Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Кара-Балтадагы мунай завод токтоду


Кара-Балтадагы мунай завод. 9-сентябрь, 2013-жыл.
Кара-Балтадагы мунай завод. 9-сентябрь, 2013-жыл.

Буга заводду сыноо максатында ишке киргизген учурда экологиялык зыяндын чектен ашкандыгы башкы себеп болгон.

Аталган мунай завод кытайлык инвесторлор тарабынан өткөн жылы курулуп, аны ишке киргизүү бир нече ирет артка жылдырылып келген.

Жергиликтүү элдин бир бөлүгү анын иштешине каршы болуп, маал-маалы менен митинг уюштуруп келет.

Мунайды кайра иштетүүчү “Жунда" заводу былтыр сентябрда ачылып, жыл акырында толук кубаттуулукта продукция өндүрүүнү баштайт деп убада кылынган. Бирок завод бүгүн да ишке кире элек. 17-февралда Кара-Балта шаарынын тургундары нааразычылык акциясын уюштуруп, ага катышкан “Ата-Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев абалды текшертүүгө убада берген.

- Кара-Балта шаарынын тургундары гана эмес, жакынкы айылдарда жашаган адамдар да түтүн жана жыт чыгып, кыйналгандыгын, оорукчан адамдардын абалы кескин начарлаганын айтып, даттанып жатышат. Ошон үчүн парламенттик комиссия, мындан тышкары өкмөттөр аралык комиссия түзүлдү. Алар иликтеп, зыян технологиялык же долбоордогу кемчиликтерден улам болуп жатабы, же чийки заттын курамынан болуп жатабы, аныктап чыгышы керек.

Мунай завод 17-январда сыноо максатында ишке киргизилген. Бирок шаардын экологиясын булгай баштаганда он күндөн кийин ишти токтотууга аргасыз болушкан. Адистер чоң заводдор алгачкы жолу ишке кирип, калыбына келгенче сөзсүз бийик добуш жана жыт чыгып, аба булганышы мүмкүн экенин белгилешүүдө. Экономика министрлигинин түндүк аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев ушундай пикирде:

- Заводду 27-январдан бери токтотуп коюп, кемчиликтердин баарын тең кайра карап жатышат. Шаймандардын баарын тууралап, бураш керек экен. Эми мындай завод Кыргызстанда биринчи жолу курулду. Анын ар бир агрегаты бар экен ишке киргенден кийин улам тууралай турган. Алгачкы сыноо мезгилинде ушунун баарын тууралап, ордуна келтирет да.

Ал эми өкмөттүн 18-февралда маалымдашынча, ишкананын айланасындагы талаштар толук такталмайынча завод ишке кирбейт. “Жунда” компаниясынын президентинин кеңешчиси Шатман Ботоев заводдун айланасындагы маселени саясатка айлантуу аракеттери болуп жатат деген ойдо:

- Биздин экологиялык стандарт “Евро-3”. Экологиялык жана техникалык инспекция көзөмөлдөгөн. Мисалы, үйдө деле мешти биринчи жолу жакканда кара түтүн чыгат эмеспи. Завод деле ошондой. Кече да митинг болуп, эл келди. Бизди саясатка аралаштыргылары келип жатат го деп ойлоп калдык.

Бирок буга кошулбаган “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев заводдогу кемчиликтер жоюлмайынча, анын ишке киришине каршы. Ал да 17-февралдагы митингге катышкан.

- Элдин нааразы болуп, чыгып жатканы туура. Анткени 100 пайыз проблема бар. Кара-Балта, Жайыл райондорунун тургундарына келтирилген зыянды ким төлөп берет?

Бирок заводдун жетекчилиги жергиликтүү элдин бир бөлүгү менен заводго жакын үйлөргө байланыштуу да тил табыша албай келет. Шаардын тургундары заводго жакын үйлөрдү “Жунда” ишканасы сатып алышы керек деп талап кылса, ишкана аларды тургундар өтө кымбат баалап жатканы үчүн сатып алуудан баш тартууда. Эми өкмөттүк комиссия ушул маселелерди да чечиши керек.

"Чайна Петроль Компани” тарабынан курулган бул мунай завод ишке кирсе, мамлекетке 5 миллиард сомго чейин салык түшүп, жүздөгөн адамдар иш менен камсыз болору айтылган.

XS
SM
MD
LG