылышынын депутаты Алымбеков 2010-жылы Баш мыйзамды өзгөртүүгө активдүү аралашкан. 2014-жылы Жогорку Кеңештин Кумтөр боюнча чечимине нааразы болуп депутаттык мандаттан өз эрки менен баш тарткан. Алымбеков ушул күндөрү Конституцияны өзгөртүүгө ачык каршылык билдирип жаткан эле.

Эркин Алымбеков сөзүнө туруп, 2014-жылы депутаттык мандаттан өз эрки менен баш тарткан саналуу саясатчылардын бири катары коомчулуктун эсинде калган эле. 2014-жылдын башында Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" үлүшүн 67 пайызга жеткирүү демилгеси ишке ашпай калган. Парламент өкмөттүн үлүшү теңме-тең бөлүшкөн шартта биргелешкен ишкана куруу сунушун колдоп бергенде Эркин Алымбеков буга каршы чыгып мандатын тапшырып кетип калган. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө ал муну турмуштук позициясы менен түшүндүргөн болчу:

- 1988-жылы Свердлов райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы болуп турганда Коммунисттик партиянын саясатына каршы чыгып, мындай саясат жакында жок болгонго алып келет деп кызматты өз эрким менен таштап кеткем. Мандатты жумуштан качып, кыйынчылыктан тайсалдап тапшырган жокмун. Депутаттарга “эгер ушул чечимди кабыл алсаңар мен мандатты тапшырам, кабыл алган келишим элге кыянатчылык кылган келишим, мындай парламентте отурбайм” деп муну саясий эреже, курал катары колдонуп күрөштүм.

Эркин Алымбеков 1983-жылы Москвадагы Башкаруу институтун аяктаган. Кесиби боюнча курулушту жана шаар чарбасын башкарууну уюштуруучу. Эмгек жолун Айыл чарба министрлигинде, Фрунзедеги бут кийим ишканасында экономист болуп иштөө менен баштаган. 1988-жылы Свердлов райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалган.

Биздин “Ата Мекен” партиясынын идеологу Эркин Алымбеков эле. Бакиевдин режимине каршы күрөшүп жүрдүк, 2010-жылдагы революцияда дагы ал алдыңкы катарда жүрдү.

Кыргызстан эгемендик алганда бизнеске келген жана 1990 -1992-жылдары Чакан бизнес ассоциациясынын менеджери, 1992-1994-жылдары “Азия инвест” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болгон.

1994 -1999-жылдары “Кыргызстандын бүтүндүгү” партиясынын аткаруучу комитетинин төрагасы, ошол эле учурда Көз карандысыз юристтер бирикмесинин башчысы болуп иштеген. 1999 - 2000-жылдары кыска мөөнөткө өкмөттүн аппаратында корпоративдик башкаруу секторун жетектеп кеткен.

2002 - 2004-жылдары “Борборазиялык отун-суу компаниясынын” башкармалыгын төрагасы болгон. 2005-жылга чейин бир жыл “Каракол” коомдук фондунун президенти өңдүү кызматтарда жүргөн.

Алымбеков чоң саясатка 2005-жылы келген. Ошол жылкы парламенттик шайлоодо “Каракол” шайлоо округунан шайланып, спикердин орун басары болуп турган.

Эркин Алымбеков экинчи жолу депутат болуп 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен шайланып келген. Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары комитетин жетектеген.

“Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыктагы” маегинде менен Эркин Алымбековдун тааныштыгы 2005-жылы парламентте башталганын эскерди. Демократия үчүн, ошол кездеги бийликке каршы идеологиянын айланасында биригишкен белгиледи:

- Тарыхый оомал-төкмөл заманда, революция болгон маалда таанышканбыз. Ал кезде ар бир депутат өзүнүн позициясын ачык так айта турган кырдаал көп болгон. Эркин өзүнүн чечкиндүүлүгү, принципиалдуулугу менен, кырдаалга туура баа бере билгени менен, дүйнө таанымы менен башкалардан айырмаланып турган. Конституциялык реформа, демократия үчүн чогуу күрөшүп жүрүп партиялаш болуп калганыбыз табигый түрдө болду. Партияда да төраганын орун басары болуп турду. Биздин “Ата Мекен” партиясынын идеологу Эркин Алымбеков эле. Бакиевдин режимине каршы күрөшүп жүрдүк, 2010-жылдагы революцияда дагы ал алдыңкы катарда жүрдү.

2010-жылдагы Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү: Өмүрбек Текебаев, Эркин Алымбеков жана Медербек Алиев.

2010-жылдагы Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү: Өмүрбек Текебаев, Эркин Алымбеков жана Медербек Алиев.

Эркин Алымбеков 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн тушунда Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон жана азыркы Баш мыйзамды жазууга активдүү аралашкан. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков Алымбеков өлкө үчүн өтө маанилүү маселелерде ар дайым алдыда жүргөнүн белгиледи:

- Эркин Алымбеков тынч маалда Кыргызстанда көп көрүнбөгөн, мүмкүн көп билинбеген саясатчы болуп калар эле. Бирок мамлекеттик башына оор күндөр түшкөндө, мамлекетте кандайдыр бир актуалдуу маселелер көтөрүлгөндө, маанилүү маселелерге реакция жасаш керек болгондо дайыма эң алдыдагы көрүнүктүү адам, көрүнүктүү саясатчы, көрүнүктүү жаран катары чыга келер эле. Мен Эркин Алымбековду ар дайым оор күндөрдө, кыйын убактарда алдыда жүргөн саясатчы катары билем.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев болсо Эркин Алымбековдун адамдык сапаттарына токтолду:

- Көңүлү ачык, аябай жайдары жигит болчу. Ишке катуу берилет эле, четте туруп калчу эмес, баарын түз айтчу. Эң башкысы өтө билимдүү, сабаттуу болчу.

Эркин Алымбеков ушул күндөрү Баш мыйзамды өзгөртүүгө активдүү каршылык көрсөтүп жүргөн. Коомдук талкууларга тынбай катышып, өз позициясын коргоп келген. “Азаттыкка” берген маегинде Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин азыркы бийликтин өз бийлигин сактап калуу амалы деп сыпаттаган эле:

- Адам укуктарына багытталган Конституциянын жоболорун жоюп, олигархтык-кландык топтор гибриддик технологиялар менен дагы эле Акаев, Бакиев учурундагы авторитардык-коррупциялык схемаларды сактап калуу аракети деп түшүнөм. Мен ошондуктан каршымын.

Алымбековдун 24-августта Бишкекте Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулаган учурдагы сөзү:​

Эркин Алымбеков 1961-жылдын 5-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган. Анын артында төрт баласы калды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG