Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:16

Акыркы күндөрдөгү өкмөттүк кызмат орундарга дайындоолор жана бошотуулар мурдатан келе жаткан талкууга дагы жем таштады.

Мамлекеттик кызмат орундарына даярдоо, тандоо, дайындоо маселеси кандай жүрүүдө, парламенттеги фракциялык, партиялык принциптер менен кызматтарды бөлүштүрүү эмне үчүн өзүн актабады, ушул жана башка суроолор “Арай көз, чарай” берүүбүздө талкууланды.

Ага Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алманбет Матубраимов катышты.

“Азаттык”: Алманбет мырза, сиз совет заманында, эгемендүү Кыргызстанда да жетекчи кызматтарда жүрдүңүз, кадр саясатына аралашкансыз. Парламенттик башкарууга бараткан Кыргызстандагы бүгүнкү кадр даярдоо, тандоо, дайындоо саясатын кандай баалайсыз?

Алманбет Матубраимов: Советтер Союзунун учурунда кадрларды ар тараптан даярдоо болгон, андан кийин дайындашкан. Кадр саясатында Кыргызстанда кызык нерселер болуп жатат. Баарыбыз көрүп жатабыз, парламенттик башкаруу, фракциялар деп жатабыз. Тилекке каршы, парламенттик башкаруунун жыты да жок. Парламенттик башкаруу болгон жерде бийлик толугу менен парламентке өтүп, бардык чектөөлөр аларда болуш керек болчу. Бизде аралаш бийлик болбош керек. Кадр тандоого келгенде биз президентке ыктап, аны жарга такап жатабыз, ал туура эмес. Кадр саясаты болсо фракциялар аркылуу чечилүүдө, бирок даярдыгы жок жетекчилер келүүдө. Жогорку Кеңешке келгенде өзүнө караштуу, өзүнүн партиясына кирген же шайлоо учурунда жардам берген деген критерийлер менен кызматка коюп жатышат. Андай болбош керек. Бизде бардык бийлик бутактарынын укуктары бар. Бирок, Конституцияда алардын милдети, жоопкерчиликтери толук жазылган эмес. Акыркы 25 жылдан бери канча өкмөт алмашты, бири да жооп берген жок.

“Азаттык”: Азыркы талкууга алынып жаткан Конституцияга ылайык министрлерди, акимдерди өкмөт башчысы өзү дайындайт деп жүрөт. Мурдагыдай эле жеке кишинин дайындоосу фракциялык көз карандылыктан кутултабы?

Алманбет Матубраимов: Облустук жетекчини, райондук акимди дайындоону премьер-министрге бергенде да эч нерсе чечилбейт. Себеби, бюджет Жогорку Кеңештен бекитилет. Эгер облустук, райондук деңгээлде бюджети жок болсо кандай иш кылат? Премьер-министрге жетекчилерди дайындоодон сырткары бюджетти жөндөө укугун да толук бергенде гана иш алга жылат. Болбосо, натыйжа чыкпайт.

Өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрү.

Өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрү.

“Азаттык”: Искендер мырза, 2010-жылдан бери мамлекеттик кызматтарга фракциялык кызыкчылыктар менен бөлүштүрүү болгону коомчулуктун сынына кабылып келет. Анткени мындай пикирлердин болушуна партиялар жөнөткөн кадрлар көп жерде ишеничти акташкан жок, уят болуп иштей албагандар көп болду дешет, ушуга кошуласызбы?

Искендер Матраимов: Бүгүнкү күнү кадрлардын үстүнөн толук иштеп жатабыз. Саясий кызматтарды, министрликтерди партиялар бөлүштүрүп алганы бешинчи чакырылышта болгон. Себеби, партиялык системага жаңы өткөндө айыл өкмөттөн баштап, министрге чейин өзүбүздүн партиядан болсун дегендер болду. Алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңеште үч эле партиянын кадрлары болбосо, калганынын баарын премьер-министр өзү эле чечип жатат.

“Азаттык”: Партиялык кызыкчылыктар менен дайындалса да кайсы бир принциптер болуш керек го?

Искендер Матраимов: Бүгүнкү күнү ортоңку жана төмөнкү бардык мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо конкурс аркылуу гана болуп жатат. Жогорку министрлик кызматтарды өкмөт өзү чечип жатат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү.

“Азаттык”: Азыркы Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын үлүшү менен көп мырза-айымдар орто жана жогорку кызматтарга отуруп, министр, элчи да болуп дайындалышты эле. Акыркы күндөрдө “атамекенчи” бир топ жетекчилер ээрден шыпырылгандарын фракция лидери расмий бийликке оппозициялык маанайда болгону менен байланыштырып жатышат. Сиздин пикир кандай?

Искендер Матраимов: Менин угушумча “Ата Мекенден” деп айтылган Социалдык өнүгүү министри болуп иштеген Базарбаев өз арызы менен иштен кетти. Калган “Ата Мекенге” тиешелүү кадрларды “андай экен, мындай экен” деп интернеттен окуп калып жатам. Кээде, жумуштан бошоп калгандардын көбүн эле “Ата Мекендин” кадры экен деп ойлоп алгандар болууда. Анын кайсы партиянын мүчөсү экендигин тактабай эле саясат кылып жатышат. Ошондуктан мен “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү болгондуктан жумуштан бошотуп жатат дегенге кошулбайм. Мына, Юстиция министрлигиндеги айымдын эмне себептен кызматтан бошогондугу толук жазылды.

“Азаттык”: Алманбет мырза, акыркы күндөрү Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн өкүлүн дайындоо көп талкууну жаратты. Азыр жаштар келсин деп жатышат, жетекчи болгон мырза кырктын кырына келип иштей турган мезгили экен, эки жыл муниципалдык кызматта иштептир, эмне үчүн ишенбөөчүлүк көп болду деп ойлойсуз?

Алманбет Матубраимов: Бир эле Жалал-Абад эмес, Ош, Ысык-Көл облустарынын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэрин алалычы. Кимдин кандай өмүр баяны, басып өткөн жолу бар экендигин салыштырып көрүңүздөр, ачык жазылып турат. Бизде кадрларды системалуу түрдө даярдоо, тандоо, өстүрүү деген жок.

Талкуунун толук вариантын видеодон көрө аласыз:

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG