Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Акыйкатчынын укугу талаш жаратты


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев.
Акыйкатчы Бакыт Аманбаев.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо кыймылы акыйкатчынын баяндамасына парламенттин баа берүү укугунун Баш мыйзамга шайкештигин көтөрүп, Конституциялык палатага кайрылды.

"Жогорку Кеңештин Адам укугу комитети акыйкатчынын баяндамасын жактырбоо боюнча корутунду чыгарган. Эми бул маселе палатанын кароосуна коюлса, акыйкатчынын тагдыры чечилет" дейт аталган комитеттин төрага орун басары Абдыманап Кутушев. Укук коргоочулар акыйкатчы көз каранды эмес болушу керек деген жүйө менен парламент анын баяндамасына баа берүүгө акысы жок деп эсептешет.

Баш мыйзам кепилдеген укуктар

“Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо кыймылы парламенттин Акыйкатчынын баяндамасына баа берүү укугун чечмелөө үчүн Конституциялык палатага кайрылды. Тиешелүү мыйзамда Жогорку Кеңешке акыйкатчынын баяндамасын кабыл алуу же четке кагуу укугу ыйгарылган. Баяндама жактырылбай калса акыйкатчыны кызматынан кетирүү демилгеси көтөрүлүшү мүмкүн. Укук коргоочулар мыйзамдын ал талабы Конституциянын 74-беренесине каршы келет деп эсептешет.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова
акыйкатчынын конституциялык укуктары мыйзамда көрсөтүлбөй калганын белгиледи:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.
- Баш мыйзамда акыйкатчы көз каранды эмес институт катары көрсөтүлгөн. Бирок чыныгы турмушта андай эмес да. Акыйкатчы кенен-кесир иштей албай парламентке көз каранды. Отчету жакпай калса парламент каалаган учурда кызматынан алып коюшу мүмкүн. Акыйкатчыны шайлоонун жана алуунун шарттары башкача болушу керек. Акыйкатчы коркпой иштей турган шарт түзүлүшү зарыл.

Баш мыйзамдын 74-беренесинде акыйкатчы жыл сайын өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча Жогорку Кеңешке маалымат берет деп көрсөтүлгөн. Депутаттар өлкөнүн башкы укук коргоочусунун баяндамасын угат. Ал эми ага кандайдыр бир баа берүүгө парламенттин укугу жок дешет укук коргоочулар.

Айырмачылыктын арасы

Бирок парламенттин Адам укугу комитети мурда палатада угулган акыйкатчынын баяндамасын жактырбоо боюнча корутунду чыгарган. Жогорку Кеңештин Адам укугу, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүшү комитетинин төрага орун басары Абдыманап Кутушев акыйкатчынын парламентке көз карандылыгы мыйзамда каралган деп билдирди:

- Комитеттин талкуусунан кийин добуштар экиге бөлүнүп, баяндама жактырылбасын деген корутунду өтүп кетти. Ошол корутунду палатанын кароосуна коюлат. Мыйзамда эгерде баяндама жактырылбаса, анда акыйкатчынын ыйгарым укуктары токтотулат деп жазылган. Мурдагы Баш мыйзамда Акыйкатчы институту бир кыйла көз каранды эмес болчу. Азыркы
Баш мыйзам боюнча ал парламенттен көз каранды.


Басым көрсөтүүнүн баасы

Буга чейин акыйкатчы Бакыт Аманбаев өз баяндамасында өлкөдө адам укугунун сакталышы жана кыйноолор боюнча прокуратура органдарын сындаган болчу. Ошондой эле оппозициянын 10-апрелдеги митингине карата бийликтин мамилесин сындап чыккан эле. Акыйкатчынын мындай өз алдынчалыгы
парламенттеги бийлик партиясында ага карата ишенбөөчүлүктү жаратты.
Жогорку Кеңештин Адам укугун коргоо комитети акыйкатчынын докладын жактырбоо коркунучун чыгарды.
Жогорку Кеңештин Адам укугун коргоо комитети акыйкатчынын докладын жактырбоо коркунучун чыгарды.
Акыйкатчы Бакыт Аманбаев ага карата басым жасоо жүрүп жатканына токтолду:

- Мен акыйкатчы катары Жогорку Кеңеште маалымат бердим. Тилекке каршы ал маалымат көп депутаттарга жаккан жок. Айрыкча КСДП фракциясынан шайланган депутаттар ачык эле каршы чыгып, “эмнеге сындап, биздин партиянын атын атап жатасың” дешип, менин баяндама баа берүү маселесин кароону комитетке жөнөттү. Тилекке каршы, акыйкатчы айткан фактылар боюнча парламент токтом кабыл алыштын ордуна кайра мага асыла башташты.

Конституциялык палата акыйкатчы менен Жогорку Кеңештин ортосундагы мамилени жөнгө салчу жагдайларды өзүнүн өндүрүшүнө алды. Эгерде акыйкатчынын Конституцияда каралган укугу корголсо, анда ал тууралуу мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар жокко чыгарылышы мүмкүн. БУУнун адам укугу боюнча комиссарлыгы Париж принциби боюнча акыйкатчынын көз каранды эместигин кеңейтүү демилгесин көтөргөн болчу.

XS
SM
MD
LG